Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:40

Кыргызстанда коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Күч түзүмдөрү Кыргызстан эгемендигинин 20 жылдык мааракесин утурлай 25-августтан тарта күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү.

Серепчилер коопсуздукту көзөмөлдөө зарыл экенин белгилеп жатышат.


Кош майрамды коопсуз өткөрүү аракети


31-августта Кыргызстан эгемендигинин 20, Курманжан Датканын 200 жылдыгы чогуу белгиленет. Бул майрамдар өзгөчө шаан-шөкөт менен өтөрү айтылууда. Андан сырткары Орозо айт майрамы да ушул күндөргө туура келет. Майрамдарды утурлай Кыргызстан күч түзүмдөрү, милиция да күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Бакыт Сеитовдун билдиришинче, бул күндөрү коомдук тиртипти сактоо үчүн жалпысынан 4,5 миң милиция кызматкери күнү-түнү кезектешип иштейт. Сеитов коопсуздукту камсыз кылуу үчүн элдик кошуундар тартыларын жана бардык күч түзүмдөрү биргелешип иштеп жатканын кошумчалады:

- Салтанат учурунда милиция кызматкерлери коомдук тиртипти сактоого кепилдик берет деп айтсак болот.

Белгилей кетсек, 2010-жылдын жайында Ош жана Жалал-Абадда улут аралык жаңжал орун алып, ондогон кишинин өмүрү кыйылган. Андан соң ноябрь айында өлкөнүн отуздан ашуун жеринде жардырууларды даярдоого аракеттенген деп шектелгендерди Ош шаарында кармоо учурунда ок атышуу болуп, гранаталар жардырылган. Андан көп узабай Бишкекте 7-апрель окуясы боюнча сот жараяны өтө турган спорт сарайынын алдында жардыруу болгон.

Серепчи-эксперттер булардын артында эл аралык террордук уюмдар менен улутчул-экстремисттик күчтөрдүн тандеми болушу мүмкүн экендигин айтып чыгышканы бар. Азыр эми кырдаал турукташып калганы менен коопсуздукту колдон чыгарбоо зарыл экенин белгилешет. Алардын бири Руслан Ташанов:

- Азыр элдин майрамга катуу даярданып жатканын деле байкаган жокпуз. Кооптонуу деле жок, бирок күч түзүмдөрү коомдук тартипке олуттуу мамиле жасоосу зарыл. Анткени дагы деле болсо экстремисттик күчтөрдүн чагымчыл аракеттери болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында майрам күндөрү коопсуздук толугу менен камсыздалып, майрам тынч өтөт деп ички иштер министринин түштүк аймагы боюнча орун басары Курсан Асанов ишендирип өттү. Анын айтымында, түштүк аймактарына коомдук тартипти сактоо үчүн күч жетиштүү:

- Күч органдары да, анын ичинде ИИМдин өздүк курамы атайын план, иш-мерчемдерин иштеп чыккан. Ага ылайык жер-жерлердеги бөлүктөрү 29-августтан тартып күчөтүлгөн режимде иштейбиз. Негизинен бул күндөрү коомдук жагдай толугу менен көзөмөлдө болот деп ишендирип кете алам.


Майрамдык аш таратылат


Ал ортодо Ош шаарында өзбек тектүү жаштардан турган бирикме майрамга карата атайын ынтымакка чакыруу иш-чарасын өткөргөнү жатышат. Майрам күнү шаар тургундарына жана конокторуна аш таратылат. Ал эми Жалал-Абад шаарынын тургуну Абдумалик Шарипов жергиликтүү тургундар өзбек-кыргыз-орус дебей майрамдык салтанаттарга чыгышарын белгилейт.

- Июнь окуясынан бир жумадан кийин эле Жалал-Абадда эл бири-бири менен катышып, көчөлөргө чыгып калышкан. Эми туурасын айтыш керек, кечинде жүргөндөн чоочуп турушат. Ал эми майрамда чыкпаса болбойт. Балдарды эс алуу жайларында алып барып ойнотобуз. Буга чейинки салтанаттарда деле ар кайсы улуттар чыгып жүрөбүз.

Майрамга байланыштуу бир дагы чек ара жабылбай турганын коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Чек ара кызматынын кол башчысы Закир Тиленов “Азаттыкка” билдирди. Бирок бул күндөрү чек ара кызматкерлери да көзөмөлдү күчөтөт. Мындай тартипте күч түзүмдөрү 1-сентябрга чейин иштешет.
XS
SM
MD
LG