Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:20

Эл кыздарын жерге берди


Бүгүн Москвадагы өрттө набыт болгон кыз-келиндердин сөөгү жерге берилди.

Бүгүн Москвадагы өрттө каза тапкан Жалал-Абаддын Ноокен районундагы Курулуш айылында Махигүл Азимжан кызы, Сузактын Кыз-Көл айылында Динара Раимкулова жана ушул эле райондун Лавдан-Кара айылында Айчүрөк Абдумаматованын сөөктөрү жерге берилди.

Ошондой эле Ысык-Көлдө 1998-жылы туулган Каракол шаарынын тургуну Нурайым Жумадылова жана 39 жаштагы Ак-Булуң айылынын жашоочусу Индира Маматкасымова акыркы сапарга узатылды. Ал эми Ак-Суу районунун 30 жаштагы тургуну Кыял Алабердиеванын сөөгү 31-августта коюлат.

Мындан тышкары Ош облусунда жана башка аймактарда да кыздарды жерге берүү зыйнаты болуп өттү.

Мисалы, 21 жаштагы Жаңылмырза Коргонбай кызы да Кара-Суу районундагы өзү туулган Отуз-Адыр айылындагы бейитке коюлду. Ал дизайнер болууну самап, бирок окууну бүткөндө оңдуу иш таппай, мындан үч ай мурун Орусияга аттанган экен. Тилекке каршы, дагы эки айдан кийин учуп келем деп жаткан Жаңылмырзанын сөөгү келди.

Эл кыздарын акыркы сапарга узатты
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:21 0:00

27-августта Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн он жети киши набыт кеткен. Анын ичинен он төртү кыргызстандык кыз-келиндер. Алардын улуусу 45 жашта, көпчүлүгү 17-22 жаштагы кыздар.​

Алардын сөөгү Москвададан Кыргызстанга кечээ алып келинген.

Он төрт кызын мекен ыйлап тосту
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:36 0:00

Ош: кыз ордуна табыт келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:44 0:00

XS
SM
MD
LG