Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:27

Мамбеталиев: Орус бийлиги оппозицияны угушу керек


Аскарбек Мамбеталиев
Аскарбек Мамбеталиев

Орусиядагы шайлоодон кийинки кырдаал жана премьер-министр Владимир Путиндин билдирүүсү жөнүндө саясат таануучу Аскарбек Мамбеталиев ой бөлүштү.

- Орусияда жекшембиде өткөн шайлоодон кийин, нааразылык акциялары болуп, эртең да уланганы турат. Кечээ Владимир Путин Орусиядагы соңку мезгилдеги ири демонстрацияларды комментарийлеп, Орусия эли кырдаал Кыргызстанда, же ага чейин Украинада болгондой өнүгүшүн каалабайт деп билдирди. Бул эмнеден кабар берет? Мындан Путиндин Кыргызстанда жана Украинада болгон ыңкылаптарга карата кандайдыр бир баасын көрүүгө болобу?

- Азыр Орусия же Казакстан өңдүү көпкө чейин бир президент менен жашап келген өлкөлөрдө Кыргызстан жөнүндө элдин ою башкача. Масс-медиа Кыргызстан тууралуу коркунучтуу элес тартып койгон. Ошондуктан алар Кыргызстан менен коркутуп жатат, элин чочуткусу келет да.

Башка ушундай өлкөлөрдө эл “Кыргызстанда башаламандык болуп, абал начар, революция деген жаман нерсе” өңдүү пикирлер менен медиа аркылуу сугарылып калган. Ошондуктан Орусия Кыргызстанды колдонуп, элин коркуткусу келип жатат.

- Путин өткөн айда Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Санкт-Петербургдагы жыйынында “араб жазы” атыккан окуялар Кыргызстандан башталганын белгилеп, өлкөдөгү өзгөрүүлөргө оң баасын бергендей болду эле? Оюнун өзгөрүшүнө эмне себеп? Же бул кырдаалга жараша эле айтылган сөзбү?

- Эми Кыргызстанды ар жак, бер жакка колдонгусу келип жатат. Маселен, Кыргызстанда башында ушундай башталган деп сыймыктануу сыяктуу айтылса, эми өзүнүн башына келип жатканда, аны терс мааниде колдонуп, кырдаалга жараша Кыргызстанды кандайдыр бир коркунучтуу нерсе катары колдонгусу келип жатат.

- Орусиядагы кырдаалга келсек, Путин өз сөзүндө эл башаламандыкты каалабайт деп жатат. Буга кепилдик бар деп ойлойсузбу? Чындап эл каалабайбы, же бийликпи?
Орусия кыймылга келсе, 17-жылдардагыдай чоң окуяга туш болуп, Орусия бөлүнүп да кетиши мүмкүн.

- Эл каалап, каалабай турганын эч ким билбейт. Же анкетирлөө жүргүзүлбөсө, же социологиялык сурамжылоо жүргүзбөсө, элдин пикирин кайдан билмек эле. Азыркы 21-кылымда, масс-медиа, маалымат каражаттарынын, демократиянын өнүгүп жаткан доорунда, ушунчалык чоң элди көпкө отуруп башкаруу бул өзүнчө тобокелдикке жатат.

Балким мынчалык башаламандык болушун бийлик каалабаса керек. Бирок Орусияда диктаторлор дайыма эле көпкө чейин башкарып келген. Бул жагдайды да алар жутуп алышы мүмкүн. Бирок экинчи жагынан 21-кылымда көпкө чейин бийликте отура берүү бир аз опурталдуу.

- 10-декабрда орус оппозициясы ири демонстрацияга чыгабыз деп жатышат. Кеминде 30 миңдин тегерегинде адам катышары айтылууда. Алардын талаптары канчалык деңгээлде аткарылып, үндөрү угулат деп ойлойсуз? Орусиядагы окуялар кандай өнүгүшү мүмкүн?

- Менимче, алардын үнүн укпаса, Орусия кыймылга келсе, 17-жылдардагыдай чоң окуяга туш болуп, Орусия бөлүнүп да кетиши мүмкүн. Андыктан эки вариант бар. Эгерде аларды угуп, акылына келсе, оң жакка чечилет. Эгер укпаса, кырдаал курчуп, быйыл болбосо эмдиги жылы, ал жылы болбосо кийинки жылы орус эли ошол укпагандарды алып түшүшү мүмкүн. Анткени тарыхта мындай окуя болгон.

- Шайлоодо “Бирдиктүү Орусия” буга чейинки шайлоолорго салыштырмалуу кыйла эле аз добуш алды. Анан Владимир Путин өз сөзүндө демонстранттарды АКШ шыктандырды деп айтып чыкты. Деги Орусиядагы соңку жандануу эмнеден кабар берет?

- Эми күнөөнүн баарын бир жактуу оодара салуу кээ бир адамдарга дайыма мүнөздүү. Өзүнөн көрбөй, башка тарапка оодара салып жатышат. Бул көнүмүш адат. Ошондуктан бул жолу ал иштебей калышы мүмкүн. Анткени Путин убактылуу эле Медведевди колдонгонун элдин баары эле билет.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG