Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:45

Салянова чоң саясатка аттанды


Аида Салянова
Аида Салянова

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова бүгүн Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, кызматтан кетүүгө негизги себеп катары баштаган иштерине президенттен саясий колдоо болбой калганын атады.

Экс-баш прокурор Аида Салянова кызматтан өз эрки менен кетпегенин, аны буга мажбур кылышканын маалымат жыйында жарыялады. Ошондой эле күйөөсүнө козголгон кылмыш ишти өзүн жаманатты кылуу аракети деп баалап, отставкага кетишине бул себеп болбогонун айтты.

“Мен иштеген 3 жыл ичинде коррупция менен күрөшүү мүмкүн экенин көрсөтө алдык” деген Салянова кызматтан кетишинин негизги себебин баштаган иштерин улантуу үчүн президент тараптан саясий колдоо таппаганын атады:

- Өлкөдө болуп жаткан окуяларды, чуулгандуу кылмыш иштердин козголуп жатканын, ал иштердин артында чоң, бийлиги да, байлыгы да бар адамдар турганын эске алганда прокурорлор үчүн саясий колдоо деген өтө маанилүү нерсе. Анын ичинде президенттин колдоосу. Бир этапта мен ошондой мамиле, ошондой колдоо сезбей калдым. Андай колдоо болбогондон кийин жөн эле коррупция менен күрөшүүнү имитация кылуунун кажети жок.

Ал өзүнүн кызматтан кетишине саясий интригалар себеп болгонун, аны жөнөкөй эмес, президенттин тегерегиндеги кишилер жасаганын белгиледи. Бирок алар кимдер экенин ачык айткан жок.

- Саясий интрига деп аткандан кийин сөзсүз түрдө жөнөкөй жарандар эмес. Ал президенттин тегерегиндеги адамдардан.

Партия түзөт, шайлоого катышат

Мурдагы баш прокурор алдыдагы парламенттик шайлоого катышарын, жаңы партия түзөөрүн кабарлады. Кайсы бир партиянын атынан шайлоого катышуу боюнча ою жок экенин, бирок бул маселе консультациялардан кийин чечилерин айтты. Ошондой эле Салянова президенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн да четке каккан жок.

- Партиянын үстүндө иштеп жатабыз. Бүгүн бар күч менен биригебиз же ошолор менен шайлоого аттанабыз деген ой азыр жок. Балким ал саясий консультациялардын жыйынтыгы болушу мүмкүн.

Салянова пресс-жыйында 2013-жылы Нарындагы абактан бошоп, Чеченстанга учуп кеткен кылмыш төбөлү Батукаевге кайрадан козголгон кылмыш иши бир жылдан бери УКМКда жатканын, ошондон бери эч кимге айып угузула электигин, бир да кишинин катыштыгы бар экени тууралуу тыянак жок экенин кошумчалады. Буга чейин Батукаевге байланыштуу Саляновага бир топ сындар айтылып келген.

Экс-прокурор өмүрүнө, үй-бүлөсүнө кимдир бирөөлөр тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр күчөгөнүн белгиледи. Буга байланыштуу керээз кат да жазып, ишенимдүү жерге каттырып коюуга мажбур болгонун кошумчалады. Ал үй-бүлөсүн коргоого бардык күчүн жумшай турганын жана өз позициясынан кайтууга мажбур кылбагыла деп эскеретти.

Ошондой эле “Манас” орденин алуу боюнча эч кандай чакыруу болбогонун, бул да анын айланасындагы саясий оюндун бири экенин кошумчалады. Декабрдын соңунда президенттин басма сөз кызматы Алмазбек Атамбаевдин жарлыгына ылайык, Салянова "укуктук мамлекетти жана демократиялык коомду курууга кошкон жигердүү салымы үчүн" II даражадагы “Манас” ордени менен сыйланганын кабарлаган. Айрым маалымат каражаттары Салянова орденден баш тартканын жазышкан эле.

- Мени “Манас” орденин ал деп эч ким чакырган жок. Бул жеке адамдын эмес, мамлекеттин сыйлыгы. Тиешелүү чакыруу болсо бармакмын, алмакмын. Эгер бербейбиз деген оюндар болуп жатса, ага каршы эмесмин. Эгер мага буйруган сыйлык болсо мен бүгүнбү, эртеңби аны алам. Буйрубаса эч кимге капачылыгым жок.

Президенттин жана анын тегерегиндеги адамдардын дарегине айтылган сындарга байланыштуу мамлекет башчынын кеңешчиси Фарид Ниязов билдирүү таратып, убагында Саляновага саясий колдоо жана ишине эркиндик берилгенин айтып чыкты.

- Көп убакыт бою Салянованын айланасындагы адамдардын прокуратуранын ишине кийлигишүүсү тууралуу маалымат тоголок кат, ушак-айың жана оозеки кеп түрүндө болуп келди. Президенттин мамилеси да ошого жараша болду. Бирок анык фактылар чыга баштаганда, менин билишимче, Аида Жеңишбековнага тиешелүү жыйынтык чыгаруу сунушу айтылган. Чындыгында, Салянова иштен кетүү тууралуу арызын президенттин "ушундан кийин мен сизге кантип ишенем?" деген сөзүнөн кийин тапшырды, - деп жазылат Ниязов тараткан билдирүүдө.

Салянова: Президенттен колдоо жоктугу кызматтан кетишиме себеп болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:39 0:00

Билдирүү талкууга алынды

Салянованын билдирүүлөрүн коомчулук кызуу талкууга алууда. Коомдук ишмер Эдил Байсалов экс-башкы прокурордун кызматтан кеткенден кийин ушундай билдирүүлөр менен чыгышын орунсуз деп эсептейт. “Муну менен Салянова баш прокурор кызматынын даражасын түшүнбөгөнүн көрсөттү”, - дейт ал:

- Салянованын "аргасыздан жумуштан кеттим" деген сөзү башкы прокурорлук Конституциялык кызмат экенин жана анын даражасын толук түшүнбөгөндүгүн билдирет. Эң бийик, керек болсо президенттин үстүнөн иш козгоочу адам катары ал убагында өзүн мамлекет башчынын алдындагы кол бала катары сезгенин бүгүн билдирди.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Ташболот Балтабаев Салянованын саясатка баруудан башка жолу жок деп эсептейт. Коомчулукта Салянова “Ата Мекен” менен шайлоого барышы ыктымалдыгы айтылууда. Бирок Балтабаев мындай сөз болбогонун билдирди.

- Бул жерде саясий кызыкчылыктын негизинде коррупцияга каршы күрөштү тереңдетүү пайдалуу болбой калгандыгы жөнүндө айтсак болот. Салянова саясатка киришет, анын башка жолу жок.

Аида Салянова кызматтан кетүү тууралуу президентке арызын 19-январда жазган. Андан көп узабай күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго кылмыш иш козголгону ачыкка чыккан. Атайын кызмат иликтеп-териштирүүнүн жүрүшүндө Абдыкапаров “Тазалык” ишканасынын жооптуу кызматкерлерине карата козголгон кылмыш ишти кыскартууга жардам берем деп алдап, 50 миң доллар алганын УКМК айтып чыккан. Салянова күйөөсү күбө катары суралганын билдирди.

2011-жылы баш прокурор болуп дайындалган Аида Салянова чоң кызматтагы адамдарга тайманбай кылмыш иштерин козгогондугу менен коомчулуктун оозуна алынды. Жалпылап айтканда, 12 депутатка, 4 министрге, 10 судьяга жана бир катар губернатор, аким жана мэрлерге коррупциялык иштер боюнча жана кызматынан кыянат пайдаланды деген негизде иштер козголгон. Алардын ичинен Жоргорку Кеңеш депутаты Нариман Түлеев он бир жылга кесилсе, парламенттин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековдун иштери тергелип бүтүп, сотко ашты.

XS
SM
MD
LG