Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Таласта кыз ала качкандар соттолууда


Кыз ала качууга каршы Каракол шаарындагы акциядан, Ысык-Көл облусу, 9-октябрь, 2012.
Кыз ала качууга каршы Каракол шаарындагы акциядан, Ысык-Көл облусу, 9-октябрь, 2012.

Кыргызстанда кыз ала качуу боюнча катаал мыйзам кабыл алынганы алгачкы сот иши жүрүп жатат.

Таластын Бакай-Ата районунда 11-класста окуган кызды ала качууга байланыштуу былтыр кылмыш иши козголгон. Бул ишти азыр райондук сот кароодо.

Бирок 26-февралга белгиленген сот болбой калды. Ага сот ишине төрагалык кылган судья Жогорку Соттун жыйынына кеткени себеп болгону айтылды.

Кыз ала качууга шектелип жаткан Камил Дүйшөбаев азыр тергөө абагында. Бул окуя өткөн жылдын август айында болгон экен. Ала качууга кабылган кыз али орто мектепти аяктай элек. Окуя болгон учурда ал 10-классты жаңы эле аяктаган экен. (Окуя кайсы айылда болгону жана кыздын аты-жөнү белгилүү себептерден улам айтылбайт)

Ала качууга дуушар болгон кыз окуя кандай болгонун бизге төмөнкүчө айтып берди.

- Ошол күнү курбу кызым келип калганынан эч нерсе оюмда жок эле аны узатып көчөгө чыктым. Апам тез кел дегенинен макул дедим. Анан ага бирөө чалып, сүйлөшүп жатты. Анан “бир жигит менен таанышабыз” - дегенинен мен таанышпайм дедим. Анан эле жаныбызга чоочун бала келип, курбум аны менен таанышты. Мени дагы түрттү тааныш деп, мен көнгөн жокмун.

Жабыркаган кыз сөзүн андан ары курбусу аны бейтааныш жигит менен тааныштырып, экөөн ээн жерге таштап кетип калганын айтып улады:

- Анан классташ курбум мени ошол жерден атайлап таштап кетти. Кетем деп курбума жармашсам ал жулкунат, артымдан тиги бала тартып жатты. Анан тигил баланын телефонуна бирөө чалып калганда кетип калдым. Жолдо келатсам тигил бала артымдан жете келип, каршылык кылганыма карабай ур-тепкиге алып, жүгөрү талаага сүйрөп кирип, зордуктап салды...

Калган кепти кызы бул окуядан психологиялык жактан жабыркаганын айткан апасы улантты. Анын айтымында, кызын зордуктагандан кийин ала качып кетишкен. Бирок буга каршы болгон ата-эне кызын отургузбай алып келе беришкен.

- 28-август күнү кызым шалдырап кечке үйдө жатты. Биз мындай жаман иш болгонун билген эмеспиз. Кызым коркуп, бизди аяп айткан эмес экен. Ала качып кеткенден кийин түнкү саат үчтө алып келгенбиз да, чарчаса керек деп жаман ойлогон жокпуз. Эртеси кечке маал дагы ала качып кетти, анысында 8-9 сааттай эшигинин алдында күтүп турдук. Көрсө ата-энеси келсе алып кетет деп, токойго бекитип коюшуптур, бири-бирине көнө берсин деген ойдо...

Жабырлануучу тараптын айтымында, кызды алгач 2012-жылы 27-августта жогоруда аты аталган Камил Дүйшөбаев зордуктап, андан соң кылган ишин жашырыш үчүн ала качып кеткен. Экинчи ала качуу анын эртеси болуп, анда дагы кыздын туугандары отургузбай алып келип алышкан. Бирок бир канча күндөн кийин, 9-сентябрда дагы ошол эле бала ала качып кеткен.

Кыздын апасынын айтымында, окуя болгондон кийин эки ирет арыз менен милицияга кайрылганына карабай кызды ала качты деп шектелип жаткан Камил Дүйшөбаевге эч кандай чара көрүлбөй, зордуктоо боюнча иш каралбай, ала качуу окуясы боюнча гана тергөө жүрүп жатыптыр.

- Опер топ келгенде эле баланы коё берип жиберишкен. Кыскасы биринчи ала качканда эле тергөөчү Сырдыбаев барган. Эми зордуктоо беренесин кыскартып, ала качуу беренесин калтырыптыр.

Жабырлануучу тараптын айтымында, кызды ала качкан жигит отуз жашта жана буга чейин үйлөнүп ажырашканы тууралуу маалымат бар.

Кыз ала качкан Камил Дүйшөбаев болсо өткөн жылдын сентябрь айынан бери шектүү катары камакта отурат. Анын жеңеси Чолпон Казыбекованын айтымында, кыз өз ыктыяры менен эле келип отурган.

- Бала менен жашайм деп өзү барган. Мен жоолук салып жатканда эртең ата-энең келсе эмне дейт десем “мен өзүм жооп берем ата-энеме, сиздер унчукпаңыздар” деди. Мен ошон үчүн жоолук салдым.

- Ал кыз мектеп окуучусу экенине карабай жоолук салдыңызбы?

- Ооба, сен мектептин окуучусусуң да десем “анда мени ноябрда ала качсын, айтыңызчы” дейт. Бул жерде сот акыйкат болбой жатат. Бала жөн эле 6 айдан бери камалып жатат.

Ишти иликтеген тергөөчү Байгазы Сырдыбаев болсо зордуктоо боюнча факты аныкталбагандан улам бул берене кыскартылганын айтууда:

- Зордуктоо боюнча кыздын денесинде көгала же башка белгилер аныкталган жок да. Экспертизанын жыйынтыгында зордуктаганы аныкталган жок. Ошон үчүн зордуктоо фактысын коё алган жокпуз.

Бул соттук жараянга катышканы Бишкектен Таласка атайын келген “Айкын багыт” уюмунун өкүлү Мунара Бекназарова тергөөдө бүдөмүк жагдайлар бар экенин айтып жатат:

- Көптөгөн суроолор жаралып жатат. Тергөөчү жабырлануучуларга кандай укукка ээ экенин түшүндүргөн эмес, аларга жактоочу жалдабай эле койгула дешкен. Ошон үчүн кайрадан иликтөөгө жөнөтүүгө чакырып жатабыз.

Бул окуя боюнча 29-январда райондук сот ишти прокуратурага кайра тергөөгө жөнөткөн. Бирок жабыркаган тараптын кызыкчылыгы эске алынбаганы, болгон окуя толук иликтенбегенин айткан жабырлануучулар апелляциялык арыз менен кайрадан сотко кайрылган. 26-февралда ошол арыздын негизинде териштирүү болмок. Кийинки сот отуруму эми март айында болоору айтылууда.

Былтыр жыл соңунда Жогорку Кеңеш кыз ала качкандарга жазаны күчөтүү боюнча Кылмыш кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү жактырган. Ага ылайык, кыз ала качуу адам уурдоо катары бааланып, кыз уурдагандар 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылууга тийиш. Буга чейин укук коргоочулар Кыргызстанда жылына 10 миңден ашуун кыз ала качуунун курмандыгы болоорун билдирип келишкен.

XS
SM
MD
LG