Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:22

Кыргызстанда жер титиреди


17-ноябрда кечки саат он бир жарымдар чамасында жер титиреп, ал Кыргызстандын бир катар аймактарында сезилди.
17-ноябрда кечки саат он бир жарымдар чамасында жер титиреп, ал Кыргызстандын бир катар аймактарында сезилди.

Алдын ала маалыматтар боюнча жер титирөөнүн күчү 5-6 баллга жеткен жана силкинүүдөн айрым үйлөрдө жарака кеткен, ал эми адам өмүрүнө зыян келген жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымдоосуна караганда, 17-ноябрда түнкү саат 23:29 Кыргызстанда жер титиреди. Жер титирөөнүн очогу Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ийрек айылынан он чакырым батышта орун алып, ал жердеги күчү 5-6 баллга жеткен. Ош шаарында 4,5 баллга жеткени сезилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов 18-ноябрда эртең менен “Азаттыкка” буларды кабарлады:

- Азыркы, бүгүн эртең менен алдын ала алынган маалыматтар боюнча, айрым үйлөрдөн жарака кеткен. Ош шаарында кээ бир мектептерде да жарака кеткен деген маалыматтар бар. Азыр жеринде такталып жатат. Тилекке жараша, адам өмүрүнө зыян келген жок.

Бекиловдун маалыматы боюнча, 17-ноябрда түндө жер титирөө экинчи жолу кайталанды. Анын очогу да Кара-Суу районунда орун алып, күчү 4-4,5 баллга жеткен. Жер-жерлерде жарандык коргонуу комиссиялары иштеп жатат. Бишкекте жер титирөөнүн күчү 3-3,5 баллга жеткени маалымдалды.

Бекилов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тиешелүү башкармалыктары менен бөлүмдөрүнүн адистери жер-жерлерде тактоо иштерин жүргүзүп жатышканын кошумчалады. Тактоо иштери Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жүрүүдө.

17-ноябрда кечки саат он бир жарымдар чамасында жер титиреп, ал Кыргызстандын бир катар аймактарында сезилди.

Бельгиянын дүйнөдөгү зилзалаларды каттоочу earthquakereport.com вебсайты да 17-ноябрда Кыргызстанда түнкү саат 11:29да Рихтер таякчасы боюнча 5,8 баллдык жер титирөө болгонун каттаган.

Ал эми АКШнын Улуттук сейсмология институтунун кабарлашынча, жер титирөөнүн эпицентри Ош облусунун Алай районунун борбору Гүлчөдөн 27 чакырым түндүк-батыштагы Кең-Жылга жана Ийри-Суу деген жерлердин ортосунда болгон.

XS
SM
MD
LG