Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:55

Апта: ГЭСтер тагдыры, аргымактан чыккан акыйнек...


Макулдашууга ылайык, Жогорку Нарынга төрт жаңы ГЭС курула турган болду.

Макулдашууга ылайык, Жогорку Нарынга төрт жаңы ГЭС курула турган болду.

Узаган жумада Кыргызстан менен Орусия жаңы ГЭСтерди куруу боюнча макулдашууга жетишти.

Бишкек менен Москва Кыргызстанда жаңы ГЭСтерди куруу, Кыргызстандын Орусияга карызын жөнгөрүү жана орус аскерий базалары боюнча макулдашууларга жетишти.

Ири долбоорлор ишке ашабы?

Эки тараптуу кызматташуунун мына ушул үч багыты боюнча сүйлөшүүлөр 14-15-августта Чолпон-Ата шаарында өттү. Орус тараптын делегациясын биринчи вице-премьер-министр Игорь Шувалов жетектесе, кыргыз тараптан биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев болду. Бирок президент Алмазбек Атамбаев сүйлөшүүлөрдө негизги ролду ойногону маалым.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарындагы төрт ГЭСке тараптар тең үлүш менен ээлик кыла турган болду:

- Камбар-Ата-1 ГЭСинде эки тараптын үлүшү 50 пайыздан болот. Жогорку Нарында курула турган төрт ГЭСке да Кыргызстан менен Орусия 50 пайыздан ээлик кылат.

Бул ГЭСтерди куруу жана башкаруу үчүн атайын акционердик коомдор түзүлүп, анын жетекчилиги паритеттик негизде дайындалат. Маселен, Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча акционердик коомдун директорлор кеңешинде кыргыз тараптын мүчөлөрү көпчүлүктү түзсө, башкармалыкта орус тарап артыкчылык кылат. Мындай формулага эки тарап 2009-жылкы макулдашууда эле жетишкен. Негизи эле кыргыз тарап эки жылдан бери жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдө 2009-жылы жетишилген келишимди сактап калууга аракеттенип, максатына жеткени байкалат.

Орус тарап да жаңы ГЭСтерде өз үлүшүн көбөйтүүнү көздөп келген. Үлүштөр 50 пайыздан бөлүнгөнүнө карабай алар кайсы бир деңгээлде максатына жеткен. Анткени курулган ГЭСтер өзүн актаганга чейин Кыргызстандын 50% үлүшүнүн 25% орус тарапка башкарууга берүү каралууда.

Эки тарап Жогорку Нарындагы ГЭСтердин курулушун ноябрь айында баштоону чечишкен. Ал эми Камбар-Ата -1 боюнча техникалык-экономикалык негиздеме түзүлгөндөн кийин анын курулушун баштоо мөөнөтү аныкталмакчы.

Стратегиялык өнөктөштөр Орусиянын Кыргызстандагы аскердик базалары боюнча да протоколго кол коюшкан. Ага ылайык, аскердик базалар мурунку келишимдердин мөөнөтү бүткөнгө чейин азыркы абалында кала берет. Орус аскер базаларынын Кыргызстанда 15 жылга калуусуна мүмкүндүк берген жаңы келишим 2017-жылга карай түзүлүш керек.

Сапар Исаковдун айтымында, базалар үчүн ижара акы эски бойдон калат. Бирок Канттагы аскердик аба база үчүн коммуналдык-тиричилик кызматтарына Орусия өзү төлөй баштайт. Буга чейин ага Кыргызстан төлөп келген.

Кыргыз-орус тарап жетишкен макулдашуунун үчүнчү бөлүгү - бул Бишкектин Москвага тышкы карызын жөнгөрүүгө байланыштуу. Белгилүү болгондой Кыргызстан Орусияга жалпысынан 500 млн. доллардай карыз. Анын ичинен 190 млн. доллары СССР эми ыдыраган мезгилге барып такалат. Ал карызды орус тарап кечүүгө макул болду. Ал эми 2009-жылдагы келишим боюнча алынган 300 млн. доллар карыз 2016-жылдан баштап он жылдын ичинде кечилет.

Эксперттер эмне дейт?

Мына ушул жетишилген макулдашуулар Кыргызстанда жалпысынан оң бааланып жатат. Саясат таануучу Марат Казакпаев макулдашууларда Кыргызстандын кызыкчылыгы сакталды деп эсептейт:

- Кыргызстандын кызыкчылыгы сакталды. Андан сырткары жыйырма жылдын ичинде Орусиянын бизнеси бизге биринчи жолу келатат. Экинчи жагынан, тышкы карыз кечилет. Менин оюмча, бул Кыргызстан үчүн пайдалуу.

Дагы бир саясат таануучу Орозбек Молдалиев жетишилген келишимдердин Кыргызстан үчүн телегейи тегиз эмес дейт:


- Эми бул жерде айта турган бир маселе бар, өзүбүз Орусиядан карыз алып, ошол насыянын эсебинен курулган ишкананын 50% аларга берип, карыздын баарын биз эмне үчүн төлөшүбүз керек? Камбар-Ата-1ди курганга жумшалган миллиондогон акчалар жеңилдетилген насыя болгон күндө да биз төлөп берип жатпайбызбы?! Орустар карыз бергени үчүн эле 50 пайызга ээлик кылып атпайбы?!

Молдалиевдин айтымында, андан сырткары орус тарап 50% үлүшүн ар кандай жолдор менен көбөйтүп, суу саясатын колуна алышы мүмкүн. Ал мүмкүнчүлүктү геосаясий кызыкчылыктарына пайдалана баштаса, анда кошуналар алдында жаманаттысы Кыргызстанга калат.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков келишимдерди жалпысынан оң баалап, бирок алардын мазмуну толук ачыла элек дейт:

- Менин оюмча, жалпысынан дурус эле. Бирок биздин тарап негедир маалыматты толук бербей жатат. Сүйлөшүүнүн жыйынтыктары боюнча ачык-айкын, деталдуу маалыматтарды айтышкан жок. Ошондуктан бизде кандайдыр бир деңгээлде күмөндөр пайда болуп калууда.

Равшан Жээнбековдун айтымында, Кыргызстан аскердик базалар боюнча макулдашууларга макул болуп жаткан убакта орус тарап да карыздарды дароо кечсе болмок. Бирок алар аны илинчек катары сактап, узак мөөнөт ичинде кечүүгө калтырышты.

Ошентип жетишилген келишимдер Кыргызстан менен Орусиянын энергетикалык, коопсуздук жана карыз маселесинде айкындык киргизди. Эми сентябрь айында тараптар келишимдерге кол коюшса, андан кийин аны жүзөгө ашыруу башталмакчы.


Шувалов Бабанов менен неге жолукпады?



Орус делегациясынын сапарынын жыйынтыгы боюнча ички жана тышкы саясатка байланыштуу көңүлгө ала турган эки нерсе болду. Анын биринчиси - орус делегациясынын башчысы Игорь Шуваловдун кыргыз өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов менен жолугушпай койгону болду. Экинчиси, АКШнын жогорку даражалуу дипломаты Роберт Блейктин Казакстан жана Кыргызстанга келбей, ат тизгинин Өзбекстанга буруп кеткени болду.

Өмүрбек Бабанов менен жолугушпай коюу бир жагынан кыргыз өкмөт башчысынын тагдыры кыл учунда турганына байланыштуу болсо, экинчи жагынан орус тараптын кыргыз өкмөт башчысын кыртышы сүйбөшү менен байланыштырса болот. Белгилүү болгондой Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да Бишкекке сапарында ушундай эле жорукту жасаган.

Роберт Блейктин Ташкенге бурулуп кетүүсүн Кыргызстан менен Орусия жетишкен келишимдерге байланышы бардай. Анткени бул келишимдер "Манастагы" аскердик базанын 2014-жылдан кийинки тагдырына таасирин тийгизиши мүмкүн.

Америкалыктар ошондуктан Тажикстан жана Өзбекстандан база үчүн жаңы орун издеп жатканы буга чейин эле билдирилген.

Фракциялар айыгышып калды

Кыргызстандын ички саясатында “Ата Мекен” фракциясы менен “Республиканын” ортосунда компроматтык согуш күч алды. “Ата Мекен” фракциясы Өмүрбек Бабанов Түркиядан сатып алган аргымакка байланыштуу документтер жасалма экенин билдирип, бул боюнча да тергөө иштерин жүргүзүүнү талап кылды.

​Аргымак жаңжалы жума башында башталып, “Ата Мекен” фракциясы түрк ишкери кыргыз өкмөт башчысына пара иретинде 1 миллион доллардын тегерегинде бааланган тулпарды белек кылган деп айыптап чыкты. Бул партия ошондой эле өкмөт коррупцияны ооздуктоого жетиштүү аракет жасаган жок, экономиканын ылдыйлап кетүүсүнө айыптар деп жатат.


“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Туратбек Мадылбеков өкмөткө коюла турган кине арбын дейт:

- Бүгүнкү күнү электр энергетика тармагы эмне болуп жатат? Бүгүн кен байлыктар эмне болуп жатат? Айыл чарбасы эмне болуп жатат? Бабанов бардык бизнестер менен алектенет. Айыл чарбасына канча гранттар келсе, алар кандай бөлүштүрүлгөнү боюнча бизде маалыматтар бар. Андан тышкары жең ичинен бөлүнүп кетип жаткан кен байлыктарын алсак. Мисалы Өзгөндөгү көмүр кени. Жогорку сапаттагы көмүр кенди кимге берди? Кантип берди? Мына ушулар боюнча баарын жакында ачык айтып беребиз.

“Республика” фракциясынын өкүлдөрү өз кезинде мындай айыптоолорду негизсиз деп, “Ата мекен” фракциясына каршы компроматтык чабуулду башташты. Ал чабуулдун маңызы апрель ыңкылабы учурундагы окуяларга барып такалат.

“Республикачылар” ыңкылап күндөрү Курманбек Бакиев жана анын жакындарына таандык үй-мүлктөрдүн талап-тоноого “Ата Vекен” партиясынын жетекчилеринин тиешеси бар деген мурунку компроматтарды, маалыматтарды жаңылап чыгышты.

Ошол кездеги талап-тоноолорго тиешеси бар деген шек менен камакта отурган Абдулла Юсупов, Дастан Оморов жана Азамат Шергазиевдин билдирүүлөрү фракцияда угулду. Анда алар бакиевдердин үй-мүлкүн Райкан Төлөгөнов, Туратбек Мадылбеков жана Болот Шердин катышуу жана көрсөтмөлөрү талап-тоношкондорун, ал мүлктөрдү ушул саясатчылар даярдаган автоунааларга жүктөп беришкенин айтып чыгышты.

Абдулла Юсупов мындай көрсөтмөлөрү үчүн өмүрү коркунучта экенин айтуу менен буларда билдирген:

- Биздин ишке аты-башы көрүнгөн саясатчы-депутаттардын тиешеси бар. Алардын атын атап кете турган болсом, Райкан Төлөгөнов, Туратбек Мадылбеков жана Өмүрбек Текебаев ыңкылап учурунда бизди элдик кошуундун баатыр мүчөлөрү катары катары пайдаланып, азыркы кезде кылмышкер катары түрмөгө камап коюшкан. Анткени абдан көп маалыматтарды билебиз. Кылмышыбыз жок. Элдик кошуундун мүчөсү болуп жүрүп, булар бир топ байлыктарга жетишкенге себеп болгондуктан, маалыматтарды билгендиктен камалып отурабыз.

Абдулла Юсупов жана анын шериктеринин бул компроматтары “Ата Мекен” менен “Ата-Журттун” тирешүүсү учурунда да көтөрүлгөн. Бирок анда олуттуу натыйжага алып келген эмес. Анткени алардын колунда жалпы өлкө аймагын камтыган телеканалы жок. Андай телеканалдын “Республика” (НТС) лидеринин колунда болушу кырдаалды өзгөрттү.

"Республика" фракциясынын мүчөлөрү да кайсы бир деңгээлде консолидация болуп, күзгү сессияда “Ата Мекенге” каршы турууга бел байлоосу да күрөштүн жеңил болбосунан кабар берет.

Албетте “Ата Мекен” фракциясы талап-тоноолорго байланыштуу айыптоолорду четке кагууда.

Бирок укук коргоочу Азиза Абдырасулова коомчулукту миң күмөнгө салган бул иштин чын-төгүнүнө жетүү үчүн күч структураларынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн тергөө тобу иликтеш керек дейт:

- Өтө эле чоң жана оор күнөөлөр коюулуп жатат. Өмүрбек Текебаев анын баары жалган деп айтты. Бирок бул жөнөкөй эле куру сөз менен эле жалган деп кутулуп кете турган айып эмес. Анткени бул анын жеке турмушуна таандык, коомчулукка тиешеси жок нерсе эмес. Бул жерде аябай чоң кинелер коюулуп жатат. Ушунун баарын мен чын деп дагы, жалган деп дагы айта албаймын. Бул дооматтардын бардыгы УКМК, Башкы прокуратура тарабынан тармактар аралык түзүлгөн топтор аркылуу укуктук жактан териштирилиш керек.

Абдырасулова ошондой эле Абдулла Юсуповдун үстүнөн жүрүп жаткан сот ишине Өмүрбек Текебаев, Туратбек Мадылбеков, Райкан Төлөгөнов, Эмилбек Каптагаев келип көрсөтмө берүүгө тийиш деп эсептейт.

Мына ошентип “Ата Мекен” жана “Республика” фракциясынын тирешүүсү бири-бирине оор айыптарды тагуу менен коштолду. Бул айыгышкан кармашка “Ар-намыс” фракциясы анча-мынча аралашып калбаса, КСДП фракциясы үстүрттөн гана байкоо салып турат. Ал эми “Ата-Журт” фракциясы ички ажырымдарга байланыштуу бирдиктүү позиция менен чыгууга жөндөмсүз бойдон турат.

Ошондуктан күзгү сессияда тараза ташы кимдин пайдасына оору да арсар болуп турат. Бирок да көп нерсе келерки жумага белгиленип жаткан КСДП фракциясынын жыйынында айкын болмокчу.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG