Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:45

“Аялзат” берүүсүнүн бүгүнкү каарманы - 33 жаштагы Турсунай. Ал да үй-бүлөдө зомбулукка кабылып көз жашын төккөн, баш калкалап кризистик борборго качып барууга аргасыз болгон, кызыл камчы күйөөсүнүн муштумунан күн алыс бети-башы, денеси көгөргөн ондогон аялдын бири.

Үй-бүлө куруп, бирге түтүн булаткан 10 жылда беш балалуу болушкан. Тилекке каршы ошонун тогуз жылын ызы-чуу менен, күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылып жашап келатыптыр.

Турсунай: Былтыр сентябрь айында да катуу сабагандан кийин ата-энемди чакырып, үйдөн чыгып кеткем. Кетип жатканда эмчектеги баламды бербей койду. Бир аптадан кийин Социалдык коргоо, милиция кызматкерлерин ээрчитип барганда да балдарымды берген жок.

Кийин "балдар сенсиз жашай албайт, менин да экинчи колум тийбейт" деп жалдырап, ата-энемден кечирим сурап, мени алып кеткен. Бирок бир жума өтпөй эле кайрадан сабай баштады. Көбүнчө башы-көзүмө ургулайт, башым чайкалган. Башым ооруйт.

Мурда ичкилик иччү, кийин намаз окуп калган. Намазына ишенип да кайтып баргам, "чын эле оңолуп калыптыр" деп. Жок, намаз окуп алып деле сабайт.

Мен эч жакта иштебейм, беш бала менен үйдө отурам. Өзү бир жакка кетсе деле “үйгө ким келди, кайсы кошуна келди" деп турат. Ата-энемди сөккөнгө чейин барды, мени эле эмес, балдарымды да сабайт. Мени алардын көзүнчө урат.

“Азаттык”: Балдарыңыз канчада?

Турсунай: Улуу балам 2-классты бүттү, кичүүсү бир жаштан ашып калды.

"Үмүт менен жашап келдим"

“Азаттык”: Үйдөгү уруш көбүнчө эмнеден чыгат, себеби эмне?

Турсунай: Уруштун көбү эле кызганычтан чыгат. Бул жолу да айла жок качып келдим. Мен гана эмес, балдарым да атасынан коркот. Акыркы жолу катуу сабады, ошого чыдабай качып чыктым. Пылесостун шнуру менен, тамак ичип атып чөмүч менен бетке чаап, чачыман жулуп, ары-бери сүйрөп тартат, балдарым болушса “ушул апаңар үчүн ыйлайсыңар” деп аларды урат.

Үйдө да Кудайдан тиленип, бүгүн тынч жатсак экен деп келме келтирип отурчумун. Бирок үйдө күнүгө эле ызы-чуу болчу, күнүгө... Ал келатканда эмне кылып, эмне коюп жатканымды билбей, өзүмдү жоготуп койчумун. Дүкөнгө барсаң да "бат кел" дейт, бир аз кечиккенде анда да урушат.

Акыркы жолу кайда кеткенимди эч кимге айткан эмесмин. Бир жумадан кийин милиция издей баштаптыр. Күйөөм издеп атат окшойт десем, ата-энем издептир. Энемдин жүрөгү оорубасын деп “тирүү элемин, бул жактамын” деп кабар бердим. Буга чейин да туугандар "ушундай ур-токмок жегенден көрө жашабай эле кой" десе, балдар үчүн жашап жүрдүм. Балдар үчүн десең өзүң кор болот экенсиң...

Мени жерге отургузуп алып тепкилеп, башы-көзүмө ургулап сабайт. Балдарымдын да психологиясын бузду. Балам мектепте ызы-чуу болсо, коңгуроо кагылса эле кулагын жаап ыйлап жиберет экен. Бул тууралуу эжекеси менин кошунама айтыптыр. Өткөндө да кызым менен баламды кур менен сабады. Улуу балам көк-ала болуп үч күн температура болуп жатты. Кыздарын уят сөздөр менен сөгөт.

“Азаттык”: Эмнеге балдарыңызга болушуп, коргой албай калдыңыз?

Турсунай: Аларга жардам берейин, коргоюн десем мени да сабайт. Бир нерсе болсо эле болушпа дей берет. "Балдарыма кандай мамиле кыларымды өзүм билем, сенин ишиң болбосун" дейт.

“Азаттык: Ушунча жылдан бери кантип чыдап жашадыңыз?

Турсунай: Күйөөмдү жакшы көрчүмүн да, ошого чыдап жүрө бердим. Жакшы көрбөсөм биринчи балам төрөлгөндө эле кетип калат элем. Өзгөрөт деп күтүп, үмүт кылып жүрө бергем.

“Азаттык”: Азыр деле жакшы көрөсүзбү?

Турсунай: Азыр бүттү, жакшы көрбөйм. Кадимкидей коркуп турам. Кечинде деле аны уктатып коюп анан өзүм жатчумун, ал тургай төшөктү ачканда ойгонуп кетпесе экен деп коркчумун. Айла жок, балдарың үчүн, ата-энеси менен өссүн дейт экенсиң. Экөөбүзгө эмне, ортодо балдар эле кыйналат.

Тогуз жылдан бери сабап отуруп жүрөктүн үшүн алып бүттү, балдарымды алайын деп дагы коркуп атам. Күйөөң канчалык урган сайын ошого деле көнүп, денең да бара-бара көгөрбөй, ооруну сезбей калат экенсиң. Тогуз жыл бою сабап келатат, башында ыйлап, жаман болчумун. Азыр сабаган күндө деле ыйлабайм, жаш чыкпайт. Урса деле отура берем.

Ар ким өзүнөн баштаса...

Кризистик борборлорго убактылуу баш калкалап баргандардын көбү күйөөлөрүнө кайтып барат. “Аялзат” түрмөгүнүн өткөн берүүлөрүндө сөз кылган Нурипа аттуу келин да балдары үчүн күйөөсүнө кайтып барганын “Сезим” кризистик борборунан кабарлашты. Ал 11 жылдан бери жолдошунун токмогун жеп жашап жатканын, чачын талга байлап урарын билдирген эле.

Кризистик борборлордун буга чейинки изилдөөсүнө караганда, Кыргызстанда аялдардын 70 пайызы зордук-зомбулуктун ар кандай түрүнө туш болушат. Көп аялдар уруш-талаш кызганычтан чыгарын айтышат. Кызганыч оорубу же айрымдар белгилеп жүргөндөй сүйүүдөн келип чыккан көрүнүшпү? Үй-бүлөдөгү уруш-талаштан ким көбүрөөк жабыркайт? Психолог Самат Аалканов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Самат мырза, психологдор кызганычка кандай аныктама берет?

Самат Аалканов: Кээ бир үй-бүлөлөр кызганычка батып кетишет. Психологдордун көбүнүн ою боюнча, ар бир адамдын үй-бүлөлүк программалары бар, ошонун негизинде жашашат. Мисалы, ата-энелерибиз белгилүү бир кыйынчылыктарды башынан өткөргөн, бири-бирин кызганган. Кийин балдары орусча айтканда “рефлекс” сыяктуу, ушундай мамиле болуш керек экен дегендей, аңдабай туруп аны өздөрүнө сиңиришет.

“Азаттык”: Ушул багытта психологго кайрылган үй-бүлөлөр болобу?

Самат Аалканов: Кайрылгандар болот, бирок аз. Кыргызстанда үй-бүлөлүк психолог деген жокко эсе. Массаны алганда эл муну түшүнбөйт, маани беришпейт. Проблеманы же анын себебин башка жерден издешет. Жашоодо ар кандай кыйынчылыктар болот. Ага өзүбүз жооп берип, жоопкерчиликти өзүбүз алышыбыз керек. Көп учурда күнөөнү башка бирөөдөн издейбиз. Ошондуктан өзүбүздөн да издеп, аны чечкенге аракет кылышыбыз зарыл. Кызганып эле аялым же күйөөм жаман, ал туура эмес мамиле жасап жатат деп ойлошот. Баары өзүңдөн башталат. Ар бир уруш-талаш жөн жерден чыкпайт, анын себеби, тамыры болот.

“Азаттык”: Кандай болгон учурда да чыр-чатакты болтурбоонун кандай жолдорун сунуш кыласыздар?

Самат Аалканов: Жөн жерден эч нерсе чыкпайт. Ошонун тамырын чечиш керек. Ар ким өзүнөн башташ керек. Балдар да ата-энесинин бири-бирине болгон мамилесинен, жүрүм-турумунан сабак алат. Бул алардын кийинки жашоосуна таасирин тийгизет. Чечилбей калган проблемалар кийинки муунга тарбия менен өтүп кете берет.

Дагы бир белгилей кетчү нерсе, сүйүүнүн ар кандай энергиясы бар. Мисалы, бири-бирин бактылуу кылып, гармонияда жашаш үчүн аялдын да, эркектин да энергиясы болот. Бирок көп аялдар балалуу болгондо күйөөсүн унутуп, болгон сүйүүсүн, энергиясын баласына бере баштайт. Баштагыдай сүйүүнү, мамилени күткөн эркектерге бул жакпайт, жаман реакция кылат. Ошондуктан эркектер баласын сабашат, башкача айтканда өздөрү аңдабай туруп баласына кызганышат. Алар кээде баласын уруп жибергенин да билбей калышат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG