Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

Кара-Кечеде үч өмүрдү алган кырсык иликтенүүдө


Уранды басып калган машина, Кара-Кече, 10-декабрь, 2013. (Сүрөттү ӨКМдин маалымат кызматы сунуштады.)
Уранды басып калган машина, Кара-Кече, 10-декабрь, 2013. (Сүрөттү ӨКМдин маалымат кызматы сунуштады.)

Кара-Кечедеги кырсыкты иликтөө үчүн түзүлгөн комиссия каргашалуу окуянын чоо-жайын бүгүндөн тарта жеринен иликтеп баштайт.

Өзгөчө кырдаалдар, Ички иштер министрлиги, мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекция кызматкерлеринин жана “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия Кара-Кечедеги кырсыкты жеринен иликтөө үчүн бүгүн Нарынга жөнөп кетишти. 10-декабрь күнү таңга жуук Нарындагы Кара-Кече көмүр кенинде уранды көчүп түшүп, эки “ЗИЛ” автоунаасын басып калган. Натыйжада, Жумгал районунун 30 жаштагы эки, 53 жаштагы бир тургуну каза тапкан.

Көмүр алабыз деп өмүрүн беришти

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын башчысынын орун басары Шерулан Дарманов Кара-Кечеде кырсыкка учурагандар көмүр казуу аймагына түн ичинде уурданып кирип, көмүр жүктөп кетүүгө аракеттенишкен деп билдирди. Маалыматка ылайык, алар сырттагы кароолчулардын тосконуна карабай, кенге кирип, автоунаага көмүр жүктөп жаткан учурда уранды көчүп түшкөн.

- Кароолчуларга баш бербей, эки машина кол менен жүктөйбүз деп кирип кеткен. Ошол жерден кырсык болуп атат. Буга чейин мындай көрүнүш болгон эмес.

Кара-Кечеде жакындан бери эле чуулгандуу үч окуя катталды. Мушташ арты атышууга жетип, бир адам каза болду, башка жарандар жабыркады. Бул жерди кылмыштуу топтор башкарат деген пикирлер жөндүүбү?

- Бүгүнкү күндө тартип коргоо органдары иштеп жатат. Андай пикирлерге негиз жок деп ойлойм. Анткени криминалы болобу, башкасы болобу кезек күтүп көмүр алып кетишет.

- Коопсуздук маселелерин да сиздер карайсыздарбы?

- Ошол жердеги коопсуздук, өндүрүшкө да биз жооп беребиз, эгер бизден, мамлекеттик ишканадан кеткен болсо.

Бул Кара-Кече көмүр кенинде катталган алгачкы кырсык эмес. Ушул айдын башында аталган жайда милиция сабады делген Айбек Мамбеталиев ооруканага жетпей каза болгон. Андан мурдараак, 21-ноябрда көмүр алганы келишкен отуз-кырк чамалуу кишинин ортосунда чатак чыгып, атышууга чейин жеткен жана анда эки киши жабыркаган. Ушундай көрүнүштөрдөн улам Кара-Кечени кылмыштуу топ башкарат деген кептер коомчулукта айтылып жүрөт.

Ким күнөөлүү?

Эксперттер жалпы эле кендер менен шахталардын техникалык коопсуздугу каралбайт деп өкмөттү сындашууда. Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынын жетекчиси, депутат Назарали Арипов уранды көчөрүн алдын ала айтып, иликтебеген Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясын айыптады.

- Биз азыр бардык эле тармактарга лицензияларды берип жатабыз. Ошонун жоопкерчилиги кимде? Жалпы коопсуздугу, техникалык коопсуздугу көзөмөлгө алынбагандыктан ушундай иштер болуп атат. Бул техинспекциянын жумушу да. Эмнеге убагында караган эмес, эмнеге алдын ала маалымат берген эмес. Кыргызстанда коопсуздугу талапка жооп бербеген канча шахталар бар экенин эч ким билбейт.

Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясынын өкүлү Чынара Татыгулованын айтымында, Кыргызстанда кендер жана шахталар жылына бир жолу текшерүүдөн өтөт. Кара-Кече көмүр кени ушул жылдын февраль айында текшерилген.

- Кара-Кечеде күндө иштеп жатышкандыктан абал өзгөрүп турат. Ал жакта абал күндө өзгөрүп турат, бир орунда эле турбайт да. Албетте коопсуздукту сактаган эмес, ошондуктан урап түштү да.

Кыргызстанда чакан жана ири көмүр кендери Жалал-Абадда, Баткенде, Ош жана Нарында бар. Алардын арасында уруксаты жок эле өз алдынча иштегендери да жок эмес. Шахта, кендеги ар кандай кырсыктардан быйыл эле онго чукул адам каза болуп, жабыркаган. Ушул жылдын жайында Баткендин Самаркандек айылындагы көмүр шахтасына суу толуп, анда иштеп аткан үч киши шахта ичинде калып ажал тапкан. Баткенде да, Жалал-Абадда да ушундай өз алдынча иштеткен шахталар арбын. Алардын так санын айтуу кыйын.

Жакында мына ошондой уруксаты жок иштеген 18 шахта жабылганын өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн орун басары Бакирдин Жолчиев кабарлады.

- Кечээ жакында дагы биз тобубуз менен чыгып текшерип, өз бетинче көмүр казгандарды токтоттук. Чын эле токтотуштубу деп кайра дагы текшерип келдик. Элге өз алдынча көмүр казганга болбой тургандыгын түшүндүрүп жатабыз. Бирок кыш алдында эпидемия сыяктуу казып алуулар мурдатан орун алып келет.

Анткен менен өлкөдөгү бардык эле кендердин коопсуздугу талапка жооп бербей турганын, бул маселеге бийликтегилер кайдыгер мамиле жасап жатканын укук коргоочулар белгилешүүдө. Алардын бири “Эр айдоочу” коомдук уюмунун башчысы Качкын Булатов төмөнкүлөргө токтолду:

- Таптакыр каралган жок, бири дагы. Сүлүктү, Таш-Көмүрдө бүт жапайы казылат. Кара-Кечеде техника болгон менен көмүр калың жерди гана чукушат, калган жерге тоо-таштын баарын көмүп салышкан. Бардык жерде ушундай, көмүр казуу технологиясы бузулган.

Ал эми Нарын облусуна губернатор болуп жаңы барган Аманбай Кайыпов өз ишин Кара-Кечеге тартипти орнотуудан баштай турганын билдирген. Кечээги кырсык боюнча азырынча бир тыянак айтыла элек, кылмыш иши да козголгон жок. Бул комиссиянын ишинин жыйынтыгына байланыштуу болот.

XS
SM
MD
LG