Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:35

Санпа окуясы: талаштуу сот өкүмү


Шамшидин Ниязалиев сот отурумунда
Шамшидин Ниязалиев сот отурумунда

Жалал-Абад облустук прокуратурасы Санпа окуясы боюнча соттолгон Шамшидин Ниязалиевди бошоткон облустук судьялардын ишине баа берет.

Ал эми айыпталуучулардын адвокаты соттор адилет чечим чыгарганын, аларга баа берүүгө негиз жоктугун айтышууда.

Жокко чыгарылган өкүм

Санпа окуясы боюнча айыпталып, камакта жаткан Шамшиддин Ниязалиевди актаган Жалал-Абад облустук сотунун чечимин Жогорку Сот 2-апрелде жокко чыгарып, кайра кароого жөнөттү.

Жалал-Абад облустук прокуратурасынын бөлүм башчысы Белек Маматбаевдин айтымында, бул иштин материалдары Жогорку Соттон келсе, чечим чыгарган облустук соттун судьяларынын ишине баа берилет.

Санпа окуясы боюнча соттолгондор, 9-март, 2011-жыл
Санпа окуясы боюнча соттолгондор, 9-март, 2011-жыл
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда каралып, облустук соттун өкүмү бузулуп, иш кайра тергөөгө жиберилген. Учурда кылмыш иши жана ага байланыштуу чечимдер облустук прокуратурга келе элек. Ошол кагаздар түшкөндөн кийин облустук сот тарабынан негизсиз жана мыйзамсыз чечим чыгарган соттордун жоопкерчилиги каралат. Кылмыш иши козголушу да мүмкүн.

Бирок адистер прокуратура соттордун ишине баа бере албасын, ал үчүн Соттор кеңешинин макулдугу талап кылынарын белгилешүүдө.

Былтыр 25-октябрда Сузак райондук соту Шамшиддин Ниязалиевди "массалык башаламандык уюштурган", "адам өлтүргөн" деген беренелер менен өмүрүнүн акырына чейин абакка кескен. Бирок ушул жылдын 21-январында бул ишти караган Жалал-Абад облустук соту ага тагылган оор беренелерди кыскартып, 150 миң сом айып пул салып, сот залынан бошоткон болчу. Соттун бул чечимине жабырлануучулар нааразычылык билдиришкен.

Жабырлануучулар каршы

Ниязалиевдин адвокаты Татьяна Томина облустук соттун судьяларынын чечими адилет болгонун белгилеп, алардын ишине баа берүүгө жана кылмыш ишин козгоого негиз жоктугун айтууда.

- Эмне үчүн судьяларга кылмыш ишин козгойт? Бизде мыйзам боюнча соттор көз карандысыз. Алар өз алдынча чечим чыгарат. Алар ошондой чечим чыгарышты. Өздөрү бир нерсени оюнан чыгарып эмес, тиешелүү документтердин негизинде өкүм кылышкан. Мен алар адилеттүү өкүм кылышкан деп ойлойм. Ал эми Жогорку Сотто болсо, кылмыш ишин калыс, адилеттүү кароо болгон жок. Жогорку Соттун чечими отурумга келип, катышкан жабырлануучулардын кысымы менен гана чыгарылды.

Санпа жолу
Санпа жолу
Татьяна Томина Жогорку Сотто жабырлануучулар тарабынан адвокаттарга коркутуулар болгондугун кошумчалады. Адвокат белгилегендей, 2010-жылы июнь окуясы болгон учурда Ниязалиев Кыргызстанда болбогондугун, Өзбекстанда жүргөндүгүн тастыктаган документтер бар.

Анткен менен жабырлануучулар Ниязалиев Санпа окуясына түздөн-түз аралашкан деп санашат. Жабырлануучулардын бири Эралы Алыбаев Ниязалиевди кандуу окуяда көргөм дейт.

- Бул баланын Санпада мылтык кармап турганы чын деп, Сузак райондук сотунда да айткам. Өз көзүм менен көргөм. Анын күнөөсү бар. Аны Москваданбы, Казакстанданбы, айтор кармап келишкен болчу.

Шамшиддин Ниязалиевге 2010-жылдын 29-сентябрында издөө жарыяланып, 2012-жылдын январында ал Казакстанда кармалган. Июнь айында Кыргызстанга өткөрүлүп берилген.

Санпа окуясы боюнча андан башка дагы 19 адам соттолуп, анын 17си өмүр бою абакка кесилген. 2010-жылы 2010-жылдын Санпа заводунун жанындагы окуяда он адам мыкаачылык менен өлтүрүлүп, талап-тоноолордон тышкары эки киши дайынсыз жоголгон. Облустук милиция тогуз машине өрттөлгөнүн маалымдаган.
XS
SM
MD
LG