Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:50

Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун аткаруучу директору Мирсулжан Намазалиев иш берүүчү менен жумушчулар мамилеси тууралуу ой бөлүштү.

“Азаттык”: Кеминде кытайлык компанияда иштеген кыргызстандык курулушчулар эмгек укугунун бузулганын айтып нааразы болуп жатышат. Учурда түрк соода жайында иштеген кыргызстандык кызды түрк жараны урду деген факт боюнча сот иштери жүрүүдө. Чет өлкөлүк иш берүүчүлөргө байланыштуу бул окуялар эмнеден кабар берет?

Мирсулжан Намазалиев: Менимче чет өлкөлүкпү, же кыргызстандыкпы айтор бардык эле иш берүүчүлөрдүн укутары бирдей, бирдей эле абалда. Себеби түркпү, же кытайбы булар ошол адамдарга жумуш орундарын берип, иштешип жатат. Ал эми Эмгек кодексин бузган учурларды жалаң гана чет өлкөлүк компаниялардан эмес, бардык эле компаниялардан көрө алабыз.

Менимче бул бир канча нерсени түшүндүрөт: биринчиден, бул биздин жарандарыбыздын азыркы мыйзамды билбегендиги, бирок ошол эле учурда азыркы мыйзамдын өтө бюрократиялаштырылганын көрсөтөт. Мисалы, эмне үчүн көптөгөн адамдар Эмгек кодекси менен иштешпейт, же болбосо ага баш ийишпейт? Себеби Кыргызстандын Эмгек кодекси КМШ боюнча да бирден бир бюрократиялаштырылган, Европадан көчүрүлүп алынган мыйзам.

“Синцзян Бейсин” кытай компаниясындагы абалды карай турган болсок, анын ичинде кандай экенин, эмне үчүн анын жумушчулары нааразылыкка чыгып жатканын мен толук билбейм. Бирок жумушчулар өздөрүнүн укуктарын коргоого акылуу.

Менимче алар көчөгө чыгып, жол тосуп, же болбосо өздөрүнүн максаттарын саясатташтырбай, андан көрө сот аркылуу чечишсин. Эгерде сот ал ишти карай албаса, акыйкатчыга кайрылышсын. Маселени чечүүнүн мына ушундай көптөгөн юридикалык жолдору бар. Болбосо дароо саясатташтырып жиберип, муну менен чет өлкөлүк иш берүүчүлөрдүн имидждерине көлөкө түшүрүү да туура эмес.

“Азаттык”: Чет өлкөлүк иш берүүчүлөр кыргызстандык жумушчуларга андан-мындан "ишке шалаакы мамиле жасашат, жалкоорок, көп кечигет" деген өңдүү дооматтарын айтып калган учурлар болот. Сиз ушундай учурларды байкагансызбы?

Мирсулжан Намазалиев: Мисалы, жалаң гана кытайлык компания эмес, кайсы бир жерлерден көрүп калдым, Кыргызстандын эле пансионаттарына кытайлыктарды алып келип иштеткендер бар. Себеби кытайлыктар абдан бат иштешет, аз тамактанышат деген сыяктуу жүйөлөрдү айтышат. Андыктан биздин жарандар да жакшылап иштегенди үйрөнүшү керек.

Жалкоолуктан алысыраак болушу керек. Жумушка балким көнө элекпизби, айтор көп учурларда кечигүүлөр көп болот. Балким бул деле иш берүүчү менен жумушчунун ортосунда жаңы проблемаларды, жаңжалдарды түзүшү мүмкүн.

“Азаттык”: Сиздердин Борбор Азиядагы эркин базар институту реформа жасоо үчүн бир катар демилгелерди сунуштап жүрөсүздөр. Иш берүүчү менен жумушчулардын ортосундагы мамилени жакшыртуу кандай сунуштарыңар бар?

Мирсулжан Намазалиев: Менимче Эмгек кодексин толугу менен реформалаш керек. Биринчиден, ал жактагы бир катар бюрократиялык тоскоолдуктарды алып салуу керек. Балким менин айткандарым таң калыштуу деп кабыл алынышы мүмкүн: бизде мыйзам боюнча жумуштан кетирүү абдан кыйын. Себеби бир нече убакыт бою жөлөк пул беришиң керек.

Бирок мен өзүмдүн компаниямды түзүп, тобоокелчиликке барып, коркунучтарды алдын алып иштеп жатам. Демек биз көп адамды расмий түрдө жумушка орнотуу үчүн Эмгек кодексин реформалап, жумуш берүүчүлөргө көбүрөөк эркиндик беришибиз керек. Бюрократияны алып ташташыбыз керек. Алар ошондо гана Эмгек кодекси боюнча адамдарды көбүрөөк жумушка алып башташат. Азыр болсо эки бухгалтерия бар. Жумушка алып жатканда келишим түзүлбөйт. Анан проблемалар болсо сотко да кайрыла алышпайт.

Эмгек эркиндиги деген көрсөткүч бар. Бул экономикалык эркиндиктин бирден бир индикатору. Мисалы Грузия жүз пайыз эмгек эркиндигин түзүп берди. Бизде болсо бул 30-40 пайызды түзөт. Эгер биз бул көрсөткүчтү жогорулата алсак анда эл аралык компаниялар да, биздин өзүбүздүн кичинекей бизнестерибиз да адамдарды расмий жумушка алганга макул болушат. Антпесе проблемалар боло берет.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG