Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:41

Экс-баш прокурор саясий жараяндарга таасир этеби?


Башкы прокуратуранын имараты.
Башкы прокуратуранын имараты.

Кыргызстандын коомдук-саясий чөйрөсүндө мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын билдирүүсү жана коррупциялык иштерге шектүү мурдагы спикер Акматбек Келдибековдун чет өлкөдөн кайтып келиши кызуу талкууланып жатат.

Бул эки саясатчынын жүрүштөрү алдыдагы саясий жараяндарга кандай таасир этиши мүмкүн? “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу бул ирет ушул жана башка суроолорго жооп издейт.

Талкууга Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруучу жыйынынын биринчи чакырылышынын төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев, саясат таануучу Марат Казакбаев катышты.

"Азаттык": Жаңы билдирүү менен чыккан Аида Салянова да, дарылануудан кайтып келген Акматбек Келдибеков да мамлекеттик таасирдүү кызматтарды аркалап келген саясатчылар. Экс-баш прокурор парламенттик шайлоого барарын жарыя кылды. Дарылануудан кайтып келген экс-спикер акталып, саясатка кайтып келет экен деген имиштер да тарады. Эгер ошондой болсо келерки саясий процесстерге булардын таасири кандай болушу мүмкүн?

Эгер азыркы баш прокурор Жолдубаева активдүү иштеп, көбүрөөк иштерди ачса, Салянова өчүп калат. Эгер начар иштесе, Салянованын баркы мындан да жогору көтөрүлүп кетиши мүмкүн.
Мукар Чолпонбаев

Марат Казакбаев: Салянова пресс-конференцияда мен саясий күрөшкө катышам деп айтпадыбы. Эми ошондой эле болмок, сценарий боюнча.

Биринчиден, коррупцияга каршы күрөштө жакшы иштеди деп эл колдоп, баркы чоң болуп атат. Ошондуктан ал азыр кайсы партияга болсо да кирип, шайлоого катышса болот. Керек болсо, “Эмгек” же КСДП же “Ата Мекен” сыяктуу каржысы көп партиялар аркылуу шайлоого катышат деп божомолдосо болот.

Лидерлери менен сөзсүз сүйлөшүүлөр болот. Шанс чоң эле болот. КСДПга кадрлары аксап турган чакта Саляновадай фигуралар сөзсүз керек. Кандай болгон учурда да Салянова оппозиционер эмес да.

please wait

No media source currently available

0:00 0:09:59 0:00
Түз линк

Кылмышка шектүү Акматбек Келдибеков болсо чет өлкөдөн кайтып келүү аркылуу качпай эле келсе болот экен деген үлгүнү башка саясатчыларга көрсөттү. Эгер сотто иши жакшы чечилсе, шайлоого катышса болот.

Мукар Чолпонбаев: Марат бир эсептен туура айтып атат. Азыркы этапта Салянованын күрөшүүчү, мамлекеттик кызматкер, прокуратуранын жетекчиси катары аброю бар. Муну туура түшүнүшүбүз керек. Эми мындан аркы аброю азыркы баш прокурордун ишинен көз каранды. Эгер азыркы баш прокурор Жолдубаева активдүү иштеп, көбүрөөк иштерди ачса, Салянова өчүп калат. Шайлоого көп бар. Эгер жаңы баш прокурор начар иштесе, Салянованын баркы мындан да жогору көтөрүлүп кетиши мүмкүн.

Келдибековго тагылган айып деле илең-салаң. Анын чет өлкөдөн коркпой келишинин себептеринин бири да ушул. Келдибеков соттолуп да кетиши мүмкүн, акталып да калышы мүмкүн.

Ал эми Салянова менен Келдибековду байланыштыра турган эч нерсе жок. Анын иши сотко өттү. Мындан ары соттун ишине прокуратура эмес, президент жана анын аппараты гана кийлишүүсү мүмкүн. Ошондуктан, болжолдоо кыйын. Келдибековго тагылган айып деле илең-салаң. Муну да моюнга алышыбыз керек. Келдибековдун чет өлкөдөн коркпой келишинин себептеринин бири да ушул. Келдибеков соттолуп да кетиши мүмкүн, акталып да калышы мүмкүн.

please wait

No media source currently available

0:00 0:11:23 0:00
Түз линк

“Азаттык”: Марат мырза парламенттик шайлоого Салянова КСДП менен барып калышы мүмкүн деп атпайбы?

Мукар Чолпонбаев: Салянова шайлоого барса өз партиясы менен барат, болбосо “Ата-Мекен” менен барат. КСДП менен бара албайт. Ал өз билдирүүсү аркылуу КСДПга барчу көпүрөнү алып салды.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG