Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:56

Ажаткана азабы


Кара-Суу базарындагы кырсыктан кийин, 3-ноябрь, 2012-жыл
Кара-Суу базарындагы кырсыктан кийин, 3-ноябрь, 2012-жыл

Кыргызстандагы дааратканалардын коопсуздугу жана санитардык абалы “Азаттыкта” арай көз чарай талкууланды.

Төрт адамдын өмүрүн алган Кара-Суу базарындагы даараткана кырсыгына байланыштуу уюштурулган бул талкууга Курулуш, аймактык өнүгүү боюнча мамлекеттик агенттиктин шаар курулушу башкармалыгынын башчысы Төлөбай Кеңешов, Азык-түлүк, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын сапаттуу тамак-аш жана аны иликтөө бөлүмүнүн башчысы Алтын Ураимова, "Кыргызконцепт" ишканасынын президенти Эмил Үмөталиев катышты.

“Азаттык”: Албетте Кыргызстанда дааратканадан башка да талкуулай турган маселелер өтө көп. Бирок адамдардын коопсуздугуна, жашоо шартына кедерин тийгизген талылуу маселелердин бири ушул даараткана экендигин Кара-Суу базарындагы окуя тастыктап отурат. Ишемби күнү ири базардагы 40 кишилик ажаткананын асты түшүп кетип, 4 жараныбыздан ажырап калдык. Өкмөт ушул окуядан кийин араң бардык дааратканалардын коопсуздугун текшерип чыгуу керек деген тапшырма берди. Менде журналист катары эле эмес, жаран катары деле дааратканаларды иретке келтириш үчүн сөзсуз эле ушундай кырсык керек беле деген суроо пайда болду...

Төлөбай Кеңешов: Дааратканалар да адам баласына керектүү имарат болгондуктан, бул дагы архитектуралык көзөмөлдөөгө кирет. Кайсы жер ичке болсо ошол жер үзүлөт демекчи, Кара-Суу базарындагы кырсык ошол бүгүнкү күнү көйгөйлүү жерлердин бири болуп турат.

Эфирден пайдаланып, каза болгон адамдардын жакындарына, үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Бул эми санитардык, курулуштук, инженердик жагы бири-бири менен байланыштуу болгондон кийин ажаткана долбоорлордун негизинде билген куруучулар тарабынан курулуп, ага ылайык талаптарды аткарып, макулдашуудан, мамлекеттик экспертизадан, техникалык көзөмөлдөн кийин анан ишке кириш керек.

Менчик ээси болсо анын дагы милдети бар. Кара-Суудагы окуя ушуга байланыштуу. 2008-жылга чейин базардын ээси ажаткананы адегенде 20, андан кийин 40 уяча кылып, долбоорсуз эле өзү каалагандай курган.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:



Эмил Үмөталиев: Биринчиден, элибиздин эркиндигин коргогондон баш тартпашыбыз керек. Эл башка жердин жашаган шартын көрүп, таанып, илгеркидей эле боло берет деген аң-сезимден кутулуш керек.

Экинчиден, чектөөлөрдүн айынан дагы эле атаандаштык шарт түзүлбөй атат. Кара-Суудагы окуяга жергиликтүү бийлик менен бизнес ээлеринин ушундай деле боло берет деген атаандаштыксыз монополиясы алып келип атат. Эгер ал жерде башка адамдардын дагы мүмкүнчүлүктөрү кеңейсе башкалардан жакшы шарттагы ажатканаларды куруп, санын көбөйтмөкпүз. Мамлекеттин көзөмөлү деген бышпаган ой. Советтик бийлик ээлик кылып турган кезде деле ажатканалар булганыч, начар болгон. Кеп – элдин көзөмөлүндө. Биз, мисалы, мейманканабы, ресторанбы, биринчи эле дааратканасын текшеребиз. Ал эмес, өнөктөштөрдүкүн да карайбыз. Ажатканасы таза адам менен иш кылса болот дейбиз. Таза эмес адам менен иш кылуу - коркунучтуу.

Эл уялбашы керек бул маслелени көтөргөндөн. 15-17 жыл мурун бул маселени көтөргөндө кээ бири уялчу же шылдыңдап койчу. Ушул окуядан кийин биз бул маселени улуттук деңгээлге көтөрүп, ар бир үй-бүлөдөн баштап талапты кеңейтишибиз керек.

Алтын Ураимова: Бизде барган сайын шартты да, текшерүүчүлөрдүн санын да кыскартып бара жатышат. Буга чейин жылына бир текшерсек, азыр жаңы чыгып аткан токтомдор боюнча коопсуздугу аз объектилерди беш жылда бир жолу, коопсуздугу орточолорду үч жылда бир, коркунучу көбүрөөк объектилерди бир жылда бир жолу текшерүү каралган. Азыр ушул талаптарды киргизип жатабыз. Эң эле жаман жери биз текшерээрден он күн мурда барып, биз силердин объектини текшеребиз деп айтып кетебиз. Кара-Сууда болгон окуяны алсак, ошол жерде райондук инспекциянын адистери санитардык абалын сентябрда барып текшерип келишкен экен.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG