Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:10

"Орусия эми Кыргызстанга алдын-ала өлчөп гана жардам берет"


Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путиндин жолугушуусу.

Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путиндин жолугушуусу.

Кыргызстан-Орусия алакасынын кандай жолго түшө турганы жөнүндө маскөөлүк саясий талдоочулар кеп салышат.

Александр Храмчихин: Кыргызстандын Бажы союзуна кириши кыйын

“Азаттык”:
Александр мырза, Кыргызстан премьер-министри Алмазбек Атамбаев жаңы орунга шайланганга он күн толо электе Маскөөгө сапар алды. Бул анын биринчи жолку чет өлкөгө болгон иш сапары болду. Ушуну Сиз кандай кабылдадыңыз?

Александр Храмчихин: Бул Кыргызстандын башкы союздашы Орусия деп таанышын айкындап турат. Чынында Орусия гана Кыргызстанга экономикалык жана аскерий жардам бере алат. Калган мамлекеттер берчү жардамдар иш жүзүндө, же куру убада, же андай жардамдын түбү келип басып алуучулук жарына такоо болот.

“Азаттык”: Жогорку бийлик оозундагы кепте Кыргызстандын Бажы союзга кошулуусу айтылып жүрөт. Эгерде андай болгондо Лукашенко менен Бакиев досчулугу жолтоо болбос бекен? Ушул жагдайды сиз кандай түшүндүрөр элеңиз?

Александр Храмчихин: Жолтоо боло турган маселе жалгыз эле ушул эмес. Азыр Бажылык союз ишкердиги жандана элек. Анын үстүнө ага мүчө болуп өтүшкөн үч өлкө ортосунда кыйла тирешүү бар. Эми кошулган ар бир жаңы мамлекет дагы бир башка карама-каршылыктарды жаратат. Бул айдан ачык. Андан сырткары Кыргызстан Бажы союзуна кирген үч өлкө катарында экономикалык салмагы кыйла начар. Ошондуктан, менин баамымда, союзду азырынча кеңейтүү болбойт. Кандайдыр бир шылтоо менен Кыргызстанды ага мүчө кылып алуу мөөнөтү узартылат. Бери дегенде, Бажы союзу чындап ишин жүргүзүп кеткенге дейре...

“Азаттык”: Бул деле куру убада, тил эмизүү экен да?

Александр Храмчихин: Жок, бул такыр эле тил эмизүү эмес, бирок жакынкы учурда ал союзга мүчө кылып эч бир өлкөнү алуу болбойт. Бери дегенде, беш жылга...

Ажар Куртов: Орусия Кыргызстанга мурдагыдай жардам бербейт

“Азаттык”: - Ажар мырза, Кыргызстан өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев Орусия өкмөт башчысы Владимир Путин менен жолугуп кетти. Ушул учур канчалык деңгээлде эки мамалекет ортосунда алаканы чоң жолго сүрүп чыгара алат?

Ажар Куртов: - Атамбаев күткөн ишке Маскөө кантсе да көнө койбойт. Анын күткөнү эмне? Анын үмүтү - жакында Кыргызстанды Бажылык союзга Орусия, Беларус жана Казакстан уюштурган уюмга алуусу. Андай болбойт. Бажылык союзу жаңы эле уюшулду. Ал эми Кыргызстан эмдигиче өз чек арасын көзөмөлгө алганга күчү жетпей келет. Абдан тоскоол болор жагдай ушул. Бажылык союзу алдыңкы өнүгүүдөгү өлкөлөр үчүн уюшулган. Бери дегенде өз мамлекетиндеги мекемелери менен өз чек арасын кайтарууга тың жараган өлкө болушу керек.

Кыргыз өкмөт башчы журналисттер алдында айткан кебиндегидей, ошончо эле ири көлөмдөгү, канча жүздөгөн миллион доллардык жардам берүү деле болбойт. Кантсе да Орусия эми жардамды алдын ала өлчөп, кашыктап бергенге өтөт. Кайсы бир программа боюнча, баарыдан мурда, энергетикага, ушул ишке гана жумшалсын деп, ага багыштап бергенге өтөт. Андан сырткары гумжардам берет. Ошондуктан Кыргызстан жетекчилиги, Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев учурунда алардын өкмөтү менен бийлигине берген жардамдай Маскөө азыр да күрүлдөтүп берет экен дештен ары болуусу керек.

Маскөө баарын абдан жакшы түшүнүп, көрүп турат. Түштүктөгү кагылышта кырылган атуулдар, Жогорку Кеңеш жаңы курамындагы улам кайта болуп аткан тетири басуучулук, (мен ачыктан ачык улутчулдук көз карашта сүйлөгөн депуттар тобун айтып атамын). Андай көрүнүштөр Маскөөгө жага койбойт. Кыргыз жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөрдө Маскөө жаңы бийликке келген өкмөт өз жумуриятында улутчулдук тамыр жайып бараткан жагдайды кандайдыр бир жол менен ооздуктоону талап кылышы - турулуу иш.

“Азаттык”: Азыркы тушта Бишкек тышкы карыздар ичинен Орусия алдында 493 миллион долларга чукул төлөмөрдүгү бар. Алака оңолгонго байланыштуу Маскөө ушул карызын кечип койсо болбос беле?

Ажар Куртов: Карызды кечүү маселеси азыр эрте. Кантсе да Курманбек Бакиев өкмөтү тушунда пайда болгон тажрыйба колдонулат. Ал тажрыйбы боюнча карыз акча абдан узак убакка дейре улам узартылып олтурулат. Эскерте кетейин, Бакиев Маскөөгө келип жүргөндө карыздын бир бөлүгү узак жылдарга - отуз жылдан ашуун убакта төгүлүп бүтсүн деген бүтүмгө жетишилген. Отуз жыл деген абдан узак убак. Мынча жыл ичинде кайсы бир мамлекеттер тыйпыл болушат. Чындыгында бул карыздар кийинки муун мойнуна жүктөлөт. Маскөө качандыр бир келечекте андан толук кечет экен деш кыйын...

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG