Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Ханты-Мансыдан элүү мигрант чыгарылат


Орусиянын Ханты-Мансы аймагынын бийликтери 50дөн ашык кыргызстандыкты депортациялоо үчүн Сургут шаарына жөнөткөнү кабарланды.

Жалал-Абаддан Орусияга барып иштеп жаткан мекендештерди полиция кармап кеткенин бизге Бахром Тулаев аттуу мекендешибиз кабарлады. Анын айтуусунда, 30-сентябрда Ханты-Мансыдагы көптөгөн кыргыздарды полициялар үймө-үй кыдырып, Сургут шаарына алып кетишти.

Бахромдун айтуусунда, полициянын рейди дагы деле уланып жаткандыктан үйдөн чыкпай отурат, ал эми кармалган мекендештер Сургут шаарындагы полициянын убактылуу кармоочу жайда экенин телефон аркылуу кабарлаган.

- Биз үйдөн чыкпай эле жатабыз. Телефон менен сүйлөшсөм полиция бөлүмүндө кыргыздар көп экенин айтышты. Бизди такыр иштетпей жатышат, ошондуктан жума күнү машина менен Кыргызстанга эле кетели деп жатабыз. Егорск шаарында да кыргыздар көп, алар да жумушка чыкпай үйүндө отурушат.

Бахром Тулаев он чакты мекендеш менен бирге Кыргызстандан май айында Ханты-Мансыга барышкан. ​Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул боюнча тактоо иштери жүргүзүлөрүн билдирет.

ЕАЭБ депортацияны күчөттү

Мекендештердин билдирүүсүндө Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине киргенден тарта, текшерүүлөр күчөп, депортацияга кабылган мекендештердин саны өстү. Бул сөздөрдү Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Ханты-Мансы округундагы өкүлү Кубанычбек Айдаров да тастыктады. Анын айтуусунда, Ханты-Мансыдан күнүнө 5-10 кыргыз мекенине чыгарылып жатат.

- Азыр рейд болуп атат, күнүгө кыргыздар Орусиядан чыгарылып жатат. Кечээ Сургуттун өзүнөн төрт жаран кетсе, Ханты-Мансыдан дагы үчөө чыгарылды. Орус бийлиги биздин келишимди тоготкон жок. “Жок” деген эле жоопторун берип жатат. Мигранттар Сургутта 5-10 күн кармалат дагы, мындан ары Кыргызстанга жөнөтүлөт.

Расмий маалымат боюнча Орусиянын Ханты-Мансы округунда 10 миңден ашык кыргызстандык бар. Бейрасмий эсеп боюнча алардын саны айтылгандан бир нече эсе көп.

“Замандаш” ассоциациясынын Орусия Федерациясы боюнча координатору Азамат Рахмановдун “Азаттыкка” билдиришинче, ЕАЭБдин алкагында мигранттарга жеңилдиктерди берүү боюнча келишим кагаз жүзүндө калып, иш жүзүндө мекендештердин абалын ого бетер оорлотту.

Рахманов билдиргендей, 1-ноябрга чейин мигранттарга Орусия берген мунапыска ишенип, мигранттар Орусиядан чыгып, кайра кире албай калышууда.

- Бизде келишим бар болчу. Ага ылайык "кара тизмеге" кирип Орусияда жүргөндөр 1-ноябрга чейин чек арадан кирди чыкты болсо, кара тизмеден чыгышы керек эле. Бирок биздикилер Орусиядан чыгып кайра кире албай калышты. Келишим иштеген жок, ошондуктан мигранттар ого бетер коркуп, Орусиядан чыкпай калышты. Орусиянын чек ара кызматы, миграция кызматы азыркы маалга чейин эч кандай токтом же документтер жок деп айтып жатышат. Жөнөкөй гана сүйлөшүүлөр болуп, документ менен бекитпептир.

Мунапыс кагаз жүзүндө калды

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Ханты-Мансы округундагы өкүлү Кубанычбек Айдаров ЕАЭБдин келишими жарым-жартылай гана иштеп жатканына кошулат. Анын айтуусунда, патент системасы жоюлуп, кыргызстандыктар эмгек келишими менен жумушка алына баштады. Ошол эле учурда документтеринде көйгөй бар мекендештерге эч кандай жеңилдик каралбай, дароо өз мекенине чыгарылууда. Ал эми колу жука, тааныш-билиши жок мекендештер айлап полициянын кармоочу жайында камалып, андан соң 5-10 жылга жана өмүр бою "кара тизмеге" түшүп жатат.

- Полициянын абагында жаткандардын көбүнүн тааныштары келип билет сатып беришип, депортацияланат. Такыр таанышы жоктор Орусиянын бюджетинин эсебинен кетет. Ал жакта категория менен депортацияланат. Биринчи кезекте паспортун жоготкондор, балдары менен чогуу абакка түшкөндөр жана кары-картаңдар абакта көп кармалбай өлкөдөн чыгарылат. Ал эми калгандары эки айлап отуруп анан өлкөдөн чыгарылат.

Кыргызстандын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маалыматында Орусиянын аймагында 500 миңден ашык кыргызстандык болсо, анын 200 миңге чукулу мыйзамсыз иштеп жүрүшөт. Бул адамдардын көпчүлүгү "кара тизмеге" кирген болушу мүмкүн деп, Орусиядан чыкпай жүрүшөт.

ЕАЭБдин алкагында Орусия 1-ноябрга чейин кыргыз мигранттарына мунапыс бергени менен, иш жүзүндө ал күтүлгөндөй натыйжа берген жок. Жыйынтыгында ушул өңдүү маселелер боюнча кайрадан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргызстандын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин өкүлдөрү учурда Москвада жүргөнү маалым.

Ред.: "Азаттык+" телетобу жакында эле Москвада болуп, "кара тизме" мигранттарды канчалык жүдөтүп жатканы тууралуу берүү тартып келген. Берүүнү бул жерден көрсөңүз болот.

XS
SM
MD
LG