Линктер

Эл аралык Equality Now укук коргоо уюму кыз ала качуу көрүнүшүнө бөгөт коюу чакырыгын кыргыз бийлигине жолдоду. Анткени Кыргызстанда жылына болжолдуу 16 миңге чейин кыз ала качууга кириптер болушат, алардын дээрлик жарымы өз эркине каршы күч менен никеге тургузуларын эл аралык изилдөө тастыктаган.

Кызды ой-боюна койбой ала качуу жөрөлгөсүн 21-кылымда кандай көрүнүш деп баалоо керек? Сиздин бойго жеткен кызыңызды ала качышса, мыйзамга таянып милицияга же прокуратурага кайрыласызбы, же салт ушул экен деп токтоп каласызбы?

Талкууга “Кыз коргон институтунун" негиздөөчүсү Газбүбү Бабаярова жана жаш тарыхчы Чыңгыз Амантур уулу катышты.





“Азаттык”: Дүйнө жүзү боюнча кыз ала качып, никеге турууга мажбурлоо 17 өлкөдө бар. Алардын ичине Кыргызстан да кирет. Иликтөөлөргө караганда айрым аймактарда үй-бүлөлөрдүн 80% ушундай жол менен куралган. Албетте алардын арасында бактысын таап кеткендер жок эмес. Алгач ушул түшүнүктү ажыратып алсак. Бул тарыхта салт катары каралабы, Чыңгыз мырза?

Чыңгыз Амантур уулу: Салт деген коомдо дайым болуп келген көрүнүштөрдүн кандайдыр бир иш-чаралардын болушуна элдин ар дайым болуп келген мамилесин айтабыз.

Биз тарыхыбызга кайрылсак, үй-бүлө куруу маселесинде кыргыздар бир нече баскычтан турган салттардын негизинде үй-бүлө курган. Башкача айтканда, куда түшүп, жуучу түшүү, кыз көрмөй, күйөөлөп бармай, жар көрүшүү деген бир нече салттардын негизинде үй-бүлө курушкан. Мындай үй-бүлөлөр бекем болгон.

Кыз ала качуу деген өтө чанда кездешкен көрүнүш болгон. Эгерде кыз менен жигит бири-бирине макул болуп, турмуш куралы дешсе, бирок кандайдыр бир себептер менен жигит кызды алганга тоскоолдуктар болгон учурда, кыз менен жигит качып кетишкен.

“Азаттык”: Сиз өзүңүздүн жубайыңызды ала качтыңыз беле?

Чыңгыз Амантур уулу: Жок, мен кыз ала качканга да катышкан эмесмин.

“Азаттык”: Филадельфия университетинин профессору, кыз ала качууну иликтеп жүргөн эксперт Рассел Клейнбах мунун бир канча себептерин иликтеген.

Рассел Клейнбах: Кыргызстанда жаштар үчүн кантип бири-бири менен таанышыш керек, достошуш керек деген жакшы салт жок. Айылдарда "анан кантип таанышып, кантип бири-бирибизди табалы" деп айтышат. Ошондуктан ушул багытта бир сунуш киргизиш керек деп ойлойм. Балким бир майрамдарды өткөрүш керек.

Биз 2008-жылы изилдөө жасаганыбызда ала качуу боюнча окутуу материалдарын ар бир облуска алып барганбыз. Ошондо өзүнүн эркине каршы, зордук менен ала качып үй-бүлө кургандар 51 пайызды түзөрүн сурамжылоо аркылуу аныктаганбыз.

Ал эми 2009-жылы ошол эле айылдарга барып, семинарларды өткөргөндө ала качуу аркылуу курулган үй-бүлөлөрдүн саны 27 пайызга түшүптүр. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Эгер түшүндүрүү иштери жүргүзүлсө, ала качуунун пайызы кыскарат же жоголот.

Кыргыз жигиттери кыздарды ала качыш керек деген салт эч жерде жазылбаганын билиши керек. Кыргызстан эли бул мурдатан келаткан салт деп түшүнбөш керек. Себеби Ооганстан, Кытайга жана башка жакка көчүп кеткен этникалык кыргыздар көп салттарды сактап калган. Бирок алардын арасында ала качуу жок. Эч качан ала качып үй-бүлө курбайт.

“Азаттык”: Бир топ тарыхый китептерде деле бул салт экенин көрсөткөн жагдай жок экени көп эле айтылат. Ошого карабай кызды ой-боюна койбой ала качуу жөрөлгөсүн 21-кылымда кандай көрүнүш деп баалоо керек?

Газбүбү Бабаярова: 21-кылымда кыз ала качуу жапайы көрүнүш болуп эсептелет. Билимдүүлөр арасында да ушундайлар болуп атат. Бирок ар бирин байкасак, жапайы көрүнүшкө барып атканын өздөрү деле билбейт. Бул - адам укугун тепсегендик, бул салтка жатпайт, мындай нерсе исламда, “Манаста”, тарыхта жок. 21-кылымда ушунун кайра сүрүлүп өтүшү аябай уят, жат, жапайы көрүнүш деп эсептейм.

“Азаттык”: Эл аралык эксперттер иликтеп, ала качуунун бир нече себептерин белгилешкен. Ошонун ичинде кыз же ата-энеси макул болбой койсо, каражатты үнөмдөө деген жооптор айтылган. Себептери эле ушуга такалабы же башка да жагдайлары барбы?

Газбүбү Бабаярова: Биздин институттун изилдөөлөрүнө ылайык, экономикалык жана макулдук бербеген бул эки эле себеби. Андан башка да себептер бар. Мисалы, балдар барып колун сурагандан коркушат. Себеби макул болбой койсо, андан намыстанышат.

Кийинкиси, колун сурап баргандан кийин ала качып кетишет. Андан кийинкиси, ата-энеси өздөрү "келин керек, ала качышың керек" деп ошого түртүшөт. Эң аз пайызда кош бойлуу болуп калгандан кийин ала качышат.

“Азаттык”: Чыңгыз мырза, сиз деле муну тарыхта салт катары көрсөтүлгөн менен зордук-зомбулуксуз, кыздын макулдугу менен ишке ашканын белгиледиңиз. Ала качып алыш керек деген көз карашты кантип өзгөртүш керек?

Чыңгыз Амантур уулу: Америкалык изилдөөчү айым кыргыз жаштарында тааныша турган мүмкүндүк жок деп айтып атат. Бул үстүртөн көз караш болуп калат. Мисалы, 3 миң бала окуган мектептер бар, кантип ал жерден таанышканга болбойт?

Эң негизги себеп, ата-эненин тарбия берүүгө өтө көңүл кош мамиле жасагандыгында. Баласы кийин кандай үйлөнө тургандыгы тууралуу такыр сөз козгошпойт.

Кыргыздын салтына кайрылсак, балага кичинекейинен үй-бүлө мындай курулуш керек деп көндүргөн. Ошондо зордук-зомбулуксуз үйлөнүү деген түшүнүк болгон. Зордук-зомбулук менен ала качуунун себептерин санай берсе өтө көп.

Үй-бүлө жөнүндө ата-энеси кызына, уулуна сөз козгобой койгону үчүн болуп жатат ушул нерсе. Ата-эне бала эс тарта баштаган мезгилден баштап, "сен мындай үй-бүлө курушуң керек, болочок жубайыңды билишиң керек" дегендей тарбия болуш керек.

Газбүбү Бабаярова: Айылда таанышканга чындап эле мүмкүнчүлүк жок. 9-11-класстагы кыз менен бала сүйлөшсө, мугалимдер сабактан алып калып урушуп, уят кылат. Профессор Клейнбахтын сунуш кылып атканы, айылдардын ортосунда фестивалдар, ат жарыштар болсун дейт. Мен ага кошулам. Ошондо жаштар бири-бирин көрүп, таанышат. Мектептен кийин айылдарда балдар дүкөндөрдүн айланасында отурат, кыздар болсо сыртка чыкпайт.

“Азаттык”: Газбүбү, силердин изилдөөңөрдө сурамжылоого катышкан кыздардын 90% ала качууга каршы пикир айтышкан экен. Калган 10 пайызычы? Демек макул болгон кыздар да барбы?

Газбүбү Бабаярова: Кыргыз кыздары ата-энесин аябай сыйлашат, алардын сөзүнөн чыккысы келбейт. "Эгерде ата-энем отуруп кал десе, отуруп калам" деген кыздар ошонун көпчүлүгү. Анын арасында аз пайыз бар, "ала качып кеткенден кийин басып кетсем уят болом" деп өзү отуруп калгандар. Тилекке каршы ата-энелер ошого каршы чыга албай атат.

“Азаттык”: Кийинки 40-50 жыл аралыгында ала качуу дээрлик эки эсе өскөн экен. Азыр эми 21-кылым, заман башка деп айтылып атат. Маалымат каражаттары кайра-кайра чагылдырып, укук коргоочулар айтып чыкканы менен бул көрүнүш эмнеге өсүп атат?

Чыңгыз Амантур уулу: Мен азайып баратат деп ойлойм. Себеби биз кичинекей кезде айлана-чөйрөдө сүйлөшүп үйлөнгөндөр чанда эле болбосо, зордоп ала качып, кадимкидей "кыз издегени кеттик" деп кетишчү.

Азыр азайып барат деген ойдомун. Буга улуттук кайра жаралуу процессинин башталышы кайра таасир этип атса керек. Азыркы кезде кыргыздын жаштары салттарды туура түшүнгөнгө шарт түзүлүп жатпайбы. Балким ошол да таасир берсе керек. Кыргыздар эгерде ала качып барса, артынан жуучу келген, кыздын бир эле ооз сөзү керек болгон, "мен эрки жок келдим" десе, ал жигитти өлүм жазасына тартышкан.

“Азаттык”: Ала качкандан кийин жоопкерчиликке тартылган учурлар болдубу?

Газбүбү Бабаярова: Кылмыш жана жаза кодекси боюнча 3 жылга чейин камалыш керек, же айып салынат. Биз билгенден көпчүлүгү айып төлөп, сотко иши ашпай калат. Сотко иши ашкандан кийин ортодо коррупцияга айланып кетет, же кайтарма арыз жазып, кыздын ата-энесине акча төлөп берип кутулуп кетишет.

“Азаттык”: Ушул маселе көп көтөрүлсө да эмне үчүн көбөйүп атат деп ойлойсуз?

Газбүбү Бабаярова: Милициялар өз милдетин аткарбай атат. Ошонун артынан түшүп изилдесе болот, ата-энесинен арыз күтпөй. Эгерде милиция 1-2 жигитти ары-бери сүйрөп кыйнаса, кыз ала качуу токтомок.

“Азаттык”: Соңку учурда, айрыкча 91-жылдан бери коомдо аялдардын ролу өзгөрдү. Көбүрөөк иштеп, базарга чыккан, мигрант болуп кеткендер деле кыз-келиндер болуп атпайбы. Аял менен эркектин орду алмашты деп айтып атабыз. Ушул дагы бир себеби болушу мүмкүнбү?

Газбүбү Бабаярова: Коомдо мындай өзгөрүү болуп атат. Бирок ала качып баргандан кийин көпчүлүк учурда иштетпей, окутпай койгондор бар. Бул минуска тартат.

Чыңгыз Амантур уулу: Кээ бири 2-3 жолу ажырашып, үйлөнүп, бирок баарында тең ала качып алган фактылар бар. Же аптанын башында бирди ала качып, анысы кетип калса, экинчисин ала качып келгендер да бар. Буга тартип коргоо органдарын күнөөлөп койсо болот, үчүнчү жакты күнөөлөш оңой да. Бирок алар сырткы тарап болуп эсептелет. Эгер арыз жазышпаса, алар эч нерсе кыла алышпайт. Маселенин баары кыздын ата-энесинде.
21-кылымда кыз ала качуу жапайы көрүнүш болуп эсептелет. Билимдүүлөр арасында да ушундайлар болуп атат.

“Азаттык”: Кыздын түшкөн жери оор, уят деп, кур намыс кылбай ушул көз карашты кантип жоюуга болот?

Чыңгыз Амантур уулу: Биздин салтта жок деп түшүндүрүү иштерин жакшылап жүргүзүшүбүз керек. Комплекстүү караш керек, тартип коргоо тарабынан да, кызынын укугун учурунда коргобой койгону үчүн кыздын ата-энесине да жаза колдонуу рычагын караш керек. Кыздын да, баланын да ата-энеси жоопкерчиликке тартылса ала качуу азаймак.

Газбүбү Бабаярова: Биздин изилдөөлөр боюнча 92,5 пайыз кыз отуруп калып атат, 7,5 пайыз кетип калууда. Ошол 7,5 пайыз кыздардын жашоосуна көз салып көрүш керек, чындап эле каргыш жуктубу, жукпадыбы деп. Мен андай нерсеге ишенбейм. Андан көрө өз жашоосун сактап калыш керек. Жаман сөз, каргыштарды айткан адамдарды кудай жазаласа керек. Ошондуктан андай нерселерге ишенбеш керек.

“Азаттык”: Мисалы, кыз кетип калса үй-бүлөсүнө уят болот деп айтабыз. Эгер ошол кыз кетип калса, жигитке деле уят болот да?

Чыңгыз Амантур уулу: Албетте жигитке да уят болсо керек. Адамдын өзүнүн көз-карашынан болуш керек. Зордукчул ала качуунун булагы - жазасыз калууну көрүп атам.

“Азаттык”: Бул маселени кантип токтотуш керек?

Газбүбү Бабаярова: Бул жерде бир эле баланы күнөөлөбөш керек. Бул жерде баланын, кыздын ата-энесин, милиция кызматкерлерин, молдолордун баардыгына окутуу иштерин жүргүзүш керек.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG