Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:27

Эки жылдай созулган сүйлөшүүлөрдөн кийинки кыргыз-орус келишими канчалык олуттуу болоору тууралуу суроолор чыгууда.

Расмий Бишкек Орусия менен ГЭСтерди куруу боюнча өкмөт аралык жаңы келишимге 15-сентябрга чейин кол коюуну макулдашканын жарыялады. Аталган маселе боюнча кагаз жүзүндө жана оозеки макулдашуулар буга чейин бир нече жолу болгонун эске алганда, эмкиси канчалык олуттуу деген суроо чыкпай койбойт. Талдоочулар энергодолбоорлор боюнча сүйлөшүүлөрдүн узакка созулуп кетишин анда экономикалык гана эмес, геосаясий маселелер да аралашып кеткендигине байланыштырышууда.

Расмий Бишкектин соңку жарыясы Кыргызстан менен Орусия ГЭС боюнча мурдагы келишимден чыкты дегенди билдирет. Орус тарап 2008-жылдын соңунда кол коюлган келишим боюнча “Камбар-Ата -1” ГЭСинин курулушу үчүн биргелешкен ишканага 1,7 миллиард доллар насыя ажыратып, болочок объектинин 50%на ээлик кылмак.

Ошондогу кыргыз парламенти келишимди ратификациядан өткөрүүгө жетишип, биргелешкен ишкана да катталган. Бирок ал кездеги президент Курманбек Бакиев ГЭС боюнча келишим үчүн алмашкан АКШнын аскерий базасы Транзиттик борбор макамында Кыргызстанда калгандан кийин келишим аткарылбасы анык болгон эле.

Кызыкчылык таза экономикалык эмес

Эми эки тарап 2008-жылкы келишимден да терең кетип, “Камбар-Ата-1” ГЭСи эле эмес, Жогорку Нарын дарыясынын боюнда дагы төрт ГЭСти куруу боюнча өкмөт аралык макулдашуу түзөрүн билдиришүүдө.

Долбоордогу бир ири, төрт майда ГЭСке Москва салуусу керек болгон инвестиция бери дегенде 2 миллиард долларды чапчыйт. Анткен менен эми эки жылга жакын созулган сүйлөшүүлөрдөн кийинки келишим канчалык олуттуу болот, Орусиянын СССР кыйрагандан берки эң “масштабдуу” делген инвестициясы чын эле Кыргызстанга келеби деген суроолор али кала берүүдө.

Мындай суроолорго Орусиянын Кыргызстан эле эмес, эски совет республикаларынын башка алыскы да жакынкы да өлкөлөр менен алака-катышынын жакынкы тарыхы түртүүдө.

Белорусиялык журналист жана саясат таануучу Александр Класковский мындай дейт:

- Орусиянын саясатына кайрылсак, экономика жана кандайдыр бир геосаясий умтулуулар тыгыз байланышкан. Андыктан, адатта мындай долбоорлордун алкагында кандайдыр бир карама-каршылыктар чыкпай койбойт. Бул мисалы орус-беларус алакасынын мисалында да көрүнүп турат. Энергетика жаатында абдан сезимтал маселелер көп. Беларус Орусиянын арзан мунайы менен газына абдан көз каранды, экономика да ушунун эсебинен кармалууда. Бирок турмуш бекер быштак капканда эле болорун, Орусия такай чегинүүлөрдү талап кыларын көргөзүүдө. Ал эми кыргыз-орус мамилелерине келсек, менимче, Москва бул долбоорлор (энергетикалык) аркылуу Бишкектеги башкаруучу элиталар анын эрежеси менен ойнош үчүн кандайдыр бир манипуляцияга барып жатса керек. Москва энергетика Кыргызстан үчүн сезимтал экендигин түшүнгөндүктөн, ал маселе атайлап эле ара жолдо калтырылып коюлушу мүмкүн. Экинчи жагынан, Кыргызстанда ички саясий туруксуздук өкүм сүрүп келгендиктен Москванын этияттануусу да түшүнүктүү. Акчаны чачып коюуп, эч нерсесиз калуу Москва үчүн уят жана алысты көрө албагандык болмок. Андыктан эки тараптан тең ушундай татаал маневрлар жүрүүдө.

2008-жылкы кырдаалдан айрымаланып, АКШнын аскерий базасынын Кыргызстанда туруу мөөнөтү боюнча Орусияда азыр кандайдыр бир кепилдик бардай. Анткени Жамааттык Коопсуздук келишим уюмунун алкагында кол коюлган көп тараптуу келишим боюнча Кыргызстан 2014-жылдан кийин АКШнын азыркы транзиттик борборунун аскерий макамда туруу мөөнөтүн ЖККУ боюнча өнөктөштөрүнүн макулдугусуз узарата албайт. Анын үстүнө президент Алмазбек Атамбаев “Манаста” азыркы келишим бүткөндө аскерий учактар калышына каршы экендигин, Кыргызстан үчүн кийинки ыңгайлуу вариант – жарандык жүк ташуучу борбор экендигин бир нече ирет айтып, Орусияны бышы кулак кылгандай.

Кыргызстан аймагында ГЭСтерди куруу жана ага ээлик кылуу Орусия үчүн таза экономикалык эмес, геостратегиялык долбоорлор экенин Москвадагы КМШ институнун Бишкектеги өкүлү, экономика илим доктору Аза Миграниян да жокко чыгарбайт:

- Гидроэнергетика – бул узакта барып акталган, салынган акча көптө барып кайтуучу долбоор. Мындан улам биз белгилүү бир кызыкчылык, инвесторлор менен келечекте сүйлөшүлүүсү ыктымал преференциялар кырдаалдын өзгөчөлүгүнөн улам боло алат жана жашоого укуктуу деп айта алабыз. Биз көрүп жаткандай кытайлык, түркиялык, ирандык жана башка ишкерлер менен жарыяланып жаткан долбоорлор стратегиялык мүнөзгө ээ эмес, түздөн-түз ишкер долбоорлор. Акталуу мөөнөтү инвесторлор үчүн кызык жана пайда кыска мөөнөттө эле түшө баштайт. Ал эми бул маселедеги (ГЭСтердин курулушундагы) кызыкчылык көбүрөөк – геоэкономикалык, геостратегиялык.

Аткарылат деп айтуу азырынча эрте

Кыргызстандагы соңку сүйлөшүүлөрдөн кийин жарыялангандай, кыргыз-орус тарап ГЭСтердин курулушу боюнча жаңы келишимге 15-сентябрга чейин кол койот. Андан ары Орусиянын долбоорду ишке ашыруучу мамлекеттик компаниялары катары “РусГидро” жана “Интер РАО ЕЭС” аталууда.

Кремлге жакын турган олигархтардын бири көзөмөлдөгөн “Комерсанть” басылмасынын 13-августтагы санында жазганына караганда, Орусиянын мамлекеттик дагы бир “Ростнефтегаз” компаниясы жогорудагы эки компаниянын башкы инвесторуна айланууну көздөөдө.

Атап айтканда “Интер РАО” өзүнүн 16% акциясын ( 60 миллиард рубль) “Роснефтгазга” сатып, ал акча “Камбар Ата -1” ГЭСинин курулушуна жумшалуусу керек.

“Комерсанть” өз булактарына таянып белгилегендей, “РусГидро” жана “Интер РАО” өздөрү Кыргызстандагы энергокурулуштарга анча кызыкдар эмес болуп тургандай. Жакында орус өкмөтүндө өткөн жыйында аталган компанияларда Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлор үчүн каржылык моделдери даяр эмес болуп чыккан жана аларга мындай моделди даярдоо сунуш кылынган.

Ушул эле “Комерсанть” гезити жана ага караштуу “Власть” журналы мурунку сандарында кыргыз жана орус президенттери ГЭСтердеги үлүш тең болот деген мунаса чечимге келгени менен Москва долбоорлор өзүн-өзү актамайынча, кыргыз тараптын үлүшү орус тараптын ишенимдүү башкаруусунда турушу жана орус компаниялары бир катар салыктардан бошотулуусу керек деп эсептерин жазып чыккан. Маселенин бул өңүттөрү азырынча анык эмес жана ал келишим түзүлгөндө билинет.

ГЭСтер боюнча Орусия менен түзүлүүчү келишим бул ирет да башка маселелер, Орусиянын аскерий объектилеринин Кыргызстанда туруу мөөнөтү жана шарттары, Кыргызстандын Орусияга карызы өңдүү маселелер менен бирге каралууда.

Москвадагы КМШ институнун Кыргызстандагы өкүлү, экономика илим доктору Аза Миграниян “Азаттык” менен маегинде белгилегендей, узак сүйлөшүүлөрдөн кийин жарыяланган келишимге айтылган мөөнөттө кол коюлат деп күтүүгө болот. Бирок ал ишке ашат деп айтуу азырынча эртелик кылат:

- Келишимдин аткарылышы тараптардын жоопкерчилигине, алган милдеттемелерин так жана өз убагында аткарарына көз каранды. Бул кыргыз тарапка жана орус тарапка да тиешелүү. Келишим канчалык аткарылары тараптардын жүрүм-турумуна, базардагы коньюктурага, өлкөдөгү стабилдүүлүккө, Кыргызстандын жетекчилигинин саясий көз карашына, кызыкчылыгына көз каранды. Албетте, узак мөөнөттүү кызматаштык – узак мөөнөттүү милдеттемени, келишимде каралган шарттардын өз убагында аткарылышын талап кылат. Анын үстүнө бул келишимге жетүү тараптар үчүн бир топ кыйын болду да.

Тажикстандын тажрыйбасы

Эгемендик доорунда гидроэнергетикада Кыргызстандын Борбор Азиядагы коңшуларынан Тажикстандын Орусия менен кызматташуу тажрыйбасы бар. Тажикстандын көз карандысыз саясат таануучулар ассоциациясынын төрагасы Абдугани Мамадазимовдун “Азаттыкка” айтканына караганда, расмий Душанбе өлкөдөгү эң ири Рогун ГЭСи үчүн Орусиянын инвестициясын бери дегенде 12 жыл күтүп, бирок майнап чыкпаган соң курулушту өз күчү менен баштоого аргасыз болгон. Тараптар анда мунаса таба албаган негизги талаш болочок ГЭСтин үлүшүнө барып такалган. Учурда бул курулуш Дүйнөлүк банктын эксперттеринин сунушуна ылайык, убактылуу токтоп турат.

Ал эми Рогун ГЭСинен масштабы кыйла кичине “Сангтуда -1” ГЭСин Орусия куруусунун тездешине коңшу Ирандын 2004-жылы “Сангтуда” ГЭСтеринин экөөсүнө тең инвестиция салабыз деген ниети түрткү берген.

Тажикстандык саясат таануучу Абдугани Мамадазимов “Азаттык” менен маегинде кошумчалагандай, үч жылча мурда пайдаланууга берилген “Сангтуда-1” ГЭСинин 75% үлүшүнө учурда орус тарап ээлик кылат:

- Ал жерде проблема бар. 75% инвестиция Орусияныкы, 25% биздики (Тажикстандыкы) болчу. Бирок бизде электр кубатын калкка сатуу менен алектенген “Барки Точик” компаниясы төлөмдөрдү жакшылап жыйнай албагандыктан, “Санктуда -1” ГЭСине 50 миллион доллардан ашуун каражат карыз болуп калган. Орусиялык тарап башында төлөмдөрдү атайлап эле талап кылышпагандай. Эми жыйналып калган чоң карызды акцияларга чегерип, үлүшүн 100 пайызга жеткирүүнү каалашууда.

Жаңы ГЭСтердин курулушу Кыргызстан үчүн ириде өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөсү, Борбор Азиянын суу ресурстарын башкаруудагы турумун чыңдоосу, ГЭСтерден өнгөн энергия эгер экспортко чыкса кошумча киреше булагы болушу керек.

Бирок мунун баарына жетишүү үчүн кыргыз бийликтеринен белгилүү макалда айтылгандай, "сүткө оозу күйгөн, айранды үйлөп ичет" эрежеси менен сак жана так иштөө талап кылынат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG