Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:02

12-апрелде Юрий Гагариндин космоско учканынына элүү жыл толду. Космос илиминин өнүгүшүнө Кыргызстандын да кошкон салымы бар.

Улуттук илимдер академиясынын алдындагы Машина таануу институтунун окумуштууларынын совет мезгилинде Айды изилдөөгө катышкан ийгиликтери тууралуу аталган институттун директору, академик Мурат Жуматаев “Азаттыкка” курган маегинде айтып берди.

“Азаттык”: Адам баласынын аалам мейкиндигине чыкканына элүү жыл толду. Юрий Гагарин космоско учкандагы окуя Кыргызстанда кандай кабыл алынды эле? Ал кезде кичинекей болсоңуз да балким эсиңизде калганы бардыр?

Жуматаев: Азыр ойлоп көрсөм, мен ошондо төрт жаштагы бала экем. Бирок 1-2-классттан тарта эле анын сүрөттөрүн көрчүбүз. Ошону менен эсимде калды. Ал эми космоско учкан кези эсимде калбаптыр.

Кыргызстан да бул окуяны бүткүл дүйнө кандай кабыл алса, ошондой кабыл алса керек. Анткени ошол маал Советтер союзунда техниканын абдан өсүп жаткан убактысы болчу. Бардыгы көп нерседен үмүт кылып, "башка планеталар кандай болду экен, жашоо барбы" деп күтүп жаткан мезгил эле.

Тажрыйбадан изилдөөгө

“Азаттык”: Кыргызстан советтик, дегеле дүйнөлүк космонавтикага кандай салым кошо алды деп ойлойсуз?

Жуматаев: Салым кошту деп айта алам. Анткени 60-жылдардын аягында, 70-жылдардын башында Айдын бетин изилдөө боюнча программа иштелип чыккан. Ага ылайык, “Луна 24” деген станция 1976-жылы 18-августта Айга саат тогуз жарымда конуп, бир сутка болуп, 19-августта саат сегиз жарымда кайра учуп кеткен.

Юрий Гагариндин космоско учканы дүйнөнү шыктандырган, 12-апрель, 1961-жыл
Советтер союзу чоң мамлекет болчу, Айга учуп барган ошол станция ар кайсы жерде жасалган. Биздин институттун станцияны курууга катышкан жери - бургулоочу автомат болчу. Ал үчүн татаал шайманды ойлоп таап, жасаш керек болгон. Борбордон - Кремлден ким ушул маселени чече алат деп издей башташат.

Ал мезгилде азыркы Машина таануу институту Автоматика институту деп аталчу. Бул жерде тоо кендерин бургулоо боюнча көп иштер жасалып жаткан, тажрыйба бар эле. Жогорудагы маселе өлкөдөгү 1-катчынын деңгээлинде чечилип, Турдакун Усубалиевдин кийлигишүүсү менен кыргызстандык окумуштуулардын Айды изилдөө программасына кирүүсү жөнүндө чечим кабыл алынат.

Айды илилдөөдө биздин окумуштуулардын ойлоп табуулары, изилдөөлөрү жакшы натыйжа берген. Андан улам жерге эки метр Айдын топурагы алынып келинген.

Негизи кандай тереңдикте эмне жатканын, топурактын кыртышын билиш үчүн Айдан топурактын катмарын бузбай алып келиш керек болчу. Кыргызстандык окумуштуулардын ойлоп табуусу буга жардам берген. Анткени алар бургулоочу шайманды байпак формасында жасап, ийилчек, ийкемдүү кылышкан. Бургулоо учурунда анын ичине топуракты салып, өйдө карай тартып алып, “Луна 24” станциясынын башындагы тоголок идишке салган.

Ошол кезде америкалыктар да Айга учуп барып, анын бетин бургулоого аракет кылышкан. Бирок алар кол менен бургулоочу бургу менен иштеп жатканда бур ташка кептелип калган. Аны чыгарабыз деп жатканда астронавттар тердеп кетет. Ал эми Айда тердебеш керек болчу да. Ошол замат жерден “баарын ошол жерде таштагыла” деген команда болот. Ошентип тегерегиндеги таштарды гана чогултуп алып келе беришкен. Андан кийин алар Айдын топурагы боюнча маалыматты Советтер союзунан сатып алышкан.

Тарыхта калган ишкана токтоп турат

“Азаттык”: Совет мезгилинде Кыргызстанда космосту өздөштүрүүгө байланышкан кандай мекемелер жана ишканалар бар эле?

Жуматаев: Өзгөчө конструктордук бюро деген болгон. Ал жерде да түрдүү тетиктер жасалчу. Ал тетиктер бир гана Ай эмес, бардык космоско учкан аппараттарда колдонулган.

Биздин Машина таануу институту Айды изилдөөдөн тышкары, Венера, Галилео каметасын изилдөө программаларына катышкан.

Айдын бети
“Азаттык”:
Бүгүнкү күндө ошол мекеме-ишканалардын абалы кандай? Аларда дагы деле кандайдыр бир тетиктер жасалып жатабы?

Жуматаев: Жок, менимче азыр алар токтоп калды. Өткөндө Өзгөчө конструктордук бюронун калган станокторун сатып жатат деп уктум.
Эми азыр Ай эмес, өзүбүздүн жердеги объекттерди изилдегенге, же болбосо өзүбүз ойлоп тапкан техниканы курулуштарда колдонгонго мүмкүнчүлүгүбүз жок болуп жатат.

“Азаттык”: Мурат мырза, ошондой болсо да учурда космосту өздөштүрүү боюнча жасалып жаткан кандайдыр бир теориялык иштер барбы? Балким практикалык иштер жасалып жаткандыр?

Жуматаев: Кээ бир теориялык иштер болуп жатат. Физика институтунда планеталардын пайда болушу, жылышы жана башка кубулуштар боюнча теориялык иштер болуп жатат. Бирок алар теория гана болууда.

Ошондой эле атмосфера, озон катмарын изилдөө иштери да болуп жатат. Ал эми планеталарды изилдөө жана айткандай Айдын бетин изилдөө сыяктуу иштер болгон жок. КМШ жана башка өлкөлөр программа түзүп иштейли деп калганда, министрликтен бизди издеп калат, "силердин космосто иштөө боюнча тажрыйбаңар бар эле" деп. Андай учурда биз өзүбүздүн сунуштарыбызды беребиз.

Үлгү болгон инсандар

“Азаттык”: Совет мезгилинде ким болосуң десе, ар бир экинчи өспүрүм космонавт болом деп, Гагарин сымал аалам мейкиндигине учууну максат кылчу экен. Сиздин пикириңизде, бүгүнкү жеткинчектер ким болгусу келет?

Жуматаев: Адам деген ар кандай болот да. Жакында Салижан Шарипов жана башка космонавттар Кыргызстанга келип кетпедиби, аларды көрүп шыктангандар болсо керек.

Алгачкы космонавт Юрий гагарин, космоско учуп келгенден кийин түшкөн сүрөт, 12-апрель, 1961-жыл
Азыр Кыргызстанда космонавтикага жакшы шарттар жок. Ошондуктан кийинки жаштардын ою дагы башкачарак деп ойлойм. Ал түгүл азыр окумуштуу болоюн деген адам да аз болуп калбадыбы. Анткени үлгү болуш керек экен да. Ошол мезгилде Гагарин, Титов космоско учканда биз баарынын аттарын аябай жакшы билчү элек. Мисалы, Попов, Андреан Николаевич, Терешковаларды окуучулардын баары жакшы билчү.

Эми дагы көрө жатарбыз, анткени азыр илим бат өнүгүп жатпайбы. Ошол космоско адам учкан кезде, мисалы жер аябагандай чоң болуп көрүнчү. Жердин аркы жагында Антарктидада, Бразилияда, же болбосо Жаңы Зеландияда эмне болуп жатканын билчү эмеспиз. Азыр мына техника өнүгүп, интернет аркылуу үйдө отуруп алып, Америкада бир нерсе болсо, ал жакка барбай эле эмне болгонун билип жатабыз.
XS
SM
MD
LG