Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:20

Белгилүү драматург, адабиятчы, кинорежиссер, “Манас” эпосун жайылтуучу, коомдук жана саясий ишмер Мар Байжиев коомдун өнүгүшүндөгү оош-кыйыштар, улуттук баалуулуктар жана муундардын мамилеси тууралуу маек курду.

"Азаттык": Үч багыт жашап жаткандай сезилип атат. Бири - кыргыздын нукура нарк-насилин, байыркы дөөлөттөрдү туу туткандар. Экинчиси, улутчулдук, мекенчилдик, жердешчилик деп добулбас ургандар. Үчүнчүсү, келечекти ааламдашуудан көргөндөр. Сизге ошондой сезилбейби?

Мар Байжиев: Менин оюмча, кыргыз эли барган сайын, баары эмес дечи, деградация болуп бараткан сыяктуу. Азыр калп эле ак калпак кийип алып, акылман сүйлөп, биз кыйынбыз деп атабыз.

Кыргыз дайыма акыл калчап, оңго-солго бөлүп, жакшы жамандын баарын анализдеп, анан гана ой-пикир айтчу. Ошону менен чечим кабыл алчу. Эл эч качан түндүк-түштүккө бөлүнгөн эмес. Таяке-жээн, куда-сөөк болуп атсак кантип бөлүнөбүз? Мунун баарын чыгарган саясатчылар жана саясий шарт.

Бир сөз менен айтканда, мунун бардыгы "Манаста" бар. Залкар философиялуу чыгарма. Залкардыгы эмнеде? Орусчасында "Манасты" мен «Библия гор и степей» деп жазгам. Анткени Библия сыяктуу ал жерде ар бир окуянын өзүнүн насааты бар. Мисалы, бир эпизод бар, чоң казатка баратканда эл баргысы келбейт, өлүмгө баратат да, ким эле өлүмгө баргысы келет. Анан барбайбыз деп оюн ойноп, сууга түшүп жатып алышат. Алмамбет келип Манаска даттанат, "бу аскериң менен Бээжинге барып кырылабыз" деп. Бакай кол башчы, Алмамбет жол башчы экен. Анан Манас "анда Бакайга барып айтып келгиле, ал эс алууга чыксын, Алмамбет кол башчы болсун" дейт. Ошондо Сейтек, дагы башкалары барып чалга айтуудан коркот, "башыбызды ыргыта чабабы" деп. Ал киши болсо күлөт: "билип турам эмнеге келгениңерди, чындыгында мен кол башчымын, тиги жол башчы, кана мүйүз чыкканы, ал менден кыйын билет аскер кесибин, ошол жигитти койсун" дейт.

Жөнөкөй эле жомок сыяктуу. Бирок анын негизинде эмне жатат? Тиги кишинин акылдуулугу, "көгөрдүм, көрдүм, мындан ары жаштарга жол бериш керек" деген даанышмандык жатат. Азыркылар иштен алып койсо эле оппозиция болуп бакырып-өкүрүп партия чогултуп атат.
Мына, улуу менен кичүүнүн ортосундагы мамиле. Кошой Манасты тилдейт "Манас, Манас десе барбая түшөт экенсиң, үйлөп койгон чаначтай дардая түшөт экенсиң, көөп кеттиң сен, эл менен эсептешпей калдың" деп. Манас Кошойдон кадимкидей айбыгып, кечирим сурайт.

"Азаттык": Бул бир жагынан уга билүү, тыншай билүү дегендик да...

Мар Байжиев: Кептин баары ошондо. Кошой 80ге чыккан киши. Ага эмне керек? Эл-журттун тынчтыгы керек. Манасты дагы көркүн көтөрүп, таяп атпайбы. Азыр айтып көрчү, балээге калдың, мага каршы чыгып атат дейт.

Аксакалдардын баары эле "дүжүр" эмес

"Азаттык": Тилди укпайт деген сөзүңүздөн улам ойлоп атам. Кыргыз коомчулугуна эгемендиктен кийин, Акаевдин тушунда "дүжүр чал" деген түшүнүк кирип калды. Бул жагымсыз, каймана ат катары улуу кишилерге тагылып калды. Ушул аттын пайда болушуна аксакалдар өздөрү күнөөлүүбү, же коом реалдуу баа берүүдөн ажырап калганбы?

Мар Байжиев: Чалдар күнөөлүү эмес. Арабызда ар кандай адамдар бар да. Мисалы, аман-эсен жүргөн чалдар толуп атат, күпүлдөгөндөрү, элибиз эмне болуп атат, айтпасак болбойт дегендери бар. Кыңк этпес дегендер бар. Чоңдор ошондойлорду тандап келип атпайбы.

Бакиевдин тушунда биз Мадумаров менен сүйлөшүп, аксакалдар кеңешин түзөлү деп, аркы-беркини билген кишилер деп, тизмесин алып бардык. Кабыл алды тиги киши, макул деди да, кийин карасам бирибиз да кирбей калыптырбыз ичине. Тияктан-бияктан чогултуп келген аксакаларды киргизип коюптур, тамак берип койсоң башын ийкеп отура берет. Анан баштыгына бирдеме салып берет экен. Ошолор - Жекшеев айтып аткан "дүжүр чалдар". Дүжүр эмес чалдар бизде толуп атат да.
Акаевдин катасы эмнеден болду? Аны шайлайбыз деп телефон чалсак айтты: оюмда да жок…

"Азаттык": Сиз анда легендарлуу парламенттесиз да?

Мар Байжиев: Ооба, Чыңгыз Төрөкулович "ушул баланы көрсөтөлү" деп айтты. Казат Акматов телефон чалса, "андай оюмда жок эле" деп өзү чочуп кетти. Келинчеги бизге чалды. "Коркпосун, келсин, жанында Бакай, Кошой болот, 40 чоросу болот" дедик. Чындыгында ошондой эле болду. Анан баарын тиги жакка, бул жакка таратып, аягында Кыргынчал менен Бокмурун, Тазбайматтар калбадыбы. Башына иш түшкөндө андай эмес, мындай деп айтканга бири жарадыбы? Жарабайт да. Кыңк этпестерди тандап алган.

Рух бөксөрдү, пейил качты...

"Азаттык": Негизи коомду өнүктүрө турган өрнөк көрсөтө тургандардын бардыгы билимдүү-илимдүү, азыркы тил менен айтканда интеллигенциянын өкүлдөрү да. Бирок ошол интеллигенциянын тагдыры деле жеңил болгон жок. Репрессия канча каймактарды алып кетти. Анын ичинде Ташым Байжиев бар, сиздин атаңыз. Жакынкы эле заманды алсак деле канча дөө-шаалар кетип атат, мисалы Сыдыкбеков, Миңжылкыев, Бейшеналиев, Айтматов, Жумакматов, Жигитов деген сыяктуулар. Анан каалайбызбы, каалабайбызбы ар бир жолу жакшылар кеткенде кыргыздын руху, духу бөксөрө түшкөндөй сезилет. Ушул дөөлөттөрдү сактап келатабыз деген бүгүнкү улуу муун кийинкилерге кандай өрнөк калтырат?

Мар Байжиев: Илгери хандар болгон, ошол эле Шабдан баатыр, Курманжан датка энебиз, биз жакта Кыдыраке деген акылман болгон. Ормон ханды алалы. Ормон опуза деген сөз бар, мен өзүм бугумун. Бул кишинин кылган ишин талдап түбүнө жетсе, көрсө аргасыздан жанагыдай ишке барган экен да, кунун баланча төлөш керек, жигиттики мындай, аялдыкы тигиндей деп баары мыйзамдуу болуш керек деп чыккан.

Бишкек, 30-март, 2011-жыл

Бишкек, 30-март, 2011-жыл

Менимче, ошол кезде, азыркы сөз менен айтканда, моралдык деградация болуп баратканда жанталашып өзүн хан көтөртүп, бирикпесек бул жагыбызды кытай, бул жагыбызды орус, бул жагыңды кокон хандык басып алат деп жанталашкан экен. Ошону туура түшүндүбү?

Кыргызда "Манастан Чубак кем бекен?" деген сөз бар, Манастан Чубак кем. Манасты качса болбой, сенден башка кишибиз жок деп бала кезинде хан кылып көтөрүп атпайбы. Азыр баары эле эмне үчүн мен эмес дейт. Мына акыркы шайлоодо канча киши чыкты президент болом деп. Кыргыздын гени өтө терең, бирок ал деле бир кезде бүтөт да, анын да чеги бар.

"Азаттык": Улут түгөнбөш үчүн аны кантип азыктандырып туруш керек?

Мар Байжиев: Кечээ бир оппозициядагы киши "мен бир да гезит окубайм, анткени баары мени жамандайт" деди, ким экенин айтпайм. Мамлекеттин, эл-журттун башында турган президент, премьер-министр терең жагын ойлосо. Жаман көрсө жаман көрсүн, орусча айтканда "на толпу работаем", элге жагамбы, жакпаймбы, колдойбу мени, жокпу деп.
Эгерде биз жети атабызды билбесек улут катары эчак эле деградация болуп жоголмокпуз. Кан аралашып кетмек.

Ар кандай адам болот экен. Акча берип койсо, кээ бирөө чогулуп келип "кетсин, өлсүн" деп бакырып атат. Алардын максаты эмне?

Мамкатчы дегенди жоюп салды. Эл-журтту кандай сактайбыз, жанагыдай болбош үчүн эмне кылыш керек? Патриоттук, эл-журт үчүн иштейм деген идеология болуш керек. Ошону көзөмөлдөп турган бирөө келиш керек. Баары эле чарба, кат, кандай элге жагыш керек деген менен алек. Элге жакпай эле койсун. Бирок ошонун тереңи, пайдасы канчалык, эмне үчүн жакпай атасың?

Эгер адам ишкер болсо, бир нерсеге жетет экен, жөн эле бултуюп отуруп алса, "алма быш, оозума түш, өкмөт жасап берсин" деп, бара-бара жалкоолор, кедейлер ушулар болот экен. Бай деген бай, анын мал-жаны бар, анын иштеп берген балдары, малын кайтарган кишилери болуш керек экен. Азыр депутат болобу, өкмөттө иштеген балдарыбыз болобу, аларга тийишип атат, анткен-минткен, анан байып кеткен деп. Байысын! Уурдаса бир жөн, анда камаш керек. Эмгеги менен жетсе, эмне үчүн бай болбойт экен? Жалкоолонуп жатпа, сен да бай болосуң. Бир гезиттен окудум, бир кемпир өтүк майлап жүрүп, жүрө-жүрө заңгыраган үй сатып алыптыр. Ал эми заңкайган жигиттер көчөдө басып жүрүшөт.

Ааламдашуунун даңгыр жолунда

"Азаттык": Бизде да мен кыргызмын деп эле көкүрөк койгулагандар пайда болду. Рух болгону жакшы деңизчи, бирок экинчи жагынан кечке эле мен, мен дей бергенден мен болуп калалбайт го. Бул дагы чындыктын бир өңүтү болсо керек. Мен сурайын дегеним, кыргыз эмнеге таянып өнүгөт? Таянган тоосу эмне?

Мар Байжиев: Таянган тоосу эл-журт. Биз депутат болгондо, ар бир эл-журт өзүнүн депутатын шайлады. Мен Көлдөн шайландым. Көлдүн, менин районум Ак-Суунун эли, мектеби, жолдору кандай болуп, кандай бала чыгып атат, ууру чыгып атабы, ар-намысы мененби? Бул -менин намысым эле. Демек ар бир адамдын элдик ар-намысы болуш керек. Илгери кыргыздын залкарлыгы ушунда болгон, эл-журт үчүн Манас өлүп бергидей болгон, элимди-журтумду бирөө талап атыптыр деп. Патриот деген ушул жактан чыгат.

"Азаттык": Улуу муун бүгүнкү жаштарга ишеним арта алабы? Бүгүнкү жаштар силердин учурдагы жаштар эмес, кар кечип жылаңаяк мектепке барбайт. Ааламдашууга кетти, дүйнө кенен, кайсы жерден болсо нанымды таап жеп кетем дешет.

Мар Байжиев: Эгерде жаштарыбыз камкордук көрүлбөсө кетет. Тиричилик деген чоң нерсе экен. Илгери чет мамлекетке чыгуу азап болчу, мени чыгарчу эмес, эл душманынын баласы деп.

"Азаттык": Бирок сиз чыккыңыз келчү да?

Мар Байжиев: Чакырат, Англияда, башка жерлерде менин чыгармаларым коюлуп атса. Чыгарбайт. Кайда бармак элем, эл-журтумду, тууганымды, бала-чакамды кантип таштап кетем?

"Азаттык": Мисалы, Жапониянын, Кытайдын тажрыйбасы - өзүнүн өлкөсүн көтөрүш үчүн дүйнөнү кыдырып кетет. Кеткен кыргыз жаштарыбыз кайра кайтып келип, өлкөнү көтөрөт деп ишенсе болобу?

Мар Байжиев: Кептин баары ушунда. Бул жерде кызыкчылык болбосо, ага атайын көңүл бурулбаса, эптеп жан бакмай болуп атпайбы. Билим, тажрыйба алып келсе бир жөн. Жапондор, немистер, жөөттөр ушундай окутат. Жөөт "унутпа, сен жөөтсүң, жөөт болсоң баарынан акылдуу болушуң керек, ошондо бир нерсеге жетесиң" деп балдарын тарбиялайт.

"Азаттык": Кыргыз коому рухий жактан да, саясатта, экономикада да бир топ каржалып калды. Ошонун баарын кантип жөндөп, шыдыр жолго түшүп кетсе болот?
Эмгеги менен жетсе, эмне үчүн бай болбойт экен? Жалкоолонуп жатпа, сен да бай болосуң.

Мар Байжиев: Бакиевге кат жазып, акылыбызды айтабыз десек, макул болуп, дүжүрлөрдү чогултуп алды деп айтпадымбы башында. Азыр аз калдык, 70тен ашканы көбү кетип калды, өзүң айткандай. Азыр да бийликке анча-мынча ар кайсы тармактан аксакалдарды чогултуңуз деп орусча жазгам. Аттуу-баштуулардын тизмесин тизип бергенбиз. Жооп боло элек.

Азыр жардам берип, акыл-насаатыбызды айталы десек ким угуп атат? Анан "интеллигенттер унчукпайсыңар" деп тийишип атышат.Гезитке чыкса, аны окуган киши жок. Анан көчөгө, аянтка чыгып алып кыйкыралыбы? Өзүбүздүн эл-журтубуздагы Бакай, Кошойлордун тилин алгыдай жаштардын ичинде акылман кыздар, балдарыбыз бар. Буга атайын көңүл бурбаса, бара-бара биз улут катары жоюлабыз. Анткени улуттун жеке гана тили эмес, анын ички дүйнөсү деген бар. Ошондон айрылсак кыргызың кыргыз болбой калат.

Балдарды тарбиялаганда кичинекей кыздарды медициналык ден-соолугу жагын айтып, эркекке акыл-насаат айтуу керек. Ушунун баары жоголуп баратат. Эмне үчүн кыргыздын эркек баласы жети атасын билиш керек? Эгерде биз жети атабызды билбесек улут катары эчак эле деградация болуп жоголмокпуз. Кан аралашып кетмек. Кыргыздын тээ замандан бери келаткандарды эстеп, жомок кылып айтпай, эл-журтка жеткирип, эл башында тургандар эсептешсе, дагы кудуретибиз, запас бар.

"Азаттык": Маегиңиз үчүн рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG