Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:17

Оюн-зоок өтүүчү мекемелердин коопсуздугу кандай?


Спорт ордосунун жанындагы жардыруудан кийин, 30-ноябрь, 2010-жыл
Спорт ордосунун жанындагы жардыруудан кийин, 30-ноябрь, 2010-жыл

31-январда белгисиз бирөө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына телефон чалып, Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда бомба коюлганын маалымдаган. Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери жана тартип коргоо органдары имараттын ичин тыкат текшерип чыгып, эч кандай жардыргыч зат коюлбаганын аныкташты.

Улуттук филармониянын директору Мир Үсөнбаев 31-январда кечки саат бешке чукул тартип коргоо органдары келип, имаратка бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөнүн айтып, ыкчам аракетте филармониянын кызматкерлерин сыртка чыгарып, адистер кылдаат текшерип, эч кандай жардыргыч зат таппаганын, бул тууралуу маалымат жалган болуп чыкканын билдирди.

Үсөнбаевдин айтымында, бул маалымат өнөр адамдарынын үрөйүн учуруп, оюн-зоок өтүүчү маданият мекемелеринде коопсуздук чараларын күчөтүү зарылдыгын айгинелеп койду.

- Бул азыркы учурда эң маанилүү иштердин бири болушу керек. Анткени бул жерге концертке миңдеген адам келет. Бул жерде дайыма эл көп топтолот. Мисалы мен чет өлкөлөргө чыгып жүрөм. Мындан 20-30 жыл мурда эле темир текшергичтер бар болчу. Көрүүчүлөр кирүүчү залдан баштап, концерт өтүүчү жайга чейин атайын текшерүү жүргүзүлүп турчу. Бизде да текшерүүчү техникалык аппараттар менен толук жабдылса жакшы болот эле. Мамлекет бул багытта акча каражатын аябастан берип, келгендердин коопсуздугун камсыз кылуусу керек.

Мир Үсөнбаев филармонияны кайтаруу күчөтүлгөнүн белгилеп, коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ички иштер органдары менен тыгыз иш алып барышарын айтты.

Ал эми Бишкектин тургуну Жылдыз аттуу келин азыр концерттерге баруу кооптуу болуп калганын, оюн-зоок башталганга чейин имаратты жана концертке келген адамдарды темир издегич менен текшерип, коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.

- Азыркы кырдаалда концертке баруу коркунуч туудурат. Ар кайсы жерде жардыруулар болуп, кыйын болуп калды. Ошондуктан алдын ала концертке чейин имаратты бир-эки саат мурда жакшылап текшерүү зарыл.

Маданият жана маалымат министрлигинин көркөм өнөрдү өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Кыргызбай Осмонов өткөн жылдын соңунда Спорт ордосунун жанындагы жардыруудан кийин оюн-зоок өтүүчү жайлардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралар күчөтүлүп, министрлик тарабынан оюн-зоок өтүүчү мекемелердин жетекчилерине атайын көрсөтмө болгонун билдирди.

- Маданият жана маалымат министрлиги тарабынан өзүбүздүн ар бир мекемелерге коопсуздукту камсыз кылуу боюнча буйругубузду чыгарганбыз. Ар бир театр, филармонияда ички буйруктары бар. Биз бул маселе боюнча алдын-ала чараларды көргөнбүз.

Рахматулло Ахмедов
Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Рахматулло Ахмедов телефон аркылуу “филармонияда бомба бар” деп жалган маалымат берген адамдын өздүгү тартип коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан такталып жатканын, аны таап, жооапкерчиликке тартуу боюнча аракет көрүп жатышканын белгиледи.

- Ошол оюн-зоок өтүүчү мекемелердин коопсуздугун камсыз кылуу багытында жергиликтүү ички иштер органдарынын кызматчылары тартылат. Алар өздөрүнүн иштерин алып барууда оюн-зоок өтүүчү жайлардын коопсузудук маселесин чечүүгө багыттайт. Бул маселени ички иштер органдарынын кызматкерлерине, ошол оюн-зоок өтүүчү мекемелерге жүктөп салбай, коомчулук да жоопкерчиликтүү мамиле кылса жакшы болот эле. Шектүү буюмдарды же шектүү киши тууралуу милицияга кабарлашса ар кандай кооптуу иштердин алдын алууга өбөлгө болот.

Былтыр 30-ноябрда Кожомкул атындагы Спорт ордосунун жанында канализациялык кудукта жардыруу болгон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынынын төрагасынын орун басары Көлбай Мусаев Бишкектеги Спорт ордосунун жанына коюлган жардыруучу заттын күчү тротилл эквивалентинде 3 кг. болгондугун, жардыруу уюлдук телефон же атайын алыстан башкаруучу жабдуу аркылуу жүргүзүлүп, жардыруунун күчүнөн люктун жапкычы 300 метр аралыкка учуп кеткенин билдирген.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев Спорт ордосунун жанындагы жардыруу, Бишкек шаардык милициянын жанына жардыргыч заттар коюлган унааны таштап кетүү, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн үч кызматкеринин өлтүрүлүшү жана Арашандагы окуяларга “Жайшул Махди” аттуу уюмдун мүчөлөрүнүн тиешеси бар экендигин, бул окуя боюнча 16 киши шектелип он бири колго түшүрүлгөндүгүн маалымдаган.

XS
SM
MD
LG