Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:36

Дары баасы күндөн күнгө кымбаттайбы?


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстанда жыл башынан бери дары-дармектин баасы 15 пайыздан ашуун кымбаттады.

Буга доллардын курсунун кескин өсүшү жана өлкөгө сырттан ташылчу дарылардын көптүгү себеп болгонун Дары-дармек менен камсыздоо департаментинен кабарлашты.

Ошол эле кезде парламент депутаты Ташполот Балтабаев фармацевтикалык компаниялар кошумча нарк салыгынан бошотулгандан кийин өкмөт дары-дармектин баасын көзөмөлгө алууга тийиш болчу деп сынга алды.

Инфляциянын таасири артканда

Кыргызстандагы фармацевтикалык рынокто кескин өзгөрүүлөр орун алып, көп керектелчү негизги дарылардын чекене баасы он беш пайыздан ашуун кымбаттаган.

Дарылар жана медициналык техника менен камсыздоо департаменти жыл башынан берки жүргүзгөн мониторингдин негизинде мына ушундай жыйынтык чыгарган. Буга доллардын курсунун кескин көтөрүлүшү таасир эткен. Анткени медикаменттин 97 пайызы өлкөгө сырттан ташылат.

Фармацевтикалык компаниялар бирикмесинин төрагасы Космосбек Чолпонбаев дары-дармектин кымбатташынын эки себебин белгиледи:

- Бардыгы доллардын өсүшүнө байланыштуу. Инфляциянын айынан фармкомпаниялар сырттан долларга сатып алган дары-дармекти сомго сатканда чоң чыгым тартып жатышат. Ошондуктан чыгымды жабуу үчүн баалар көтөрүлдү. Экинчи себеби дарыны алып келе турган өлкөлөрдө да баалар бир кыйла көтөрүлүп кетти. Мына ушуга окшогон экономикадагы туруксуздук бизге катуу таасир этип жатат.

Кыргызстанга келген дарынын 60 пайызга чукулу Орусиядан ташылат. Мындан сырткары медикамент Украинадан, Казакстандан, Европадан, Индиядан жана Кытайдан келет.

Көмүскө көз боёмочулук

Буга чейин өкмөт мамлекеттик-жекелик өнөктөштүктүн алкагында сырттан дары ташыган фармацевтикалык компанияларды кошумча нарк салыгынан бошоткон болчу.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутат Ташполот Балтабаев мында бийлик менен фармкомпаниялардын келишип алган кызыл кулактыгы бар экенин айтты:

- Мен эмне себептен фармацевтикалык компанияларды кошумча нарк салыктан бошотуп, бирок ошол эле кезде алардын баа саясатына өкмөт таасир этпейт деген маселени койгом. “Бул дарынын баасын он пайыздан ашырбайсың, тигил дарыны өзүнүн баасы менен сатасың, калктын мындай категориясына дарыны сатууда мындай жеңилдиктерди бересиң” деген жөнгө салуучу механизмдер болушу керек эле. Болбосо аларды салыктан бошотуунун кереги барбы?

Ошол эле кезде фармацевтер союзунун төрагасы Космосбек Чолпонбаев аларда мамлекеттик-жекелик өнөктөштүктүн алкагындагы социалдык милдеттер бар экенин эске салды. Ага ылайык, аптекаларда пенсионерлерге жана калктын аз камсыз болгон катмарына дарыны беш пайыздык жеңилдик менен сатуу каралган.

Анткен менен Кыргызстан Евразиялык экономикалык союзга кирген соң өлкөдө орусиялык фармкомпаниялардын монополиясынан улам башка чет өлкөлөрдөн ташылчу дарылардын баасы кымбаттабайбы деген кооптонуу бар.

Дары-дармек менен камсыздоо департаменттинин маалымат борборунун жетекчиси Замирбек Акаев буга мындайча жооп берди:

- Кыргызстан Евразиялык экономикалык союзга кирип жатканда биз дары-дармектерге болгон кошумча нарк салыгын киргизбей кармап калуу боюнча шарт койгонбуз. Ошонун негизинде фармацевтикалык компанияларга азыркы салык режими сакталып калат. Мына ошондуктан келишим күчүнө киргенде деле анын дары-дармекке таасири болбойт. Баалар ушундай эле деңгээлде кала берет.

Бирок талдоочулар бирдиктүү бажы тарифи ишке кергенде ал дары-дармектин баасына баары бир таасирин тийгизерин белгилешүүдө. Дары-дармек азык-түлүк менен барабар негиздеги стратегиялык товар болуп эсептелет. Мына ошондуктан анын баасындагы оош-кыйыштар адатта коомдогу социалдык абалдын көрсөткүчү катары каралып келет.

XS
SM
MD
LG