Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:59

Ысык-Көлдө кыз ала качууга каршы акция өттү. Акцияда ала качып кеткенден кийин өз жанын кыйган эки кыз эскерилди.

Бейөкмөт, эл аралык уюмдар ала качуу көбөйүүдө деп коңгуроо каккан менен Ички иштер министрлиги өткөн бир жылдын ичинде ушул багытта 19 гана арыз түшкөнүн айтууда. “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу ушул теманын тегерегинде болду.

Талкууга катышкандар:

“Сезим” кризистик борбордун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова, педагогика илимдеринин доктору Абдыкерим Муратов, кыз ала качуу маселесин изилдеген “Кыз коргон” институтунун жетекчиси Газбүбү Бабаярова.

“Азаттык”: Адегенде ала качып турмушка чыккан келиндин айткандарын уксак.

- Менин жашым 28де. Мен 21 жашымда турмушка чыктым. Жолдошум мени ала качып кеткен. Ал дайыма ичип келчү. Эки балам төрөлдү, ошондон кийин ичкени күчөп кетти. Колу да тийди, “кайда кетесиң, ата-энең, билимиң жок болсо” дечү. Көчөдө жаткан күндөрүм да болду. Кийин эл менен жашап калдым, "жардам берип, ажыратып койгула" деп. Ич кийимимди бычак менен тилип, улуу баламды муунткан күндөрү да болду.

Бул - үйүнөн үч баласы менен ар кайсы жерде качып, анан “Сезим” кризистик борборуна туш болгон келин. Анын аты белгилүү себептерден улам ачыкка чыкпайт. Анын эки баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, өзүнүн паспорту да жок экен.

Бүбүсара айым, убагында зордоп, өзүнүн макулдугусуз ала качып, ошонун курмандыгы болгон кыз-келиндер сиздерге көп кайрылабы?
Дагы канча кыз өзүнүн жанын кыйыш керек?! Бир эле айдын ичинде эки кыз өз өмүрүн кыйып атат. Бул жаман көрүнүш.

Бүбүсара Рыскулова: Ала качып кеткен күндөн кийин бир аптанын ичинде, же ошондо эле кайрылгандар азыраак болот. Көптөрүндө мүмкүнчүлүк болбойт экен, макул деп отуруп калат экен. Бирок кийинки учурда көп кайрылып атат.

Биздин коомдогу жарандардын, мамлекеттин буга көз жумуп койгону өкүнүчтүү. Бири бирин көрбөй, тааныбай жүрүп үйлөнгөндөрдүн аягы эмне болуп атат? Бирок турмуш куруп кеткендер деле болот. Ошентсе да, менимче, бул – жырткычтык. Эгерде сүйлөшсө анын жүрүм-турумун билет беле...

“Азаттык”: Ошол эле учурда зордоп ала качууну деле салт катары эсептегендер да бар. Абдыкерим мырза, бул салт болсо качан пайда болгон?

Абдыкерим Муратов: Биз көптөн бери ала качуу менен күрөшүп келебиз. Биз эле эмес, Кыргызстанда иштеп жаткан чет элдик мамлекеттик эмес уюмдар, биздин бейөкмөт уюмдар күрөшүп келет. Бирок эмне үчүн кыз ала качуу тыйылбай, кайры күчөп атат?

Азыр көп айылдарда мектепти бүтүп аткан кыздарды тандап койду. Жетилип, аттестат алаар күнү эле алып качып кетишет. Албетте зордук-зомбулук менен ала качуу мыйзамга да туура келбейт, кийинки турмуштун бузулушуна себеп болот.

Тыйылбай келгенинин себеби биздин тарыхый өзгөчөлүгүбүздөн алып карап көрсөк, бул салтка айланып кеткен. Маселен, 100 алып качуунун 90 алып качуусу төмөнкүдөй шарттарда болот: биринчиси, кыз менен баланын мамилеси бири бирине түз болот. Бирок экөө турмуш курайын десе ата-энеси көнбөшү мүмкүн, ушундай жагдайда ала качышат, алар кийин жакшы жашап кетишет. Же болбосо кыз тарап менен бала тараптан бирөө көңүлдөнбөй аткан убакта жеңелердин жардамы менен ала качышат.

Чыңгыз Айтматовго бир жолу кыргыздын салттары жөнүндө оюңуз кандай деген суроо бергем. Ошондо ал айткан, "илгери шарты келбей калган учурда жеңеси кызга айткан, “сенин балага көңүлүң бар, ал баланын да көңүлү бар, мен силерди булактын жанына, же аркы дөбөгө алып барып турайын, силер качып кеткиле, анан тигилердин ата-энеси өзүнүн жол жобосун кылып кетет, анан жашап кетесиңер" деп айткан. Мына ушундан көп турмуштар курулган” дейт.

Миңдеген үй-бүлөлөр алып качуудан бактысын тапкан. Бирок бул зордук-зомбулук эмес, бул экөөнүн бири бирине мамиле болгондон болуш керек дейм.

Келечек бүгүнкү күндөн башталат

“Азаттык”: Газбүбү, мына сиздердин институт ала качууну изилдеп жүрөт. Негизи эмнеге ала качат?

Газбүбү Бабаярова: Агайдын айтканына мен кошулбайт элем. 100 ала качуу болсо, анын 90 учурда өз эрки менен барышат дегени туура эмес. Эгерде бир жыл ичинде 70-75 пайыз үй-бүлө ала качуу аркылуу курулса, ошонун жарымынан көбү, 50-51 пайызы өзүнүн эркине каршы ала качуулар болуп атат.

Мунун өсүп аткан себептери көп. Жөнөкөй эле мисал, бизде мыйзамдар болгону менен, алар аткарылбай келатат. Көп учурда “биз уккан жокпуз, ушул бала ала качуу үчүн соттолду” деп, же зордуктаган учурда да, же кыз өз өмүрүн кыйып атканда да, ким уюштуруп берген болсо алардын иштери сотко жетпей атат.

“Азаттык”: Эмне үчүн ала качтың деген суроону балдарга бергенде, алар кандай деп жооп берип атышат?
Ала качуу деген кылмыш, жоопкерчилик экенин жигиттер түшүнүш керек.


Газбүбү Бабаярова: Ар кандай жоопторду айтышат. Бала кызды тааныбаган учурда деле айтышат, “мен сүйөм, ал мени тааныйт эле” деп. Айрым учурда башка бирөө ала качып кетпесин дейт, же ата-энелери таап берет, ала кача бер, ушул үй-бүлө жакшы деп. Балдар эртең кантип жашап кетем дебей, эптеп ушуга жетип алсам дейт.

“Азаттык”: Бүбүсара айым, сиздерге бир айда, же бир жылда кайрылгандардын саны канча болуп атат?

Бүбүсара Рыскулова: Биздин жаштар азыр үйлөнөм дегенди ала качуу деп калышты. Ушундан кийин жанагындай трагедия болуп атат. Дагы бир кейиштүүсү – жоопко тартылбайт.

Ар кандай зордук-зомбулуктун себебинен кайрылгандар бар, ошонун 15 пайызы кийин балалуу болуп, айына 2-3төн кайрылып турат. Бири бирин түшүнүп кеткендер болот, бирок акыркы жылдары азыраак болуп атат.

“Азаттык”: Мажбурлап, зордоп ала качууну кантип токтотуш керек деп ойлойсуз, Абдыкерим мырза?

Абдыкерим Муратов: Ала качуу деген маселени мен тар түшүнгүм келбейт. Мектепти бүтүп аткан кызды 4-5 бала машинасына салып алып эле үйүнө алып барганына бардыгы каршы. Мен ушунун салтка айланып калганы, кыргыздын элдик философиясы, салты менен байланышып калганы жөнүндө айтып атам.

Эмне үчүн социологиялык изилдөөлөр боюнча ала качуу азайбастан, жылдан жылга көбөйүп атат? Мунун тамыры эмнеде? Ушуну кылдат изилдешибиз керек. Дагы көбөйүп кете берсе, бул биздин социалдык абалыбызга, турмушубузга, демографиялык проблемаларга таасирин тийгизбейби деген маселе келип атат.

Алып качкандардын бардыгын эле түрмөгө сала берсек, анда биздин көп үй-бүлөлөр түзүлбөй калышы мүмкүн. Көп кыздар турмушка чыкпай калышы мүмкүн, көп жигиттер үйлөнбөй калышы мүмкүн деген да башка маселелер келип чыгат.

Бүбүсара Рыскулова: Элге, башка мамлекеттерге жырткычтык деп уят болобуз. Бул адам уурдоого барабар. Ала качуу деген сөздүн ошол жагын алышыбыз керек.
Азыр көп айылдарда мектепти бүтүп аткан кыздарды тандап койду. Жетилип, аттестат алаар күнү эле алып качып кетишет.


Абдыкерим Муратов: Чет элден акча алып отурган мамлекеттик эмес уюмдар биздин караңгы жактарыбызды атайын кара бойоктор менен көрсөтүп, кыргыздарды жырткыч катары көрсөтүшкө аракет кылган фактылар бар.

Бүбүсара Рыскулова: Азыр сиз “90 пайыз ала качып атат” деп айтып атасыз. Ушуну башка бир сөз кылып, философ, профессор катары бөлсө, үйлөнөм дегенди романтика кылып ала качам деп коюшат. Сиз бейөкмөт уюмдарды “акча алыш үчүн иштешет” деп күнөөлөп атасыз. Эки кыз асынып калды, кантип жардам берерибизди билбей атабыз.

Абдыкерим Муратов: Кыз ала качууну адам уурдоо жана ала качуу деген терминдер менен кылыш керек. Мен жалпы кыз ала качуу жөнүндө айтып атам.

Газбүбү Бабаярова: Азыр “адам уурдоо” деген беренени окуп көрсөңүз, ал жерде кыз ала качуу толугу менен жооп бербейт, бирок биринчи пунктунда жазылып турат, “өзүнүн эркине каршы уурдаса” деп. Сизге бир суроо, эгерде бейөкмөт уюмдар ушул проблеманы көтөрүп чыгып, депутаттарга кайрылсак, кыз ала качууну изилдейин дедим эле десем, алар мага акча берет беле? Күлмөк, “эмне бизден акча сурайсың” деп.

Ата-эненин макулдугу, кыздын укугу

“Азаттык”: Ала качып кеткен кыздар кайра кайтып келе берсе да милицияга арызданышпайт, уялышат экен. Бул уяттуу ишпи, Бүбүсара айым? Мындай шартта эмне кылыш керек деп ойлойсуз?

Бүбүсара Рыскулова: Бул уят иш эмес. Кылмыш экенин ала качкан жигиттер, адамдар, айылы менен билишпейт. Ошон үчүн маалымат берип, кылмыш экенин жарандарга жеткиришибиз керек.

“Азаттык”: Сот жообуна тартылгандар дээрлик жокко эсе. Эмне үчүн ушундай деп ойлойсуз?

Газбүбү Бабаярова: Бизде кыргыз айылдарында тууган-уруктар бар, сотко берсең уят, милиция кайра-кайра келе береби деген басым күчтүү. Эгер кыз ушул бир эле айылдан ала качылган болсо сотту акырына чейин чыгаруу аябай кыйын. Себеби тууган-уруктар келет, бири бирине тууган болуп калышат.
Биздин коомдогу жарандардын, мамлекеттин буга көз жумуп койгону өкүнүчтүү. Бири бирин көрбөй, тааныбай жүрүп үйлөнгөндөрдүн аягы эмне болуп атат?


Биз иштеп жүргөндө көп эле учурлар болду, милициялар буга кайдыгер карап коюшат. Арыз бергендердин окуясынан карасак, акырына чейин жетпейт, акчага сатылышат. Кыздар өздөрү, же ата-энеси акырына чейин туруш керек.

“Азаттык”: Акчаны кыз өзү албайт, ата-энеси алып, алардын макулдугу менен отурат, чыгып кетсе да алардын макулдугу менен болот. Эмне себептен ата-эне баласынын укугу бузулуп атса, ушуга макул болот деп ойлойсуз?

Абдыкерим Муратов: Бир жылда 22 гана арыз түшүшү, анын 19унун каралышы, ушунун ичинен көп болсо 4-5 сотко өтөт, калгандарынын баары жабылат. Демек кыз ала качуу деген берене менен Кыргызстанда дээрлик иш жүрбөй атат деген сөз. Маселен 100 пайыздан 99,9 пайызы көңүл жагдайдан тышкары калып атат.

Газбүбү Бабаярова: Эмне үчүн аткарылбай атат деп айтышыбыз керек да.

Абдыкерим Муратов: Кээ бир кыздар балалуу болуп калса, андан ары жакшы жашап кетиши мүмкүн. Кыз ала качканда айылдын милиция кызматкери барат да өзү ортомчу болуп, тигилердин бергенин ичип-жеп алып, “болду, эми ынтымактуу жашагыла” деп кетип калат. Бул биздин турмушубуздун кадимкидей көрүнүшүнө айланып калган. Ошон үчүн кыз ала качкан балдар да коркпойт. Себеби артында баса турган жактары бар. Эң эле болбой кетсе, кыз өзү айтат, “болду, биз жашап кетебиз, тил табыштык” деп. Ошондуктан бул чоң кылмыш катары каралбай жатат.

Газбүбү Бабаярова: 2008-09-жылдары изилдөө жасап, окутуу, маалымат таратуу ала качууга канчалык жардам берет деп текшерип көрөлү дедик. 2008-жылы жасаган изилдөөбүздө өзүнүн эркине каршы ала качуу 51 пайызда болгон. Ал эми бир жылдан кийин ошол эле айылдарга барганыбызда, сурамжылоого ылайык 27 пайызга түшкөн. Ошондуктан мындан кийин ишибиз маалымат таркатуунун үстүндө болуп атат. “Ата-энелер каршы болгула, кыздар, өзүңөрдүн укугуңарды коргой аласыңар” деген маалымат эң күчтүү жак деп ойлоп атабыз.

Бүбүсара Рыскулова: Эркек балдарга кичинекей кезинен маалымат берип, үй-бүлө институту тууралуу айтыш керек. Анан укугун коргош керек. Мына, эки кыз асынып, трагедия болуп атат жана бизге келген кыздарды айтыш керек, “мына ушундай трагедия, ушундай тагдырлар болуп атат” деп. Сот жообуна тартылып, ушуну гезит, журналдарга жазып чыгарса бир аз коркуп калат эле эл. Ала качуу деген кылмыш, жоопкерчилик экенин жигиттер түшүнүш керек.

Тыюуга мүмкүнбү?

“Азаттык”: Жеңелер жана кемпирлердин ролу тууралуу суроо берейин. Кемпирлерди негизге даанышман, көптү көргөн адам катары деп эсептейбиз. Эгер бул кылмыш болсо, мыйзамда жазылуу турса, эмнеге алар кылмышка аралашып атат? Алардын ролу кылмышта көрсөтүлгөн эмес. Бүбүсара айым, ала качууну токтотуу үчүн улуу муунду жоопко тартуу менен башташ керектир?

Бүбүсара Рыскулова: Ысык-Көлдө ушундай болуп 5-6 кишини соттойбуз деп кайра токтотуп койгон. Ала качкан жигитти күнөөлөбөй, калган 80-90 пайыз аралашкан адамдар күнөөлүү болуп атат, групповой болуп атат.
Бала кызды тааныбаган учурда деле айтышат, “мен сүйөм, ал мени тааныйт эле” деп. Айрым учурда башка бирөө ала качып кетпесин дейт.


Мен энелерге кайрылып кетким келет, алардын кыздары бар, мажбурлап нанды, тузду койгону туура эмес деп эсептейм. Биз кыздар менен жолугуу өткөргөндө мен айтам, “эне, эже, кудай мени кечирээр, мен ушуну аттап кеткенге кечирим сурайм, күнөө сизде болуп калбасын” десе, кудайдан корккон киши болсо кичине коркот. Бул адам уурдаганга барабар. Ушундай маалыматты элге жеткиришибиз керек.

Абдыкерим Муратов: Бизде чоң маселе бар экен, бул – ала качуу. Дагы бир маселе бар экен, бул фактынын көбөйүп атканы. Тартип коргоо органдары, эл, кыздар, жигиттер күрөшө албайт экен. Анда ушул маселенин бар экенин айтып чыгышыбыз керек. Балдарга мектептердин акыркы классында кыз ала качуунун жол жоболорун, эрежелерин, этикасын үйрөтүшүбүз керек.

Бүбүсара Рыскулова: Кыз ала качуунун эмес, үйлөнүүнүн деп айталычы.

Абдыкерим Муратов: Мен үйлөнүү болгондо той жөнүндө айтпай атам. Кызды атасынын үйүнөн алып чыккан боюнча айтып атам.

Бүбүсара Рыскулова: Биз ушундай деп айтсак жаштар түшүнбөйт.

Абдыкерим Муратов: Сиз уурдоо деген факты менен бирдей карап атасыз.

Бүбүсара Рыскулова: Ошентип эле айтыш керек.

Абдыкерим Муратов: Ала качуунун таптакыр тыя албайбыз, бул бар нерсе экен. Балдарга үйрөтүш керек.

Газбүбү Бабаярова: Эл күрөшүп, маселени өздөрү көтөргөнү менен, кабыл алынган мыйзам иштебесе эч нерсе болбойт. Ошондуктан үстүртөдөн ишти башташ керек. Дагы канча кыз өзүнүн жанын кыйыш керек?! Бир эле айдын ичинде эки кыз өз өмүрүн кыйып атат. Бул жаман көрүнүш.

“Азаттык”: Эл аралык уюмдар 20 жылда Кыргызстанда аялдар укугу жаатында абал кескин начарлап кеткенин билдирип, бирок бул боюнча мамлекеттик органдар эч чара көрбөй жатканына нааразылык билдирет.

Нике кайып деп коюшат, бирок зомбулук менен курулган үй-бүлөдө сүйүү жана түшүнүү болобу? Бул суроого турмуш курууга белсенген кыз менен жигит жана ата-энелер өздөрү да ойлонушу керек деп ойлойм. Талкууга катышканыңыздар үчүн рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG