Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:01

"Жаңы" Путиндин саясаты өзгөрөбү?


7-майда Москвада Орусиянын жаңы шайланган президенти Владимир Путиндин ант берүү аземи өттү.

Владимир Путиндин президенттикке келиши менен кыргыз-орус мамилесинде жылыштар болоорун Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев белгилеп келет.

Путиндин үчүнчү президенттик мөөнөтү кандай болот? Кыргыз-орус ири энергетикалык долбоорлорун ишке ашырууда алга жылуу болобу? “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков, "Нефтетрейдерлер" бирикмесинин жетекчиси Жумакадыр Акенеев жана серепчи Темир Жумакадыров катышты.

"Азаттык": Кыргызстан жетекчилиги Владимир Путиндин президенттик кызматка киришүүсү менен кыргыз-орус мамилесинде алга жылыштар болот деген үмүттөрдү артып келет. Ал негиздүүбү, же өзүн-өзү сооротуубу?

Равшан Жээнбеков: Менин оюмча, Орусиянын Кыргызстанга болгон саясатында чоң өзгөрүү болбойт. Анткени буга чейин Орусиянын факт түрүндөгү негизги адамы катарында Путин мырза бийлик кылып келген. Ошондуктан эртең Путин президент болгондон кийин өзгөрүү болот деген жаңылыш кеп. Жалпысынан буга чейин кандай саясат болсо, ошондой улана берет.

Путин мүнөзү күчтүү, жеткиликтүү деңгээлде улуттук кызыкчылыкты бекем коргогон жана улуттук кызыкчылыкты агрессивдүү жерде ишке ашырган саясатчы жана президент болуп эсептелет. Ошол саясат мындан ары да улана берет.

“Азаттык”: Жумакадыр мырза, кыргыз-орус мамилеси кандай өнүгөт деген ойдосуз?
Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Жумакадыр Акенеев: Путин үчүнчү мөөнөткө келди. Биздин мамлекетке көз карашы абдан жакшы болчу. Эки жыл мурда апрель революциясы болгондо, эсибизде бар, Медведев парламенттик бийликти сынга алган.

Былтыр май айында саммитке катыштым, Атамбаев анда премьер-министр эле, ошондо Бажы биримдигине киребиз деп кайрылганбыз. Беларус, Казакстан "сүйлөшүүлөр жүрүш керек" дегенде, Путин мырза "Кыргызстан биз үчүн абдан маанилүү өнөктөш, ошондуктан биз каршы эмеспиз" деп 3 мүнөттүн ичинде чечип койгон.

Менимче, Путиндин азыр келиши менен мамиле дагы жогору жылат. Жакында Орусия менен Кыргызстандын ортосунда жыйын өттү, премьер-министрдин буйругу менен күйүүчү-майлоочу май боюнча өзүнчө протокол түзүлдү. Мурда электр станция, "Дастандын" пайызына аралаштырып аткан. Былтыркы сүйлөшүлгөн боюнча күйүүчү-майлоочу майды пошлинасы жок алабыз, жылдын аягына чейин. Биз көбөйтүү маселесин көтөрдүк, ал да каралып атат, менимче ал да чечилет.

“Азаттык”: Темир мырза, кыргыз-орус мамилесинде кандай динамика пайда болот?

Темир Жумакадыров: Орусияда акыркы жылдары өздөрүнүн улуттук кызыкчылыгы жана стратегиясы пайда болду. Эң негизгиси - бул стратегия бир кишиге байланыштуу эмес. Президент алмашкан күнү да сырткы саясаттагы стратегия кала берет болуш керек. Ошондуктан эки өлкөнүн ортосунда мамиле кандай болсо, ошол бойдон калат деген ойдомун.

Негизинен сырткы саясатка, геосаясатка сөзсүз түрдө байланыш болот. Путин биринчи жолу президент болуп келгенде кандай абал эле, бүгүнкү күнү кандай шарт болуп турат. Биз жаңы Путинди көрө алабыз. Жаңы Путин жумшагыраак динамиканы геосаясатка жана сырткы саясатка киргизет деген ойдомун.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG