Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Москвада кыргыз паспортун көтөргөндөр көбөйдү


Иллюстрация
Иллюстрация

Москвада жумушка оңой орношууну каалаган борборазиялык мигранттар кыргыз паспортун жасатып алышууда. Айрыкча Кыргызстан ЕАЭБга кошулат дегенден бери бул көрүнүш күч алды.

Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча келишим толук күчүнө кирсе, Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттар бир топ жеңилдиктерге ээ болот.

Мындан улам Москвада жумушка оңой орношууну каалаган борборазиялык башка мигранттар да кыргыз паспортун жасатып алууга өтүшкөн.

Өзбекстандын 33 жаштагы жараны Зухра "Кыргызстандын жарандыгы эмес, паспорту гана керек" деп, ыймандай сырын айтып отурду:

- Кыргыз жарандыгын албайм. Москвада жумушка орношууга паспортту көрсөтүү жетиштүү. Баары бир жумушка расмий түрдө алышпайт. Айлыгым колума тийип турса болду. Убактылуу иштөөгө болот.

Билгендердин айтымында, Москвада жасалма паспорт сатып алуу чоң деле көйгөй эмес. Казань темир жол бекетинде документтин каалаган түрүн жасатып алууга болот. Метродон чыгаар замат "патент", "паспорт", "медициналык күбөлүк" деп тургандар өздөрү жетелеп жөнөшөт.

Диля аттуу келин бул "сыйкырдуу" жайда Кыргызстандын ички паспортун 2,5 миң рублга бир күндө жасатса болорун айтты:

- Жумушка орношконго жарайт. Көчөгө, чек арага чыкканга болбойт. ID жасап берем...

Диля Кыргызстандын чет элдик көк паспортун жасатууга азырынча мүмкүн эместигин айтты.

Казань вокзалы
Казань вокзалы

Өзүн Толик деп тааныштырган Кыргызстандын жараны Казань вокзалындагы "паспортчулардын" кызматынан документтерин жоготуп алган мекендештерибиз дагы көп колдонорун айтат.

- Кыргыз жаранынын улуттук ID паспорту жоголуп кетсе, анын көчүрмөсүн Казань вокзалына барып жасатып алат. 18 миң рублга учакка билет алып, Кыргызстанга барып келгиче, 5 миңге бул жерде жасатып алышат. 3 миңдиги, 5 миңдиги бар. Сапатына жараша болот. Бирок укмуш жасашат. Кыргызстанда берилген паспорттогудай эле. Сен да, мен да айырмалай албайм. Аны атайын текшертүү гана керек. Ошондо билинет. Бирок аны жумушка орношууга гана колдонууга болот. Көчөдө жүрсө кармап калат, учак менен уча албайт.

Тамыр жайган кылмышкерлер

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлү Аскат Алиевдин айтымында, паспорт жасоочулар көп жылдан бери бекем түптөлүп калган, аны жоюу оңойго турбайт.

- Москва шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө башкармалыгы менен бирдикте аракет көрүп жатабыз. Жакын арада жыйынтык болот. Бул жакта көп жылдан бери уюшкан кылмыштуу топ бар экен. 5 миң рублга каалаган документти жасатса болот экен.

Орусияда жасалма документтерди даярдоо же колдонуу үчүн эки жылдан төрт жылга чейин эркинен ажыраткан жаза каралган. Юрист Филипп Шишов жасалма документти даярдаган адамга караганда, жасалма документти колдонгон адам катаал жаза тартып калышы ыктымалдыгын эскертти.

- Орусияда жасалма документтерди даярдагандарга 15 миң рублга чейин айып пул жана 2 жылга чейин эркинен ажыраткан жаза мөөнөтү каралган. Документ башка кылмыш ишин жабуу же жеңилдетүү үчүн жасалган болсо, анда 4 жылга чейин жазага тартылышы мүмкүн. Ал эми мындай жасалма документти колдонгон адамдар үчүн 6 айга чейин эркинен ажыратуу, айып пул жана түзөтүү иштери каралган. Бирок атуул документ жасатуу үчүн сүрөтүн же өзү тууралуу кандайдыр бир башка маалыматтарды берсе, ошол замат ага каршы Орусиянын Кылмыш кодексинин эки беренеси боюнча иш козголот. Биринчиси - жасалма документти колдонуу, экинчиси - жасалма документти даярдоого катышуу деген беренелер.

Орусия быйылкы жылдын 1-январынан тарта өз аймагына кыргыз жарандарына ички паспорт менен кирүүгө тыюу салып, кийин Кыргызстандын суранычы боюнча ал чечимди өзгөрткөн. Учурда Кыргызстандын жарандары Орусия Федерациясынын аймагына ички паспорт – ID карта менен кире алат.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG