Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Садыков: Мугалимдердин айлыгын 1-майдан эрте көтөрө албайбыз


2010-жыл, 13-декабрда Жети-Өгүз районунун мугалимдери нааразылык акциясына чыккан.
2010-жыл, 13-декабрда Жети-Өгүз районунун мугалимдери нааразылык акциясына чыккан.

Мугалимдердин айлык-акыларын көтөрүү маселеси боюнча Билим берүү жана илим министри Канат Садыков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: "Мугалимдердин айлык-акысы 1-марттан тарта көтөрүлсүн" деген талаптар токтогон жок. Мугалимдердин профсоюзу да ушуну талап кыла беришерин айтып атышат. Кандай дейсиз, 1-марттан баштап айлыктарды көтөрүү мүмкүнбү? Анткени буга чейин өкмөт 1-майдан кийин гана көтөрүлөт деди эле.

Канат Садыков: Ачык айтып койолу, бюджеттин талкуусу азыркы кезге чейин бүтө элек. Экинчиден, айлык маселеси боюнча былтыр жылдын аягында эле биздин коалициялык өкмөттүн башчысы Алмазбек Атамбаев булактарды таап, туруктуу түрдө мугалимдердин айлыгын көтөрүү боюнча тапшырма берген. Ушул тапшырманын үстүндө Каржы министрлиги иштей баштап, 2011-жылдын май айынан тарта тийиштүү булактарды таап, көтөргөнгө мүмкүнчүлүк бар деген сунуштарды бюджеттик окууларга киргизгенбиз.

Өкмөт тарабынан ушундай сунуштар киргизилген. Бирок ошол эле маалда Жогорку Кеңеште Бюджет боюнча комитеттин сунушу да болгон. Ал сунуш боюнча, дагы мүмкүнчүлүк болуп калса март айынан тарта мугалимдердин айлыктарын көтөрүүгө кошумча булактарды табууга аракет кылабыз деген маалыматтарды беришкен.

Ошонун негизинде кээ бир мектептердеги профсоюз уюмдарынын өкүлдөрү ошондой сунушка катуу көңүл бөлүп, жалпы республикалык профсоюз жыйынында “марттан баштап талап кылабыз” деп айтышкан экен.

Бирок биздин министрликтин туруму, азыркы айтып аткан сөзүбүз мындай: эгер чындап эле бюджетте ошондой каражаттар дагы кошумча табылса, биздин эсептерибиз бар, дагы канча каражат талап кылынары тууралуу.

1-майдан тарта мугалимдердин айлыгын көтөрүүгө 4 миллиард 600 миллион сом кошумча таап атабыз. Эгер 1-марттан тарта көтөрөбүз десек, дагы 1 миллиард 150 миллион сом табышыбыз керек.

Биздин оюбуз боюнча айлыктарды көтөрүп, аларды ишке ашыра турган механизмдерди даярдоо үчүн бизде май айынан эрте мүмкүнчүлүк жок. Мына өзүңүздөр көрүп атасыздар, бюджеттин бекилиши өзү март айында болуп атат. Бизге жанагы системаны жайылтуу, аны туура эсеп менен киргизүү үчүн жок дегенде бир ай керек. Март айында окуулардын баарын жүргүзүшүбүз керек. Апрелде болсо жаңы төлөмдөр боюнча сунуштарды бүтүрүп, Каржы министрлигине тапшырышыбыз керек. Ошондуктан биз башында эле май айы деп айтып, мугалимдерге түшүндүрүү иштерин кылганбыз.

“Азаттык”: Эмне себептен сиздер түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнгө карабай, мугалимдердин нааразылыгы, талаптары токтобой жатат. “Мугалимдерди көчөгө чыгарып, аларды саясий курал катары пайдаланууну каалагандар бар” деген шектенүүлөр да жаралып кетти. Булардын артында бирөө турушу мүмкүнбү же бул кымбатчылыкка байланышкан кадыресе көрүнүшпү?

Канат Садыков
Садыков:
Мен “буларды бирөөлөр уюштуруп атат” деген пикирлерге кошулбайт элем. Негизинен айлык маселеси боюнча ушундай кеп-сөздөр былтыр жыл соңунда эле башталган. Былтыр ноябрда эле мугалимдердин койгон талаптары күчтүү болгон. Бирок ошол эле учурда “бул бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша болот” деп ачык айтканбыз.

Эми мугалимдердин азыркы учурдагы нааразылыктары эмнеге байланыштуу экени түшүнүктүү. Бир чети чындап айтканда алардын айлыктары эртерээк көтөрүлсө жакшы эле болмок. Бирок бюджетте туруктуу булактар такталмайынча, биз “көтөрөбүз” деп убада кыла албайбыз. Анан "булардын артында күчтөр бар, тигиндей-мындай" деген сөздөрдөн алыс болот элем.

Бул жерде эн биринчиден экономикалык абалды эске алыш керек. Азык-түлүк кымбатчылыгы былтыр жыл соңунда эле башталган. Өзгөчө тамак-аштын ар кандай түрлөрү абдан кымбаттады. Бирок биз муну да эске алып атабыз. Эми биз мурда 20 жылдан бери болуп келгендей 10 же 20 пайыз кошуп койгон жокпуз. Азыр айлыктар 2-3 үч эсеге көтөрүлүп атат да...

“Азаттык”: Сиздер талаптарды коюп аткан мугалимдер, профсоюздун адамдары менен бир пикирге келип, тил табыша аласыздарбы? Алар 1-март десе, сиздер 1-май деп атасыздар..?

Садыков:
Менимче биз бир пикирге келебиз. Анткени ошол эле профсоюздар мектептердеги мугалимдердин арасында жүргөн өзүбүздүн эле кызматкерлер. Сөзсүз түрдө алар мугалимдердин жанагыдай талаптарын жакташ керек. Бирок мыйзамдуу түрдө, өкмөттүн өкүлдөрү менен чогуу, тынчтык түрдө маселени чечүүгө аракет жасалышы керек. Ошого байланыштуу биз да өзүбүздүн министрлик тарабынан, өкмөт тарабынан ал тарап менен сүйлөшкөнгө, түшүндүрүү иштерибизди жайылтууга даярбыз.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG