Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:47

Австралияда роботтун жаңы түрү жасалды


Ашпозчу робот
Ашпозчу робот

Австралияда үй куруучу роботтун жаңы түрү пайда болгону кабарланууда

Австралиялык "Фастбрик роботикс" (Fastbrick Robotics) компаниясы курулушта кыштарды өз алдынча тез кынай ала турган "Хадриан" аттуу робот машинени жасап чыкты.

Идеянын автору, инженер Марк Пивактын айтымында, бул жаңы куруучу машиненин эң негизги өзгөчөлүгү - кышты так тизип, жумушту бат аткарат.

Хадриан роботу күнү-түнү тынбай иштейт жана тез кыймылдагандыктан бир сааттын ичинде эле 1000 кышты кынайт. Орточо алганда бул "акылдуу" куруучу машине, бир жылда 150гө жакын көп кабаттуу үйдү тургузуп койгонго жөндөмдүү.

Мындай инновативдүү роботтор менен аз эле каражатка кыска убакыттын ичинде бир канча үйлөрдү жана имараттарды куруп алса болот.

Бул куруучу робот үч мерчемдүү компьютердик дизайн программа менен жабдылгандыктан ал кышты кантип түз койгонду так эсептеп чыгарып, ошого жараша көлөмү туура келген гана кышты тандап алып тизет. Андыктан, адистердин айтымында, Хадриан роботу буга чейинки куруучу робот машинелерден тактыгы менен айырмаланат.

Сууда калкып турган атом электр станциясы

АКШда сууда калкып жүрүүчү атомдук электр станцияларын куруу мүмкүнчүлүгү каралууда.

Масачуссетс университетинин окумуштуулары океандын бетинде калкып туруучу станциянын прототибин жасап чыгышты.

Бул идеянын автрлорунун айтымында, суу үстүндө турган атом станциялары коопсуз болот жана аны курууга каражат азыраак талап кылынат.

Анткени океандын суусу атом реакторлорун муздаткычы катары пайдаланылып, жер титирөө же цунами болсо Жапониядагыдай терс жыйынтыкка алып келбейт.

Андан сырткары, АЭСтердин абаны булгоочу заттарды бөлүп чыгарбаганы да артыкчылык катары каралууда.

Деген менен эксперттердин билдиришинче, Фукусимадагы кырсыктан кийин дүйнө коомчулугунда АЭСтер тууралуу терс пикир калыптанып баштаган, андыктан суу үстүндөгү андай станцияларды куруу үчүн идеянын авторлору америка элин ынандырууга бир топ убакыт талап кылышы мүмкүн.

Apple глобалдык музыкалык радиону ишке киргизди

Дүйнөдө "акылдуу" смартфондору менен популярдуу болгон Apple компаниясы эми музыка дүйнөсүнө да жаңылык киргизип глобалдык онлайн музыкалык радио берүүнү сунуштоодо.

Beats 1 деп аталган онлайн радио толкундар Лос Анжелес, Нью Йорк жана Лондон шаарларында жайгашкан радио станцияларда, башкача айтканда, жүздөн ашуун өлкөдө жаңырып турмакчы.

Эксперттердин айтымында, Beats 1 радиосу биринчи глобалдык радио болгондуктан угармандардын арасында популярдуу болушу мүмкүн, бирок Apple компаниясы бул радио менен киреше табууну көздөбөстөн болгону айфон жана "акылдуу" саат сыяктуу продукцияларын жарнамалоо максатын көздөп жатышы мүмкүн.

Мындан мурдараак эле Apple ишканасынын атаандаштарынын бири Гуугл компаниясы да АКШ, Австралия жана Жаңы Зеландияда обого чыгуучу музыкалык радиостанция ачканын жарыялаган болчу.

XS
SM
MD
LG