Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:34

Депутат Ширин Айтматова “Бактамед” аттуу антибиотик айынан ооруп, баспай калган наристелер тууралуу айтып чыкты. Анын маалыматында, соңку эки жылда мындай кесепет 20 баланы тооруган.

Бишкек шаарынын тургуну Адил Орозалиев былтыртан бери бир буту баспай калган төрт жаштагы уулу менен бир нече ирет ооруканага жатып чыкты. Эми апрель айында алар дагы дарыланганы жатышат. Адил уулунун мындай абалга түшүп калуусун “Бактамед” дарысынан көрөт. Анткени суук тийди деп эки жолу ушул антибиотикти сайгандан кийин эле уулунун сол буту кыймылдабай калган.

- Балама суук тийип, бейтапканага барганбыз. Ал жерден “Бактамед” дарысын жазган. Экинчи инъекциядан кийин эле баламдын сол буту кыймылдабай калды. Үч жолу ооруканага жаттык. Эми апрелде дагы жатабыз го. Азыр абалы жакшы. Балам басып калды. Бирок залакасы тиет экен, бир аз аксайт. Текшерткенде нервдеринин чыңалуусу өз нормасынын ылдый экени аныкталды.

Адил Орозалиев ооруканада жаткан учурда “Бактамедди” алып, баспай калган башка дагы балдарды көргөн. Мындан улам жабыркаган балдардын ата-энеси өз ара чогулуп, бул ишти иликтөө өтүнүчү менен Жогорку Кеңештин депутаты Ширин Айтматовага кайрылган.

Ширин Айтматова

Ширин Айтматова

Депутаттын маалыматында, соңку эки жыл аралыгында №3 балдар ооруканасында ар кандай препараттардан жабыркаган 37 бала катталган. Алардын ичинен 20сы ушул “Бактамедди” алган.

- Бул дары Испаниядан чыгат экен. Ал азыр Кыргызстанда өтө активдүү түрдө тарап жатат. Дарынын өзүндө “экспортко гана багытталган” деп жазылып жүрөт. Биздин мыйзам боюнча Кыргызстанда сатылып жаткан дары-дармектер аны өндүргөн өлкөнүн өзүндө дагы сатылганга уруксаты болушу керек. Демек, анын бизде катталышынын өзү эле мыйзам бузуу болуп саналат. Анткени экспортко гана багытталган дары-дармектердин сапаты боюнча стандарттары жакшы сакталбайт деген шектенүү бар. Буга чейин да бул дарыны Кыргызстанга алып келген компаниянын тегерегинде талаш-тартыштар болгон. АКШ элчилиги ал компания катталган юридикалык дарек дары-дармек ташыган компаниялардын реестринде жок экендиги аныктаган. Бул нерселерге өкмөт көңүл бурушу керек. Анткени 20 бала деген оңой эмес. Кандай дарылар катталып жатканы боюнча жоопкерчилик болушу керек да. Бирок Дары менен камсыздоо департаменти дайыма эле эч кандай көйгөй жок дей берет.

Дары жана медициналык техника менен камсыздоо департаментинин басма сөз катчысы Замир Акаев депутаттын маалыматын четке кагып, Кыргызстанда катталган “Бактамед” препараты Испаниянын өзүндө каттоодон өтүп, сатыкка чыгууга уруксаты бар экенин билдирди. Бул дары Кыргызстандан тышкары Тажикстан, Монголия, Азербайжан, Грузия,Түркмөнстан, Армения, Өзбекстан мамлекеттеринде каттоодон өткөн. Замир Акаев препарат сапаты, коопсуздугу, таасири боюнча тийиштүү текшерүүлөрдөн өткөрүлгөнүн жана талаптарга жооп берерин белгилеп, департаменттин өзүнө дарынын терс таасири туурасында дарыгерлерден да, жабырлануучулардан да кайрылуу болбогонун айтты:

- Дарыны каттоодо эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес. Тийиштүү документтердин баары жайында. Азыр “Бактамеддин” терс таасири жөнүндө айтып жатышат. Бирок биздин жоболор боюнча дарынын терс таасири туурасында маалымат берүү деген нерсе бар. Ал "сары кагаз" деп аталат. Биздин Фармакологиялык комитетке мындай сары кагаз дарыгерлерден дагы, "дарыдан жабыркадык" дегендерден да түшкөн эмес.

Былтыр дарыдан жабыркадык деген ата-энелердин Жогорку Кеңешке кайрылуусунан улам Саламаттыкты сактоо министрлигинде окуяны иликтөө боюнча комиссия түзүлгөн. Министрликтин башкы адиси Салтанат Молдоисаеванын айтымында, жабыркаган балдардын ата-энелери менен иштеше келгенде чын эле дарынын терс жактары болгону аныкталууда. Бирок мындай учурларды дарыгерлер каттоодон баш тартып жатышат. Балдар дал ушул “Бактамедден” жабыркады деп тыянак чыгаруу үчүн ошол врачтын каттоо баракчасы, башкача айтканда, "сары кагазы" керек. Ушул жагдайдан улам иликтөө аягына чыккан эмес.

- Негизинен ошол жагдай Бишкектеги №3 балдар ооруканасында катталбадыбы. Эгер ал жактагы дарыгерлер расмий түрдө бизге дарынын терс таасири туурасында "сары кагаз" толтуруп берсе, биздин департаменттеги эксперттер аны карап чыгып, оору ушул дарыдан чыкты же чыккан жок деп тыянак чыгарып бермек. Алар өздөрү жоопкерчиликке тартылып калабыз деп коркуп жатышабы, айтор, билбей жатабыз. Биз алар менен сүйлөшүү иштерин жүргүздүк. Алар өздөрү бул окуяларды балким дары менен байланыштырбайбыз дегенсип, ошол себептен дагы толтурбай жатышат окшойт.

Ошол эле учурда Бишкектеги жеке клиникалардын биринде иштеген врач Кадича Иманалиева бир топ жылдан бери ушул эле препаратты ооруп калгандарга жазып жүргөнүн жана ушул күнгө чейин эч кимден арыз түшпөгөнүн белгилейт. Ал балдардын баспай калуусу туура эмес ийне сайгандан улам да болушу мүмкүндүгүн белгилейт.

Кыргызстандагы ооруканалардын бири.

Кыргызстандагы ооруканалардын бири.

- Мен андай терс таасирлер туурасында билбейм. Бирок баланын буту эмнеден баспай калышы мүмкүн? Башка уколдорду деле туура эмес жерге сайып алса, ошондой болушу мүмкүн. Мисалы нервине доо кетирип алышы ыктымал. Бул учурда бала “Бактамедден” эле эмес башка дарылардан деле баспай калат.

Фармаколог-адис Бактыгүл Камбаралиеванын билдиришинче, “Бактамед” “Уназин” аттуу препараттын аналогу. Мындан улам аны өлкөдө кыскартылган схеманын негизинде катташкан. Дарыны толук кандуу каттоодо сертификаты, дарынын курамы, сапаты жана клиникалык тажрыйбадан өткөн-өтпөгөнү каралат. Кыскартылган каттоо системасында ошол клиникалык тажрыйба бөлүгү каралбайт.

Бирок бул эки препараттын көрсөтмөсүндө чоң айырма болгондуктан, “Бактамеддин” өзгөргөн көрсөткүчтөрү боюнча кененирээк түшүндүрмө берилиши керек болчу дейт адис.

- Бул эки дарынын инструкциясы эки башка. “Уназинди” балдарга тери инфекциясы козгогон ооруларга байланыштуу жазат. “Бактамедде” болсо лор, атит, пневмония, бронхит, менингит сыяктуу эки-үч эсе көп көрсөткүчтөр көрсөтүлгөн. Ал аналог болгон үчүн оригиналы менен бирдей эле болушу керек. Бирок ал өзгөртүлгөн болсо, анда ошону далилдеши керек. Балдарга сайса болот, клиникалык текшерүүдөн өткөрүлгөн дегендей. Андай жок. Кыскартылган каттоонун негизинде эле бул дары өткөрүлүп калган.

Кыргызстанда “Бактамед” препараты 2008-жылы катталып, аны Кыргызстанда ооруканаларды бир катар дарылар менен камсыздаган World Medicine компаниясы алып келет.

Депутат Ширин Айтматова буга чейин ушул эле компаниянын түгөйү Rotapharm фирмасынын да Кыргызстанга ташып келген дарылары шектүү экендигин билдирип, бул талаш-тартыш ишкана менен депутаттын соттук териштирүүсүнө чейин жеткен. Ар кайсы деңгээлде уланган соттук иштер негизинен Rotapharmдын пайдасына чечим чыгарган.

Ал учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги Rotapharmмдын айланасындагы сөздөр жана окуяларды ири дары-дармек ташыган эл аралык фирмалар ортосундагы атаандаштык катары баалаган.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG