Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:07

Дача СУ: туугандарды чырлаштырган акча


Дача СУда кыйраган үйлөр. 16-январь, 2017-жыл
Дача СУда кыйраган үйлөр. 16-январь, 2017-жыл

Сокулук районунун Дача СУ айылындагы авиакырсыктан каза тапкан жарандын туугандары кенемтеге байланыштуу чырлашууда.

Алардын чыры өкмөттүк комиссияга чейин жетти. Жергиликтүү бийлик жабыркагандар арасында али бериле элек кенемтени бөлүшө албай чатакташкандар көбөйгөнүн билдирүүдө.

16-январдын таңындагы учак кырсыгында кайтыш болгондордун бири Арзымамат Ташматов каргашадан бир күн мурда бир тууган эжесинин үйүнө барган экен. Ал урандынын алдында калгандарды куткарып, каза болгондордун сөөгүн алып чыгууга кол кабыш кылып жүрүп каза тапкан. Дарыгерлер анын "жүрөгү жарылып кеткен" деген диагноз коюшкан. Кырсыкта анын эжесинин үйүнө зыян келген. Бүгүн жубайы Бүзуура Тагаева кайнежеси турак жайына зыян келтирилген адамдардын да, жакынын жоготкондордун да тизмесине кирип, бардык материалдык жардамды алууга аракеттенип жатат деп билдирди:

- Эжеси менен жездеси мамлекеттен компенсация алууга аракеттенип жатышат. Элден чогулган жардамды да алышты. Мен үч балам менен батирде турам, үйүбүз жок. Аравандагы үйүбүздү да туугандары алып коюшкан. Бир туугандарынын үй-жайы бар, балдарын окутуп, үйлөнтүп коюшкан. Жетимдердин акчасын талашканга акысы деле жок болуш керек. Жолдошум балдарына шарт түзүп, үйлүү-жайлуу кылып кеткенде жардамды талашпайт да болчумун.

Дача конушу. 16-январь, 2017-жыл
Дача конушу. 16-январь, 2017-жыл

Маркумдун кызы Гүлшайыр Арзымаматова ата-энесинин ортосунда түшүнбөстүк, уруш-талаш көп болгонун, бирок мыйзам боюнча кенемтени өздөрү алышы керектигин белгиледи:

- Эжебиздин өзү жакынын жоготкон адамдардын, ал эми баласы үйү жабыркагандардын катарында тизмеде жүрөт. А бизди үчүнчү категорияга киргизип коюшуптур. Өлгөндөрдүн жакындары бул категорияга кирбейт да. Биз кырсыктын болгонун билбей, бейкапар эле жүргөнбүз. Кечинде, атамдын сөөгүн айылга алып кетип баратканда уктук. Анда да жакшыраак айтпай, "атаңар өлдү" деп кыйкырып, урушуп угузушту.

Дача айылынын келечеги бүдөмүк

Дача айылынын келечеги бүдөмүк

16-январда түрк учагы кулаган Дача СУ айылында калдыктарды чогултуу, тазалоо иштери дагы деле жүрүп жатат. Окуядан соң айыл калкы психологиялык жактан жабыр тарткандыктан, дарыгерлер жеринде үймө-үй жардам көрсөтүп жүрүшөт.

Ал эми маркумдун бир тууган эжеси Зарипа Ташматова бул айтылгандарды төгүндөп жатат. Анын маалымдашынча, иниси аялы менен 12 жылдан бери эки башка жашачу:

- Бүгүн келинимдин журналисттерге берген маалыматын уктум. Алардан эч ким талашпайт, жардамын ала берсин. Бирок айткандарынын баары жалган. Иним үй-бүлөсү менен катташчу эмес. Акыркы жайга узатарда вотсап аркылуу балдарын эптеп таап, айылга ала кеткем. Аялы барбай койгон.

Кенемтеге байланыштуу туугандарын айыптагандар жардам берүү өтүнүчү менен өкмөттүк комиссияга да кайрылышкан. Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергеновдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, маселени комиссия ушул аптадагы отурумунда карайт. Жабыркагандар арасында бериле элек кенемтени бөлүшө албай чатакташкандар да бир топ:

- Бир үй-бүлө мүчөлөрү каза тапкандар болду. Бири кызынан, бири баласынан айрылды. Эми ошол кудалар ортосунда акчаны же башка жардамдарды тең бөлүштүрүш керек, антиш керек, тигинтиш керек деп талашкандар да чыгып жатат. Алар өз алдынча пикир таба албай жатышат, бизге кайрыла элек. Бирок андайлар менен да жолугуп, түшүндүрүп айтканбыз. Ал эми бул үй-бүлө мага экинчи жолу кайрылып отурат. Маркумдун жубайы акыркы кезде чогуу жашабай калганбыз деп моюнга алды, анткен менен нике күбөлүгү бар, кыркылбаптыр. Мыйзам боюнча, жардамды алар алышы керек. А экинчи тарабында бир тууган эжеси турат. Мен аны кырсык болгон күндөн тартып таанып калдым. Ал да күйүп-бышып, сөөктү алып барып айылга жашырып келди.

Айылдын 200 чамалуу тургуну 14-мартта кырсык болгон жерде митинг өткөрүшүп, окуяга айыптууларды таап, жазалоо талабын да коюшкан.
Айылдын 200 чамалуу тургуну 14-мартта кырсык болгон жерде митинг өткөрүшүп, окуяга айыптууларды таап, жазалоо талабын да коюшкан.

Кудайбергенов кошумчалагандай, бийликтен жабыркагандарга сөөк коюуга бөлүнгөн акчадан тышкары кенемте бериле элек.

Өткөн аптада Дача СУ айылынын 200 чамалуу тургуну "конушта жашоо кооптуу" деген негизде өздөрүн башка жерге көчүрүү талабы менен митинг өткөрүшкөн.

Алар баарына тегиз жардам берилиши керектигин айтышып, мындай талап жакындарынан айрылып, үй-жайы тыптыйпыл болгон жарандардын нааразылыгын жараткан. Үч чүрпөсүнөн айрылган Венера Шейшенова ар ким өз көмөчүнө күл тартууга умтулуп жатат деп нааразы:

- Булар пендечилик кылып, тирүү калгандарына сүйүнбөй, ушундай талаптарды коюп жаткандарына таң калам. Накта жабыркаган 14 түтүн жөнүндө ойлогон эч ким жок. Ошолор биринчи үйлүү болушсун, анан биз маселе коелу деген бир да киши жок. Дача Су айылынын бардык тургундары жабырлануучуга кирбейт.

Учак кырсыгы: чечиле элек компенсация

Учак кырсыгы: чечиле элек компенсация

Учак кулап түшкөн Дача конушунун тургундары кыйроонун кесепеттерин жоюу жана аларды коопсуз жайга көчүрүү маселеси боюнча президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууну суранышууда.

Коомдо Дача СУда компенсация алуу үчүн жабыркабагандар деле тизмеге кошулуп жатканы тууралуу пикирлер да айтылып келет. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов болсо жабыркагандардын тизмесин түзүүдө эки комиссия иштеп, анын бир өкмөттүк, экинчиси жапа чеккендерден түзүлгөнүн билдирди:

- Башка адамдар деле кырсыктан пайдалангысы келип ар кандай создөрдү таратышты. Бирок чогулган акчадан бир тыйын да корогон жок. Жабыркагандар үчүн чогулган акчаны толук берип атабыз.

Президенттин фондунан кырсыктан жапа чеккен ар бир үй-бүлөгө 100 000, өкмөт башчынын фондунан 70 000, спикердин фондунан 80 000 сомдон берилери айтылган. Жабыркагандарга жардам берүү үчүн өкмөт ачкан банк эсебине элден 96 миллион сомдон ашуун акча чогулду. Мындан тышкары, өз алдынча жардам бергендер да бар. 16-январда Бишкектин четиндеги Дача СУ айылына "Боинг-747-400" жүк учагы кулап, 39 адам набыт болгон. Анын отуз беши айыл тургундары. Кырсыктан жыйырмадан ашуун үй кыйраган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG