Линктер

27-августтагы Москвада басмаканадагы өрттө 17 адамдын, анын ичинде 14 кыргызстандык кыз-келиндин өлүмү боюнча кылмыш иштерин иликтөө үчүн атайын тергөө тобу иштөөдө. Бирок басмакананын ээси делген орусиялык ишкер Сергей Москвин алигиче камакка алына элек.

Ал эми Орусиядагы миграция боюнча адистер жана айрым москвалыктар мигранттар чет жакта жүргөндө өз өмүрүнүн коопсуздугу тууралуу биринчи кезекте өздөрү ойлошу керек деген ой-пикирлерин айтышууда.

Москванын түндүк-батышында жайгашкан “Печатный экспресс” басмаканасында бир топ жылдардан бери кыргызстандык мигранттар иштешчү. Күндүзгү жана түнкү мөөнөттө 12 сааттан жалпысынан элүүдөн ашуун жумушчу эмгектенишчү.

Эртең менен ишке келип, түтүндөн көчөгө качып чыгууга үлгүргөн Майрамкан Култаева өрт коопсуздугу боюнча эрежелер менен тааныш болбогонун айтты:

- Менин иштегениме бир жылдай болуп калган. Буга чейин иштеп кеткен кыздар мурда өрт коопсуздугу боюнча текшерүүлөр болуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн айтышты. Бирок мен келгенден кийин андай болгон эмес. Негизи имараттан чыгууга эки эшик бар болчу, чатырга чыгууга дагы мүмкүн эле. Бирок каза болгон кыздар төртүнчү кабатта түтүндө камалып калышты да. Ал жакта терезелер да аябай кичинекей эле.

Өрт чыккан басмакана

Өрт чыккан басмакана

Басмаканада бир күндүк ишке 1200 рубль төлөнүп, жумушчулар айына 30 миң рублдай маяна алышчу.

Кадыр Кудайбердиевдин айтымында, жетекчилик жумушчуларды мыйзамдуу жумушка алуудан качып, мигранттардын көбү эмгек келишими жок иштеп келишкен.

- Бул жакта башында бир гана орусиялык жарандарды алчу. Чынын айтканда, башка бирөөнүн орусиялык паспорту менен иштеп жүргөндөр да болду. Кыргызстан Евразия биримдигине киргенде биз жетекчиликтен эмгек келишимин түзүүнү суранганбыз. Бирок алар макул болушкан эмес. Текшерүүлөр келгенде баарыбызды таркатып, орусиялыктарды эле алып калышчу.

Басмакананын жумушчуларынын айтышынча, өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрмө былтыр октябрда өткөрүлгөн. Бирок мекемеде жумушчулар тез-тез алмашкандыктан, ишке кийин орношкондор өрт коопсуздук эрежелери менен тааныштырылган эмес. Ал эми ишканада акыркы пландык текшерүү төрт жыл мурун жүргүзүлгөн.

Сурамжылоого катышкан Москвадагы жергиликтүү калк чет өлкөгө акча табууга келген эмгек мигранттары өз коопсуздугу тууралуу биринчи кезекте өздөрү ойлонушу керек деген ойдо.

Владимир:

- Улуту ким же кайдан болбосун, эгерде ишке орношкондо эмгек келишимин жумуш берүүчү менен түзбөсө, анда өзү жоопкерчиликтүү да. Мен, мисалы, Казакстандын жаранымын. Эмгек келишимин түзүп, мага жумушта коопсуздук шарттарын түзүп бербеген жерге эч качан ишке барбайм.

Марина:

- Биринчи кезекте мигранттар өздөрү жооптуу. Экинчиден, консулдуктар жана элчиликтер өз жарандарын караш керек. Алар чет өлкөдө иштеп жатышат. Албетте, жумуш берүүчүлөр ишчилерине жоопкерчилик алышы керек. Бирок ар бир адам өзү тандай алат да, жумушчуларды ушул жерде иштегиле деп эч ким мажбурлай албайт.

Алексей:

- Албетте, жумуш берүүчү иште коопсуздук шарттарын түзүп бериши керек. Бирок жумушчулар да өздөрүн кийин коргой ала тургандай кепилдиктер жөнүндө ойлошу керек да.

“Печатный экспресс” Москвада 2003-жылы ачылган. Ишкананын бир жылдык жүгүртүмү 200 миллион рублдан ашчу.

17 адамдын өмүрүн алып кеткен кырсык боюнча Орусиянын Кылмыш кодексинин 219-беренеси (Өрт коопсуздугун сактоо эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок бул кылмыш боюнча бир дагы адам камакка алына элек.

27-август, өрт чыккан жер

27-август, өрт чыккан жер

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлү Аскат Алиев басмакананын ээси - Сергей Васильевич Москвин аттуу Орусиянын жараны издөөгө алынганын кабарлайт.

- Тергөөдө атайын топ түзүлүп, иликтөө кызуу жүрүүдө. Сурак бергендердин маалыматы бир том болуптур. Азырынча эч ким камакка алына элек. Басмакананын ээси Москвин изделүүдө. Биз өзүбүз Тергөө комитетинин ишине түздөн-түз кийлигише албайбыз, бирок, ага карабай, иликтөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат алып, көзөмөл кылабыз.

Тергөө бери дегенде эки айга созулмакчы. Өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабай, эки же андан ашык адамдын өлүмүнө күнөөкөр болгондор аныкталса, Орусиянын Кылмыш кодексине ылайык жети жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы берилмекчи. Ошондой эле басмаканада мигранттарды эмгек келишими жок иштеткендиги үчүн мыйзамсыз миграция уюштуруу кылмыш беренелери боюнча жоопко тартылышы ыктымал.

Орусиядагы тажикстандык мигранттар биримдигинин жетекчиси Каромат Шарипов мигранттар Орусияда бир гана арзан эмгек күчү катары бааланарын айтат.

- Орусияда эмгек мигранттары товар болуп калды. Алар пайда табуу үчүн гана колдонулат. Болгондо да эң арзан баада. Мен ушул тергөө акыйкат болуп, күнөөлүүлөр жаза аларына деле ишенбей турам. Ар бир өлкө өз жарандары үчүн жоопкерчилик алышы керек. Жарандарына өз жеринде жумуш ордуларын түзүшү керек. Бажы союзу же Евразиялык экономикалык биримдиктер деле эч нерсе бербейт. Кыргызстан биримдикке киргени менен кыргызстандык мигранттар тажикстандыктар же өзбекстандыктар катары эле аз маянага, оор шарттарда иштеп жүргөнү ачылып калбадыбы. Ошон үчүн башка өлкөлөрдөн жардам күтпөй, Борбор Азия өлкөлөрү өзүбүздүн үйүбүздө, жерибизде шарт түзүшүбүз керек.

Орусиянын Эмгек жана жумуштуулук федералдык кызматы ушул тапта өрттө каза болгон жарандардын туугандарына 1 миллион рублдан каражат төлөнүп берилерин маалымдоодо. Бирок, мындай каражат жумушка расмий түрдө орношуп, эмгек келишимин түзүп, тийиштүү салыктарды төлөп жүргөндөргө гана берилет. Ал эми Москвада өрттө каза болгон 14 кыргызстандык кыз-келиндердин дээрлик бардыгы эмгек келишими жок иштеген.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG