Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

Баласын сатты деп камалган эненин иши шек жаратты


Иллюстрация
Иллюстрация

Башкы прокуратура козгогон кылмыш иштин негизинде Сокулук районундагы Асылбаш айылынын тургуну өзүнүн үч баласын 80 миң сомго сатты деген кине менен камакка алынды. Буга күйөөсүнүн милицияга кайрылуусу негиз берген. Бирок кошуналары бул үй-бүлөнүн айланасындагы окуяга кайчы көз карашта болуп жатышат.

Асылбаш айылынын башындагы короо жайы тосулбаган, чакан үй ушул үй-бүлөгө таандык экен. Бирок үйдөн кылмышка шектелип камакка алынган алты балалуу келиндин күйөөсүн, жакындарын тапкан жокпуз. Эшикти кара кулпу кайтарып туруптур. Кошуналары үй ээсин тегеректен көрбөгөнүн айтышты.

- Тегеректегилердин баарынан сурасаң, ал чынында андай келин эмес болчу. Булар өздөрү эле тигини тургузбай койду. Келин туугандарына жаккан эмес окшойт.

Баласын сатты деп күнөөлөнүп камакка алынган эненин кошуналарынын бири анын мындай кылмышка барганына ишенбейт экен. Ал “Азаттыктын” кабарчысына бул үй-бүлө буга чейин бирде жарашып, бирде ажырашып, ортодо балдары ары-бери түрткүнчүк болуп келгенин айтты. Аялы былтыр июль айында эле үч баласын жетелеп кетип калган. Күйөөсү ушул себептен улам аялына өчөшүп арыз жазып койсо керек деп ойлойт кошунасы:

- Мен кечээ айыл өкмөтүнө да барып айткам. Ал келинге жөн эле жалаа жаап жатат окшойт.

Дагы бир кошунасынын айтымында, бул үй-бүлөдө күйөөсү менен аялынын ынтымагы болбой жүргөнү чын. Бирок үй ээси аялына ызгаар көрсөткөн акылсыздардан эмес:

- Үйдө эки баласы менен кызы бар болчу. Бала жакшы, бирок келинчегин билбейм. Бир жакка кетти деп айтышат, үйүнө көп деле келбейт. Атасы унун, майын алып келет. Башка эмне кылмак эле? Болгону балдары окубай калды. Бирок атасын жаман деп айта албайм. Малын багат. Бирин-серин малы бар. Кээде чоң апасы келип калат. Жакындан бери булардын үйүнө айыл өкмөттөн байма-бай эле кишилер келе баштады.

Биз жолуккан кошуналары сөз болуп жаткан үй-бүлөнүн алты баласы бар экенин уккан. Бирок алардын чогуу жашап жатканын эч качан көргөн эмес. Буга чейин деле турмуш шарт бир үй-бүлөнү чогуу түтүн булатканга жеткирбей, бир баласы чоң апасыныкында, калган баласы дагы башка туугандарыныкында жашап жүргөн.

Аталган айылдагы Бейшенаалы орто мектебинин социалдык педагогу Динара Кармышакова бул үй-бүлө тууралуу жакшы билет экен. Ал бизге сөз болуп жаткан ата-эненин алты баласы бар экенин, үй ээси жашында ден соолугун жабыркатып алып анын айынан оор жумушка жарабай бала-чакасын багууга, окутууга мүмкүнчүлүгү жетпей кыйналып жүргөнүн айтып берди:

- Башында булар үйү жок сарайда жашашчу. Бирок иштеп жүрүшүп үй алышты. Азыр Асылбаш айылынын ичинде үйү бар. Былтыр 2014-жылдагы жарым жылда үч кызы биздин мектепке келип окуп жаткан. Бирок документтери жок экен. Буга чейин алар Ак-Суудагы жатак мектепте окушуптур. Булар ошол мезгилде ажырашып да жашап жүрүштү. Ал кезде кыздарды Петровкадагы чоң энесине берип койгон. Кийин биз мектептен кыздардын өздүк ишин алып келгиле деп справка берсек мектептен ал документтерди алып, бирок жоготуп коюшту окшойт. Ошол бойдон "делосу" жок калышты. Эми жайында алар апасы менен кетип калыптыр. Азыр мектепке бир эле кызы келип жатат.

Бирок биз мектепке келип жаткан кызы менен чоң апасын таба албадык.

Социалдык кызматкерлер болсо келин кылмышка таандык аракеттерди жасады дегенге караганда үй-бүлөлүк эрегиштин туундусу деген божомолго көбүрөөк ыктап турушат.

Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө башкармалыгынын башчысы Мирланбек Насирдиновдун айтымында, кылмыш иши балдардын атасынын арызынын негизинде ачылган жана ага негиздүү жүйөлөр бар:

- Азыркы учурда кылмыш иши тергелип жатат. Тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу азырынча эч кандай маалымат бере албайм. Аны тергөөнүн жыйынтыгы көрсөтөт. Кылмыш жана жаза кодексинин 124-беренесинин 3-бөлүмүнүн 4-бөлүмүнө ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөөчү ошондой эле тергөө иштерине байланыштуу деп, балдардын кимге сатылгандыгы, алардын кайда экендиги тууралуу божомолдорду айтууну да туура көргөн жок.

Балдарын сатты деп камалган эне шек жаратты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:31 0:00

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG