Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:43

Укук коргоочулар соңку кездери 15-17 жаштагы секелектерди ала качкан учурлар арбын кездешип жатканына коңгуроо кагышууда.

Иликтөөлөргө караганда, Кыргызстанда жыл сайын он миңдин тегерегинде ала качуу фактылары катталып, алардын дээрлик жарымы өз эркине каршы никеге турушат. Мындан улам эл аралык, бейөкмөт уюмдар ала качууга каршы ишти күчөтүү зарылдыгын белгилеп келишет.

Жашы жете элек кыздарды ала качуу көбөйдү

Кыргызстанда былтыр Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизилген. Ага ылайык, кыз ала качкандар 7-10 жыл жоопкерчиликке тартылышы керек. Укук коргоочулар бул мыйзам иштебей жатканын айтып, сот, тартип коргоо органдарынын кайдыгер мамилесин сынга алышууда.

Ала качуу боюнча аудио баянды бул жерден угуңуз



Топ балдар кыздарды ой-боюна койбой ала качып келип, ак жоолук, сары май көтөрүп чуркаган аялдардын, керек болсо босогого жата калган энелердин колуна салып берген учуру өлкөбүздүн ар бир айылында кездешет. Эл аралык Freedom House уюмунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда жыл сайын он миңдин тегерегинде ала качуу фактылары катталат экен. Жергиликтүү укук коргоо уюмдары өздөрүнүн иликтөөсүнө таянып, кыздардын 30-50 пайызы ала качуу аркылуу турмушка чыгышарын айтышууда.
Күйөөм ала качып алган, боюмдагы балага карабай ура берчү. Эшикке чыгып келсе деле менден күчүн чыгарчу...

Андайлардын бири биздин маектеш Айзирек. (Каармандардын ысымдары этикалык эрежелерден улам ачык айтылбасын эскерте кетели). Айзиректи ала качканда ал 17 жашта болчу. Төрт баланын колуна түшүп, колу-буту кайрылып машинага салынган назик кыздын карылуу жигиттердин колунан суурулуп чыгышы оңой иш эмес эле. Айылга жетип, нике кыйылар маалга чейин кимге турмушка чыгарын да биле алган эмес. Мурда-кийин тааныбаган, көрбөгөн адам менен нике кыйар алдында гана көрүшкөн.

Ала качууга дуушар болгон кыз. Казакстан, 2012-жыл.

Ала качууга дуушар болгон кыз. Казакстан, 2012-жыл.


- Үйдөгүлөр да отургузбайбыз деп аракет кылышты. Бирок ага болушкан жок, кыргыздын салтына таянып, босогого кемпир жаткыра салып, нан коё салып алып калышты. Төрт бала машинага тыгып салышты. Күйөөмдү мурда көргөн эмесмин. Башында ким деп сурасам да айтпай, ар бир баланы көрсөтүп тамашалашты. Көрсө болочок күйөөм мага чейин да үйлөнгөн экен. Бир жума жашаганда аялы кетип калыптыр. Ошого өчөшүп мени бир көрүп эле ала качып келиптир. Аны жашап калгандан эки айдан кийин билип атам. Күйөөмдү никеге киргизгенде гана көрдүм, ага чейин кирбей качып жүрдү.

Ошентип Айзирек менен Бакыт көпчүлүктүн кийлигишүүсү менен баш кошуп, жашап калат. Бирок алардын "бактылуу" турмушу көпкө созулган эмес.

- Кийин карасам мени деле жактырып албаптыр. Бир көрүп жактыргандыр, бирок сүйгөн деле жок да. Баш кошкондон кийин алгач жакшы эле жашап аттык. Кийинки 3-4 ай күндө уруш, күндө мушташ менен өттү. Тебет, урат, кол көтөргөнү аябай көбөйдү. Боюмдагы балага сегиз ай болгондо ажыраштык, боюмда барбы-жокпу иши да жок болчу, ура берчү. Эшикке чыгып келсе деле менден күчүн чыгарат. Өткөн нерсенин баарын козгойт, жини келип отуруп акыры урат.... Күйөөм ошентип ура бергенинен кайненеме айттым. Кайненем менен кайнатам аны ортого салып урушту. Ошондон кийин кайра урганы күчөдү. “Апамдарга айтсаң мен кайра күчөйм” деп өчүн алып алчу. Ошондон кийин эч кимге эч нерсе айтпай да калдым коркуп...

Freedom House уюмунун маалыматына ылайык, эки миңдей кыз-келин ала качуудан кийин зордуктоого кабылат экен. Ала качып үйлөнгөндөрдүн 22 пайызы Айзирек менен Бакыт сыяктуу кайра ажырашып, жаштайынан турмушу бузулат.

“Айкын багыт” укук коргоочу уюмунун төрайымы Мунара Бекназарова соңку кездерде мектеп окуучуларын ала качкан учурлар көбөйө баштаганына тынчсызданууда. Аталган уюмдун сурамжылоосуна катышкан кыздардын 20 пайызы 18 жашка чейинки куракта ала качылганын айтышкан.

- Сырттан караганда ала качуу азайгандай туюлат. Бирок сураштырып келгенде андай эмес экен. Мисалы бир класста 12 кыз окуса, алардын үчөөнү 11-класста эле ала качкан. Таласта бир класстын дээрлик жарымын ала качкан. Акыркы эки жылда өспүрүм кыздарды ала качкан учурлар кездешип атат. Былтыр 16 жаштагы окуучу кызды ала качып, сексуалдык зордукка алган киши беш миң сом айып пул төлөп, үч жылга шарттуу кесилген. Мындай өкүмдү укканда ала качкан тарап оңой кутулдук дегендей кылып бири-бирин куттукташкан. Ошол эле жылы 15 жаштагы кызды ала качкан учур катталган. Биз милициядан сурап, кандай жаза берилгенин тактай алган жокпуз. Дагы бир ушундай факт катталып, ал болгону бир жылга кесилген. Биринчиден, ала качуу фактысы болду, кыз 18ге чыга элек өспүрүм болуп атса да сот органдарынын мамилеси таң калтырат.

Мыйзам иштебей жатабы?

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2012-жылга салыштырмалуу былтыр ала качкандыгы үчүн арыздангандардын саны өскөн. Министрликтин маалымат катчысы Жоробай Абдраимовдун айтымында, былтыр бул багытта 27 арыз түшкөн.

- 2013-жылы республика боюнча кыз ала качуу фактысы боюнча 27 факт катталган. Алардын ичинен экөө жашы жете элек кыздар болгон. Кыз ала качууга катышкан 56 адам аныкталган. 52си Кылмыш кодексинен 154-155-беренелери менен кылмыш жоопкерчилигине тартылышкан.

Ала качууга каршы акциядан. Каракол, 9-октябрь, 2012.

Ала качууга каршы акциядан. Каракол, 9-октябрь, 2012.

27 арыз - бул милицияга кайрылгандары гана. Ала качууга дуушар болгон же ала качкандан кийин кетип калган кыз-келиндердин басымдуу бөлүгү коомчулукка ачык айтуудан тартынышат, намыс кылышат. Өзү тааныбаган, көрбөгөн, укпаган жигитке турмушка чыгып, бүлө болуп калышынын негизги себептери да ушул. Экинчиден, кыздардын көпчүлүгү кыз ала качуу кылмыш экенин билишпейт.

- Биз ала качууга дуушар болгон 268 кыз менен сүйлөштүк. Алардын ичинен 53ү 18 жашка чейин ала качууга дуушар болгон. Булардын ичинен 8 пайызы 9-классты бүткөндөр, ал эми орто билимдүүлөр 35 пайызды түзөт. Ала качылган кыздардын 91% ала качуу кылмыш экенин жана бул үчүн бирөөгө кайрылууга мүмкүн экенин билишпейт, - дейт “Айкын багыт” уюумунун өкүлү Сайкал Малик кызы.

Нуржан дагы өзү тааныбаган адамга ала качып кектенден кийин турмушка чыгууга аргасыз көнгөндөрдүн бири.

- Ар кандай кыстоолордон кийин жашап калдым. Эки-үч ай жашадык, бирок ошол убакта башыбыздан көп нерсе өттү. Экөөбүз бири-бирибизди түшүнүшө албай койдук. Кайненем да начарыраак киши болчу. Ал “сени балам менен жашатпайм, сен баламдын башын айлантып алгансың, сени молдого барып дубалатып коём, анан жинди болуп каласың, менин каргышым бат тийет” деп эле айта берчү.

Атасынын туулган күнүн шылтоолоп кетип калган Нуржанды ата-энеси жаш экенин, көнүп кетерин, турмуш куруу оңой-олтоң эмес экенин айтып кайра бүлөсүнө жеткирип берет. Бул Нуржандын оор дартка чалдыгуусуна түрткү болот.

- Атамдын туулган күнүн шылтоолоп кетип калдым. Апамдар 30-декабрда жаңы жылды үй-бүлөң менен тос деп кайра алып келишти. Ошондо да кайненем “сен эч жакка батпайсың, апаң өзү жеткирип берди сенден тажаган үчүн” деп айтты. Жаңы жыл майрамдай деле болгон жок мага. Ошентип жүрүп 3-январда биринчи инсульт алдым. Ооруканада жатканда күйөөм “мен сени менен жашай албайм, сени адашып алып алгам” деп смс жөнөтчү.

Ала качууга кабылган кыздар жакындарынын, өзгөчө ата-энесинин колдоосуна муктаж болушат. Тилекке каршы тескерисинче “кызым тынып калсын” дегендей ата-энеси өздөрү көндүрүп, таштап кеткендер бар.

Ислам ала качууга каршы

Ислам мажбурлап нике кыюуга жол бербейт. Кыздын укугу бардык нерседен жогору турат. Кыздын алдына кемпир жаткызабы, бешик коёбу - аттап кете бериш керек...
Кыргызстанда жашаган калктын 80% мусулман деп айтабыз. Бирок ала качкандардын дээрлик бардыгы өзүн мусулманмын деп эсептегендер. Ала качууга, мажбурлап никеге турууга ислам да каршы.

Ала качып үйлөнүү шариятка да туура келбесин диний ишмер Абдышүкүр Нарматов да белгилеп, кыздын жана анын ата-энесинин ыраазылыгысыз нике кабыл болбостугун айтат:

- Эгер ата-эненин ыраазылыгы жок кээ бир молдокелер нике кыйып койо турган болсо ал нике да туура эмес болуп калат. Ачык айтып, ага мен тийбейм, каалабайм десе кала берсе ата-эне да аны мажбур бирөөгө никелеп беруүгө укугу жок. Кыздын укугу бардык нерседен жогору турат. Нааразы болуп, өзү каалабаган жерге барган кыздарга айтар элем, бешик эмес эмнени койсо да сенин укугуң эң жогору турат. Ошондуктан бешикти аттап өтөсүңбү, же кемпирдин үстүнөн өтөсүңбү эч ойлонбостон кете бер.. Чын-чынына келгенде өзүнүн кызына же баласына ыраа көрбөгөн нерсени башкага жасоо туура эмес.

Ала качууга каршы акция. Бишкек, 18-октябрь, 2012.

Ала качууга каршы акция. Бишкек, 18-октябрь, 2012.

Эл аралык Freedom House уюму Кыргызстанда ала качууга мыйзам катаалдашканына карабай бул көрүнүш күч алганын, ошондуктан башка да чаралар көрүү зарылдыгын билдирип чыккан эле. Кыргызстанда былтыр Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизилген. Ага ылайык, кыз ала качкандар 7-10 жыл жоопкерчиликке тартылышы керек. Бирок укук коргоочулар ала качуу фактылары көп болгонуна карабай, тиешелүү жазасын алгандар жок болуп жатканын айтышууда.

Акыйкатчы Бакыт Аманбаев да жазасыз калуу ала качуунун токтошуна терс таасирин тийгизүүдө деп эсептейт:

- Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп кыз ала качууга каршы, ага бөгөт коюга багытталган мыйзам кабыл алып, Кылмыш кодексине да өзгөртүү киргизген. Бирок анын баары эле иш жүзүндө аткарылбай келет. Мисалы былтыр Таласта жана Жалал-Абадда эки чоң ызы-чууну жараткан факт катталган. Таласта милиция кызматкери кыз ала качып, жыйынтыгында ага сөгүш гана жарыяланган. Ушундай фактылар тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү тарабынан жасалып жаткандыктан анын жетекчилери башкача баа берип, ага катуурак жаза бергенде башкаларга да сабак болмок. Мындай окуялардын кийин кайталанбашына жол бермек.

Зордук менен нике кыюу аракетинен улам кыздардын жанынан кечкен, өз жанын кыюуга аркет кылган, ушунун айынан айрым кыздардын майып же оорукчан болуп калган учурлары коомчулукту кабатыр кылууда. Жарандык активисттер, укук коргоочулар ала качууга каршы биргелешип күрөшүүгө коомчулукту чакырууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG