Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:45

Кыргызстанда мектеп окуучуларына бирдиктүү форма кийгизүү аракети ата-энелер арасында түшүнбөстүк жаратууда. Алар Билим берүү министрлиги сунуштаган бычым менен тигилген формалардын сапаты начар, бирок баасы кымбат экенин айтышууда.

Жаңы окуу жылы башталарына саналуу күндөр калгандыктан, мектеп камылгасын көрө баштаган ата-энелер базар-дүкөндөргө агылып келе башташты. Алар кийим-кечелердин сапатын текшерип, баасын салыштырып, капчыгын карап акчасын эсептеп, кыскасы балдарынын үстү-башын бүтөп алуу түйшүгүн тартып жүрүшөт.

Эмил менен Айнура да тун уулун биринчи класска даярдайбыз деп атайын айылдан келишкен. Азыр дүкөндөрдү кыдырып жүрүшөт.

- Азыр биздин айылдын дүкөндөрүндө формалар илинип жатыптыр. Анан "Дордойдо" дагы бар, ошол жактан алсаңар болот деп жатышат. Баалары 2 миң сомдон ашык экен. Бул кымбатыраак болуп калат го. Формадан башка окуу куралдарын алыш керек. Ар бир балага эле ошондо 10 миң сомдун тегерегинде акча керек болот экен. Көп баласы барларга өтө эле кыйын болуп калат окшойт. Биз го азырынча бир балабыз менен алек болуп жатабыз.

Дагы бир кардар Айзада анын балдары окуган Бишкектеги №5 гимназияда форма үчүн деп акча чогултулганын, бирок алына турган формалардын сапаты начар экенин базарлардан көрүп алып кыжаалат болуп жатканын айтат.

- Кызыгып карап көрсөм синтетика аралаш кездемеден тигилиптир. Баалары 2650 сом деп бизге мектепте айтылган. Балам окуган №5 гимназияда форма үчүн деп бул акчанын жарымын чогултуп алышкан эле. Эми калган акчасын кааласаң-каалабасаң да төлөп аласың.

Ал эми эки күндөн бери "Дордой" базарын түрө кыдырган дагы бир кардар Динаранын айтуусунда, алардын уулу окуган №38 мектепте бирдиктүү форманын үлгүсү илинип, балдарга ушундай гана форма сатып берүү талабы коюлган.

Динара азыр мектеп талап кылган формага сапатынан улам көңүлү чаппаганын, ошол эле кезде мектеп талабынан четтеп кете албай ара жолдо турганын айтат.

- Форманын пиджагы кочкул кызыл, шымы боз өңдүү экен. Начар, жука кездемеден, анан калыңыраак кездемеден тигилгени бар экен. Мектептен милдеттүү түрдө ушундай форма алгыла деген. Карап көрсөң форма начар, жарашыгы дагы жок. Балдарга жакшы отурбайт. Мага жаккан жок. Мисалы, кытайдыкы, түрктөрдүкү сапаты жакшыраактары турат. Бирок өңдөрү кочкул көк болуп, бизге туура келбей жатат. Аны ала албай карап турабыз.

Кардарларды тейлеп жаткан дүкөнчү Елена бүгүнкү күндө ата-энелерде бирдиктүү форма тууралуу маалыматы өтө аз экенин белгилейт. Анткени айрым мектептерде кандай форма болору так көрсөтүлсө, айрымдарында акча гана чогултулуп, башкаларында эмне кийилери тууралуу эч нерсе айтылбагандыктын ата-энелер кайра-кайра чыгым болуудан кооптонуп жатышат.

- Мисалы, биздин дүкөндө баалар базарга салыштырмалуу арзан. Мектепке керектүү кийим-кечелер бар. Бирок ата-эне окуу башталып, бирдиктүү форма гана кийилет деп калса кандай болот, азыр алган кийимдерибиз жарабай, жөн эле чыгым тартып калабызбы дегенсип жатышат. Бир ата-эне келди, уулу окуган мектепте форманын баасы 3000 сом болот дептир. Ошого нааразы болуп баласын башка мектепке которуп жатыптыр. Дагы бир жерде мектеп өзү формаларды сатып жатыптыр. Ошол эле формалар "Дордойдо" арзаныраак экен. Кыскасы азыр кардарлардын башы катып жатат. Кээде бул жерге келип алып, мугалимине телефон чалып, юбка ала берсем кандай болот деп жатышат. Тегиз маалымат берилсе жакшы болмок. Бирдей формага эч ким каршы эмес. Бирок ал сапаттуу, балага ыңгайлуу, баасы дагы кол жетерлик болушу керек.

Кеңешип кескен бармак оорубайт

Ушул апта ичи бирдиктүү форма боюнча өкмөттүн токтому чыгат. Ага ылайык, 17-августтан 31-августка чейин мектеп жетекчиликтери ата-энелер менен биргеликте өздөрүнө ылайыктуу мектеп формасын тандап алышат.

Билим берүү министрлигинин адиси Кылым Сыдыкназарованын айтуусунда, жаңы форманы кийгизүүдө ата-энелердин мүмкүнчүлүгү жана тандоосуна басып жасалат. Эгер жаңы формалар алардын купулуна толбосо же аны сатып алууга шарты болбосо, жылдагыдай эле ак көйнөк, кара шым, кара юбканы эле сатып алып, балдардын кем-каржысын бүтөсө болот.

Адис форма боюнча мектептерде жыйналыштар буга чейин эле уюштурулуп, жалпы маалыматтар берилгенин, учурунда ал жыйналыштарга катыша албай калган ата-энелер азыр кыйналып жактанын белгиледи.

- Биз форманын бычымын гана бекитип бердик. Министрлик анын баасына, сапатына көзөмөл кыла албайт. Мында эч кимди мажбурлоо жок. Эгер мүмкүнчүлүгүнө жараша ата-энелердин шарты болсо, мектеп администрациясы, ата-энелер комитети менен бирге чогулуш өткөрүп макулдашып, шарты жокторго жардам берип, бирдей форма кийип жатышат. Андай шартка макул болбогондор баягыдай эле ак көйнөк менен кара юбка же шым кийип келе берсе болот. Ага эч ким тыюу сала албайт.

Билим берүү боюнча эксперт Асылбек Жооданбековдун пикиринде, форма боюнча эки жылдан бери ар кандай талкуулар болуп келатканына карабай, ата-энелер арасында түшүнбөстүктөрдүн дагы эле көп болуп жатышы - мектеп менен алардын ортосундагы байланыштын бекем эместигинен кабар берет.

Эксперт мектептеги жыйналыштар, түшүндүрүү иштери жаз айларында активдүү жүргүзүлгөндө оңураак натыйжа болмок. Эми жаңы окуу жылынын алдында башталган бул жараян бир пикир табылгыча узакка чейин созулуп кетиши ыктымал, деген пикирде.

- Мына августтун ортосу болуп калды, 15 күндөн кийин окуу башталат. Эми бул талаш-тартыштар мыйзам ченемдүү нерсе. Ошондуктан ар бир мектеп чечимди көбүрөөк административдик эмес, ата-энелердин, керек болсо балдардын дагы пикирин эске алуу менен кабыл алышы керек. Демек ар бир мектептин чечими көпчүлүктүн тандоосуна жараша болот. Тигил же бул мектепте чыккан талаштарды көбүрөөк ортого, жалпы жыйындарга салып талкууласа бир жыйынтыкка келишмек.

Билим берүү жана илим министрлиги тандалып алынган бирдиктүү форманын үлгүсүн коомчулукка былтыр 1-июлда жарыялап, аны окуучулар 2015-2016 окуу жылынан баштап милдеттүү түрдө киерин маалымдаган. Анда министрлик муну социалдык теңсиздикти жоюу максаты менен түшүндүргөн болчу.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG