Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Москва: токмоктон бир мигрант ажал тапты


Актан Касымовдун "Одноклассники" сайтындагы баракчадан алынган сүрөтү.
Актан Касымовдун "Одноклассники" сайтындагы баракчадан алынган сүрөтү.

Москвада жергиликтүүлөрдүн токмогуна кабылган кыргызстандык Актан Касымов 2-майда каза тапты. Жакындары анын улуттук жек көрүүчүлүктүн курмандыгы болгонун айтып, кылмышка шектүүлөр акыйкат жаза аларынан күмөн санашууда.

Он гүлүнүн бири ачыла элек кезде, 23 жашында бейажал өлүм тапкан Актан Касымов Москвада чач тарач болуп иштечү. 2-майда досу Азамат менен бирге “Территория” түнкү клубунда отуруп, тейлөөчүлөр ашыкча чек жазып койгондуктан, ал жердин кызматкерлери менен тартыша кеткен.

Ошол күнү маркумдун жанында жүргөн Азамат түнкү клубдун кызматкерлери чындыкты укпай эле, айыппул төлөөнү талап кылганын, айла жок айтылган сумманы берип чыгууга мажбур болгонун “Азаттыкка” билдирди:

- Бизди клубдан чыгарбай койгондуктан, айткан акчасын берип кеткенбиз. Бир-эки саат көчөдө айланып жүрүп, дүкөнгө кирдик. Ошол жерден клубдун эки күзөтчүсүнө жолугуп калдык. Алар бизге кекенип калганбы, ар кайсыны айта башташты. Анан кол көтөрүштү. Мен эсимди жоготуп коюптурмун. Өзүмө келсем, Актандын жансыз денеси жанымда жаткан экен. Ошол жердеги күбөлөр күзөтчү аны башка бир чапкандан кийин, жерге жыгылып, ошол бойдон турбаганын айтышты.

Актан Касымов инилери менен
Актан Касымов инилери менен

Азаматтын айтканына караганда, күзөтчүлөрдүн бири украин тектүү, экинчиси орус жараны.

Окуя боюнча Москванын Люблино райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, иликтөө уланып жатат. Бирок, Актандын эжеси Айзада Абылгазиеванын билдиришинче, кылмышка шектүүлөрдү сот эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат алып туруп, бошотуп жиберген. Ошондуктан, маркумдун туугандары Орусиянын соту адилет өкүм чыгарып, күнөөлүүнү аныктап, жазага тартарынан шек санап жатат:

- Актандын апасы менен менин атам бир тууган. Бирок биз чогуу өскөнбүз. Иним чыр сала турган деле адам эмес эле. Жоош, созулган жигит болчу. Апасы зар какшап, боздоп отурат. Аны өлтүргөндөрдү соттун чечими менен бошотуп коюшуптур. Бул туура эмес да. Күнөөлүүлөр жазасын алышы керек.

Маркумдун жакындары окуяны калыс иликтөө үчүн жардам сурап Орусиядагы Кыргызстандын элчилигине кайрылууну көздөп жатышат. Элчиликтин юристи Мырзапаяз Карагулов мигранттын өлүмү тууралуу кабардар экенин, соттун шектүүлөрдү тил каттын негизинде бошотуу чечими Орусиянын мыйзамына ылайык кабыл алынганын “Азаттыкка” билдирди:

- Шектүүлөр Москванын тургундары экен. Жашаган жери, үй-жайы ушул жерде. Дагы бир жагдай, маркум бычак жеген эмес, ок атуучу курал менен өлтүрүлгөн эмес. Мындай учурда көп иликтөө талап кылынат. Аны бардык юристтер билишет.

23 жаштагы Актан Касымов үй-бүлө курууга үлгүргөн эмес экен.

- Улут аралык мамиле тууралуу маселени козгогум келбейт. Бирок, Орусияда кыргызды кыргыз деле өлтүрүп, талап-тоноп кеткен учурлар көп болуп атпайбы. Албетте, скинхеддердин жосуну кабыл алынгыс нерсе. Акмакчылыктын жеткен чеги.
Руслан Эшимов

Анын туугандарынын айтымында, Москванын укук коргоо органдары териштирүү соңуна чыга элек деген жүйө менен сөөктү сегиз күндөн бери бербей жатып, эми гана уруксат беришиптир. Маркумдун бул иш менен Москвада алектенип жүргөн бөлөсү Максат буларды айтты:

- Бул жакта ийне-жибине чейин иликтенмейинче, сөөктү бербейт экен. Документ иштери көп убакыт алып койду. Мына бүгүн уруксат алдык. Эми Кыргызстанга жиберебиз. Мен бул иштин калыс иликтенерине ишенбейм. Орусиянын жараны болсо да кандайдыр бир натыйжа чыкмак. Ал эми биз чет элдик болгонубуз үчүн орус бийлиги көп деле көңүл бурбайт.

Мигранттарды түйшөлткөн такырбаштар

Жакында эле Москва метросунда кыргызстандык мигранттарды туш-келди уруп-сабаган такырбаштар тууралуу видео интернетке тарап, көп өтпөй буга шектелген төртөө кармалган. Алардын скинхеддер экени тасмада көрүнгөнү менен орус полициясы футбол фанаттары деген билдирүү менен чектелди.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуш ардагерлерин 9-май - Жеңиш күнү менен куттуктап жатып, Орусияда фашисттик идеологияны колдогон скинхеддер пайда боло баштаганын минтип айткан эле:

- Согуш жылдарында жүз миңдеген качкындар Орусиянын шаарларынан эвакуацияланган. Карапайым кыргыз үй-бүлөлөрү алар менен акыркы кесим наны, кийими менен бөлүшкөн. Кийин алардын айрымдары Кыргызстанды түбөлүк мекендеп калышты. Бул тууралуу орус туугандарга бүгүн эстетким келет. Анткени Орусияда азыркы фашисттер - скинхеддер баш көтөрүп жатат.

Орусиядагы борборазиялык мигранттар
Орусиядагы борборазиялык мигранттар

Москвадагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Руслан Эшимов акыркы окуяларды сынга алып, бирок, мындай окуялар сейрек учурай тургандыгын билдирди:

- Улут аралык мамиле тууралуу маселени козгогум келбейт. Бирок Орусияда кыргызды кыргыз деле өлтүрүп, талап-тоноп кеткен учурлар көп болуп атпайбы. Албетте, скинхеддердин жосуну кабыл алынгыс нерсе. Акмакчылыктын жеткен чеги. Тарыхты билбегендер ар кандай тескери кылык-жоруктарга барып жатышат. Орус бийлиги аларга каршы күрөшүп жатат. Кыргызстанда деле кылмышкерлерди тыя албай атышат го. Менимче, бул жакта деле ошол көйгөй да.

Орусияда ашынган улутчулдардын мигранттарга кол салуулары 2007-2010-жылдар аралыгында абдан күчөп кеткен. Соңку учурда деле чет элдиктерди кодулаган көрүнүштөр жоюлбаганын интернетке жарыяланган видеолор, кабарлардан улам байкоого болот.

XS
SM
MD
LG