Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Осмонбеков: Кыргызды жаманатты кылбаганга тырышабыз


Кубанычбек Осмонбеков.
Кубанычбек Осмонбеков.

"Азыркы кыргызстандык" рубрикасынын бул жолку коногу - Москва шаарындагы “Айкөл” күрөш клубунун негиздөөчүсү жана “Деловая аудитория” журналынын башкы редактору Кубанычбек Осмонбеков.

Москва келгиндерди чүкөдөй калчайт. Бири таа түшсө, бири бөк түшөт. Бири оор сыноолордон өтүп курчуса, экинчиси мокойт. Бул чоң шаарда өз ордун, жолун тапкан жердештердин бири - Кубанычбек Осмонбеков. 29 жаштагы Кубанычбек бүгүн Москвадагы “Айкөл” күрөш клубунун директору.

Эр жигитке миң сыноо

Кубанычбек «Москвага туз буюруп» келип калгандардын бири. Сегиз жыл мурда Санкт-Петербургга семинарга келип, тааныштары менен учураша кетейин деген тейинче бул шаарда калып калган.

Ал кездеги студенттин башкы тилеги - «Гольф» маркасындагы унаага тыйын топтоо эле. «Башында кафеде бармен, кийин курьер болуп иштедим. Баштан көп сыноолор өттү», - дейт ал эски күндөрдү эстеп.

- Орустардын «издеген табат» деген жакшы сөзү бар. Курьер болуп жүргөндө көп адамдар менен таанышып, көп байланыштарды таап алдым. Ошол байланыштар аркылуу жеке иш ачып, ирдендим. Ал ортодо өйдө-төмөн болдум. Жашоонун ачуусун да, таттуусун да татып калдым. Бир нече чөйрөдө иш баштоого аракет кылдым. Дүкөн, соода түйүндөрдү ачып көрдүм, кийим-кечеден тышкары индус өнөктөр менен шырдак да саттым. Тамак-аш жаатында да иштедим. Акыры ары-бери урулуп-согулуп жатып бир чөйрөнү тандадым.

Кыргызды жаманатты кылууну каалабайбыз

Учурда Кубанычбек жетектеген «Айкөл» күрөш клубунда 200дөн ашуун бала машыгат. «Алыс жакта жүргөндө кыргызды жаманатты кылбай, балдарды жакшы жолго үндөөгө аракет кылып жатабыз»,- деди ал. Жакын арада Москвада миң кишилик спорт клубун ачып, кыз-келиндер жана кичинекей балдар үчүн шарт түзүүнү пландап жаткан кези.

"Алыш" клубунун спортчулары. Москва. 2015-жыл.
"Алыш" клубунун спортчулары. Москва. 2015-жыл.

​- Азыркы учурда кыргыз спортчулары Москвада гана эмес, Орусиянын аймагында алдыңкы спортчулардын тизмесинде турат. Мурда таймаштарда башка өлкөнүн өкүлдөрү үстөмдүк кылса, азыр кыргыздар дагы алардан кем калбайт. Көпчүлүк жерде биздин балдар жеңүүчү болуп чыгууда. Дүйнөлүк деңгээлде профессионалдуу күрөштөргө катышкан балдарыбыз да бар. Кыргыздын желегин көтөрүп, намысты коргоп келишет. Булар мигранттардын арасынан чыккан спортчулар.

- Спортчулар криминалга аралашып кетчү эле. Машыккан балдардын ичинен бирөөгө күч колдонууну каалагандар болбойбу? Балдарды кандай көзөмөлдөйсүздөр?

- Негизи мындай иштер болуп келген. Спорт залында күчкө толуп, эр жетип турган балдардын баары эле кызыгат. Андан тышкары, бири болбосо, бири көчөдөн күчүн көрсөткүсү келет. Бирок бизде талап катуу, көзөмөл күчтүү. Ар бир эки жума сайын чогулуп, мындай нерселерди тескеп турабыз. Биздин клубда «мушташкың келсе, рингдин ичинде мушташ» деген мыйзам бар. Балдар көчөдөн ушундай иштерге аралашып калган болсо, биз кадимкидей суракка алабыз. Ар кандай учурлар болот – бири өзүн коргойт, бири башка бирөөгө жардам берем дейт, ал эми өзү барып урса, бул такыр башка кеп. Кудайга шүгүр, бизде азыр мындай окуялар боло элек.

- Ушул күрөш клубун ачып, жаштарды спортко чакырууга эмне түрткү болду?

- Балдар үй-бүлөсүнөн чыккандан кийин бөтөн жерде ар кандай кырдаалдарга туш болушат. Кээ бирөө ичимдикке берилет, кээ бирөө жаман иштерге кошулуп кетет. Бош убагында көчөдө сыра көтөрүп, кыргыздарды жаманатты кылбай, денесин жана жан дүйнөсүн машыктырып, күчтөнтүүгө шарт түзүп берүүгө аракет кылабыз. Чыкыйып, бир калыпта жүрсө, башка элдер деле суктанса керек.

Спорт айдыңынан тышкары «Айкөл» борбору 2012-жылдан бери Орусиядагы кыргызстандык ишкерлер жөнүндө «Деловая аудитория» журналын жарыкка чыгарып келет. Башкы максат - жаш ишкерлерди таанытуу менен өсүп келаткан муунду ишкердикке шыктандыруу. Азыр журнал орус тилинде 5 миң нуска менен чыгат.

Москвадагы кыргыздар
Москвадагы кыргыздар

​- Биз журналга чет өлкөдө жүргөн кыргыз ишкер мигранттарынын өмүр баянын жазабыз. Ишкердин ийгилик тарыхын окугандан кийин жаш муундар дагы ошол деңгээлге жетүүгө аракет кылса деген ой. Бул жерде бардыгы жаш ишкерлер, атактуулар жок. Байлыкты мурас катары алган же атасынын акчасын колдонуп иш кылгандар жок, бардыгын өзү нөлдөн баштаган каармандардын тагдырын чагылдырабыз. Ошолордон биздин окурмандар бир үлгү алышса деген үмүт.

Мен Орусияда эр жеттим

"Мен кайда барсам да өз ордумду таап кетериме ишенем. Бирок жүрөккө жакын жерде болуш керек. Мен бул жерден эр жеттим. Азырынча мен өзүмдү Орусиядан көрөм", - дейт Кубанычбек. Учурда орус жергесинде жеке ишкердик кылган кыргызстандыктар менен биригип, ич ара биримдик түзүлүп жатканын айтты каарманыбыз.

- Ишкерлердин базасын топтоп, Кыргызстан менен Орусия ортосунда жакшы иштерди өнүктүрсөк деген ойлор бар. Азыркы учурда ассоциациябыз жаңы түзүлө баштады. Ишкерлерди чогултуп, өз ара байланыштырып, ич ара өзүнчө иштерди өнүктүрүүнү пландаштыруудабыз. Азыр 20-30 чакты ишкерлер “чогуу ачалы, чогуу иштейли, чогуу өнүктүрөлү” деп турган чагы.

Кубанычбек жашоодо "издеген табат" деген принцип менен жашайт. "Кыргыз жаштары алдына максат коюп, изденишсе, өздөрүн жашоодо жоготушпайт эле",- дейт каарманыбыз сөз соңунда.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG