Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:47

Зордук менен нике кыюу аракетинен улам Ысык-Көл облусунда соңку алты ай ичинде эки кыз өз жанын кыйганы коомчулукту кабатыр кылууда.

Буга байланыштуу Караколдо 18-майда ала качуу адатына каршы күн белгиленмекчи. Өз өмүрүнө кол салган кыздардын бири дубандын Михайловка айылынын тургуну Нурзат Калыкованын үйүнө кабарчыбыз барып келди.

Нурзаттын апасы окуянын чоо-жайын кеп салууда. Үй ээлери тойдон кайтып келип эле кызын таппай калган.

- 17-ноябрда Курман айт болчу, теңтуштардын баласы үйлөнгөн болчу, биз тойго кеткен элек. Келсек үйдүн баары ачык экен, телевизор иштеп жатат, үйдө сегизинчи класста окуган балабыз бар, ал уктап жаткан экен. Аны ойготуп “ай, эжең кайда” десек “билбейм” деди. Ошол күнү кечинде кызыбызды ала качып кеткенин билдик. Ал күнү үйгө бирде келдик, анан телефон чалсак коюп салды. Андан кийин “кызыбызды ала качып кетти” деген ой кетти.

Айылдагы жарык күйгөн же музыка чыккан үйлөрдү кыдырып көрөлү деп атасы менен уулу экөө Нурзатты издешет.

- Михайловка айылын толугу менен кыдырып карадык, жарык күйгөн үйдүн баарын карадык, уулум менен атасы издеп чыкты. Бирок эч жерден таппай коюшту.

Айылдын ичи бирөөнүн баласы үйлөнсө же кызы күйөөгө кетсе, адатта аялдар чогула калмайы бар да деп, айласы кеткен ата-эне элеңдеп эки жакты карашат.

- Уулубузду “сыртка чыгып тыңшачы, кимдир бирөө айтар ким үйлөнгөнүн” дедик. Уулубуз саат эки ченде чуркап келди, “Улан деген бала ала качып кетиптир деп уктум” деп калды. Анан биз жинибиз келип, кызыбызды алып келдик. Үйгө келээрибиз менен артыбыздан машина менен жетип келишти.

Нурзат өзү ала качууга каршы болчу. “Апа, мени ала качып кетсе ал жерге калганга көңүлүм болсо мен кат жазганда “эне” деп кайрылам” деп айтып калчу экен.

Нурзат кат жазганда “мама” деп жазыптыр. Аны түшүнгөн апасы кыздын “көңүлү жок экен” деп барып алып келип алган.

Баягы эле кыргызчылыкка салып, “эл эмне дейт, жаман сөзгө калбайлы” деген ата-энеси салтты карманган сыягы бар.

- Бул жерде атасынын эжеси келип “бул эмне кылганыңар, уят” деди. Андайда көпчүлүктүн кысымы күчтүү болот эмеспи, мейли эми барсын дедик да. Анан үч айга жетпей көргөн күнүбүз мына ушул болду.

Кыргызстанда кыз ала качууну сынга алган иш-чаралар көп эле уюштурулуп, китепчелер да чыгып турат.
“Жыйырма жаштагы кыз эле, 23-февралда жыйырмага толуп каза болду, кызым” деп үшкүрүп калды апасы. “Нурзат Улан менен сүйлөшчү эмес. Ал бала сөз айтыптыр, бирок кызым макул болбой, окуш керек, жигитти эмне кылам деп жүрчү. Ал окууга тырышкан кыз болчу” деп апасынын көзүнөн жаш кетип, кызын эскерип калды.

Нурзат экинчи курстун студенти эле, өз тобунда староста экен. Бардык студенттердей эле алардын тайпасы 8-март майрамында кафеге бармакпыз деп бир апта бою айтып келаткан болчу дейт апасы.

- 8-март күнү ал группасы менен кафеге отурабыз деп кафеге кеткен, анан эле күйөө баланын Мунара деген эжеси чалып калды, Нурзатты издеп. Нурзат кафеге кеткенин айтсак, “ал күйөөсүнө айтпай кетиптир” деп калды. Анан мен “ал бир аптадан бери айтылып жүргөн сөз болчу, менин кызым айтпай кетпейт болчу” деп Нурзаттын телефон номурун бердим. Улан кафеге барыптыр. Чакырып чыгарып, эмне дегенин ким билет, жарым сааттан кийин Нурзат дос кызына чалып, “пальто, сумкамды алып чыгып берчи” дептир. Ал кыз алып чыкканда Нурзат ыйлап жаткан экен. Анан ошол күнү үйгө барып эмне болгонун билбейбиз.

Эненин жүрөгү адатта жамандыкты сезип, жүрөкзаада болот эмеспи. Нурзаттын апасы да бир нерсе болорун туйгансып кызына 9-мартта чалган экен.

- Эртеси күнү саат ондордо чалгам, үнү каргылданып калыптыр. Мен “кызым, сабакка бардыңбы, же мен сага барайынбы” десем ал “апа, убара болбой эле коюңуз, мен сабакка барам” деген. Ал эми саат төрттө “Нурзат кайтыш болуп калыптыр” деп уктук. Бүгүнкү күнгө чейин көз жашым кургабай келатат.

Нурзаттын иши Каракол шаардык ички иштер бөлүмүндө катталган. Ички иштер бөлүмүнүн башчысы Кумар Калыбеков диктофонго сүйлөөдөн баш тартты. Анын айтымында, Нурзаттын ишинде аны ала качкандыгы жөнүндө сөз болгон эмес. “Нурзаттын акыркы катында мени ала качты деген сөз жок”, - деди Калыбеков.

Милиция өкүлү быйыл Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө ала качуу фактысы боюнча эч ким кайрылбаганын кошумчалады. Былтыр ала качуу боюнча арыздар түшүп, бирок бир аз убакыттан кийин кыз тарап доосун артка алгандыктан, кылмыш ишин козголбой калганын ички иштер бөлүмүнүн башчысы Кумар Калыбеков белгиледи.

Нурзаттын жолдошу Улан менен телефон аркылуу байланышканыбызда ал Нурзат менен үч жыл сүйлөшүп жүргөнүн, келинчегинин мындай жолго барганына такыр түшүнбөй турганын гана кыскача билдирди.

- Нурзат менен үч жыл сүйлөшүп жүргөнбүз. Мен үйлөнөйүн деп чечкем. Нурзат көңүлдөнбөй жүрдү, ал даяр болбосо керек. Ынтымактуу, жакшы эле жашап атканбыз. Азыркыга чейин эмне болгонун түшүнбөй жатам.

Убагында Нурзатты ала качуу боюнча кылмыш иши козголгон эмес. Анткени Нурзаттан, же анын туугандарынан расмий арыз түшпөптүр. Бирок ала качуу көйгөйүн иликтеген социолог, укук коргоочулар бир ооздон мындай тагдырга туш болгон кыздардын дээрлик 95%ы милицияга кайрылгысы келбээрин, арыз жазган бирин-серин учурда да кийин туугандар өз ара сүйлөшүп отуруп ишти жаптырып салаарын айтышат.

Борбор Азиядагы Америка университетинин социологдору көп жылдан бери бул көрүнүштү иликтеп, Кыргызстандын бийликтери ала качууга каршы чечкиндүү аракет көрмөйүнчө, күн сайын ар кайсы айылда мектепти жаңы бүткөн кыздарды ой-боюна койбой күйөөгө башын байлап коюу коомчулуктун кайдыгерлиги астында уланып, кээ бир жерлерде атүгүл күчөп келатканын белгилешет.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG