Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

Эбола банан жегендерди чочутту


Сатуучулардын айтымында, 10-15 күн мурда эболадан чочулап, банан алгандар азайган.
Сатуучулардын айтымында, 10-15 күн мурда эболадан чочулап, банан алгандар азайган.

Миңдеген адамдын өмүрүн алган эбола вирусунан улам Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өз жарандарын Африка өлкөлөрүнө убактылуу каттабай турууга чакырды.

Бул аралыкта дүйнөнүн башка бурчунда бүлүк түшүрүп жаткан вирустан Кыргызстанда туруп чочулаган жарандарыбыз да бар экен.

Эбола тууралуу маалымат коомчулукка тарагандан тарта, эл арасында аталган вирус банан аркылуу жугат деген имиш пайда болгон. Бул тууралуу Ош базардагы сатуучулардан сурап көрдүк.

- Банан 20 сомдон, 15 сомдугу да бар. Меники Кытайдыкы эмес, Эквадордуку.

- Банан Африкадан келет, оору жугузуп алам деп албай койгондор барбы?

- Мындан 10-15 күн мурда банан алгандар чындыгында азайган. Сатып алуучулар бири-бирине банан алба, оору жугат деп айтып жатканын уккам,- деди атын атагысы келбеген сатуучу.

10 жылдан бери бул тропикалык жемишти саткан Ракыя болсо суроо-талаптын азайышын Африкада күчөп жаткан жугуштуу илдетке эмес, жайкы сезонго байланыштырууда:

- Эл жакшы эле алып жатат. Эми азыр сезон жок, ошон үчүн баасы төмөндөп кетти. Күздөн тарта кайрадан сатып алуучулар көбөйөт. Бир кутусу азыр 1500 сом болсо, сезон учурунда 2000 миң сомго чейин жетет.

Эбола жаныбарлар аркылуу жугат

Кыргызстандыктар үчүн эбола вирусу азырынча коркунуч туудурбаганы менен, бир топ тийиштүү чаралар көрүлүп жаткандыгын Саламаттыкты сактоо департаментинин Карантин жана өзгөчө кооптуу оорулар борборунун башчысы Нурболот Үсөнбаев билдирди:

- Азырынча Кыргызстандан күмөн санаткан бир да учур каттала элек. Бирок ага карабай биз "Манас" аэропортунда туруп Кыргызстанга вирус тараган өлкөлөрдөн келген турист, студенттерди текшерип жатабыз. Андан сырткары, атайын туристтик агенттиктер менен сүйлөшүп, тыштан келгендерди Кыргызстандагы даректеринен бери алып текшерүү жүрүп жатат. Ошондой эле дарыгерлерге да вирус тууралуу маалыматтарды берип, түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Аталган департаменттин маалыматына караганда, жер-жемиш алууда эч кандай кооптонуунун кереги жок. Себеби, вирус адамдарга жаныбарлардан же алардын этин жегенде жукканы аныкталган. Ал эми бейтаптан соо кишиге кан, шилекей, идиш, тамак-аш аркылуу жугат. Ошондой эле, вирус тараган өлкөлөрдөн жер-жемиш, азык-түлүктөрдү импорт кылууга тыюу салынган, атүгүл эбола вирусу катталган өлкөлөрдүн спортсмендери чет мамлекеттерде өткөн мелдештерге катыша албайт.

Мындан бир жума мурун Дүйнөлүк cаламаттыкты сактоо уюму Женевада шашылыш өткөрүлгөн эки күндүк жыйындын жыйынтыгында, эболанын мындан ары жайылышы олуттуу кесепеттерге алып келерин айтып, коңгуроо каккан. Мындан улам, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өз жарандарына вирус тараган өлкөлөргө убактылуу чыкпай туруусун эскертти. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат катчысы Турдакун Сыдыков мындай деп билдирди:

- Тышкы иштер министрлиги вирус тараган мамлекеттерге барып жаткан биздин жарандарыбызга бардык санитардык жана гигиеналык нормаларды сактоого, жергиликтүү калк менен болгон байланышты кескин түрдө кыскартып, же убактылуу Батыш Африкадагы эболанын очогу болгон Сьерра-Леоне, Либерия, Нигерия жана Гвинея мамлекеттерине баруудан баш тартууну сунуштап, эскертет.

Эпидемиологдордун тыянагына караганда, эбола вирусу экваториалдык Африканын тропикалык токойлорунда жашаган жарганаттардан жугуп, бир учурда эле чума сыяктуу тез тарап кеткен. Биринчи жолу бул жугуштуу илдет 1976-жылы Заирде чыгып, кийинчерээк Конго, Уганда, Түштүк Судан сыяктуу өлкөлөрдүн санитардык акыбалы начар аймактарында катталган. Батыш Африкада быйыл биринчи жолу катталды.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалымдашынча, эбола вирусунан быйылкы февралдан бери 1050дөн көп адам апаат кетти. Вирус жукту деп шектелгендердин саны 2 миңге чамалайт.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG