Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:17

Доор ураганда: СССРдин ыдырашынын 20 жылдыгына арналган түрмөк. Алгы сөз


Казакстандын Костанай шаарында "СССР" деп аталган ашкана бар. "Азаттыктын" Казак кызматы. 2009-жылдын 7-ноябры.

Казакстандын Костанай шаарында "СССР" деп аталган ашкана бар. "Азаттыктын" Казак кызматы. 2009-жылдын 7-ноябры.

Урматтуу замандаштар! “Азаттык” үналгысы мындан 20 жыл илгери СССР деген ири коммунисттик дөөлөттүн саясий картадан жок болушуна байланыштуу совет дооруна, анын ойрон болушуна жана тарыхый сабактарына арналган атайын мултимедиалык түрмөгүн жылы бою сунуштайт.

КЕҢЕШ БИЙЛИГИНИН БАШАТЫ

Адамзат тарыхында жыйырманчы кылымды Советтер Биримдигинин (СССРдин) тарыхысыз элестетүүгө эч мүмкүн эмес.

Падышалык Орусиянын ордуна калыптанган бул ири дөөлөттү Владимир Ленин жетектеген болшевиктер (коммунисттер) партиясы оболу Советтер мамлекети катары 1917-жылдын 7-ноябрында (эски жыл санак боюнча – октябрда) негиздеген.

“Улуу Октябр социалисттик революциясы” деп болшевиктер расмий атаган ыңкылап падышалык жеке бийликтен кийин калыптанып келе жаткан либералдык-демократиялык жумуриятты жоюп, ордуна бир партия үстөмдүк кылган жумуриятты түзүүгө нук ачкан.

Совет бийлигинин маңызы тууралуу Владимир Лениндин мындайча айтканы бар.

(Лениндин орус тилиндеги сөзүн угуңуздар).

В.И.Ленин совет бийлиги тууралуу


Бул федерациялык мамлекет “СССР” (Советтик Социалисттик Республикалар Биримдиги – орусча Союз Советских Социалистических Республик) деген аталышын 1922-жылы 30-декабрда расмий алган.

МУРДА ЭЗИЛГЕНДЕРДИН УКУГУ ДЭЭРЛИК КАМСЫЗ КЫЛЫНДЫ

Падышалык доордо жакырчылыктын зардабын чеккен, укугу бузулган миллиондогон карапайым кишилер үчүн Советтер Биримдиги – бул коомдук илгерилөөнүн доору, социалдык-маданий ири жетишкендиктердин кезеңи болчу.

Совет доорундагы кембагал катмарлардын, аялзатынын жана улуттук азчылыктардын социалдык-маданий жана укуктук жетишкендиктери, илим менен билимге умтулуудагы болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүктөрү танууга мүмкүн эмес коомдук ийгилик болду.

Капиталисттик Батыш да өз коомундагы кембагал катмарлар үчүн советтик тажрыйбанын өрнөгүн сезип, “ортоңку катмарды” чыңдаган социалдык программаларын күчөткөн.

Арийне, “эзүүчү тапка” тийешеси барлар жана оокаты тың катмарлар, алардын үнүн билдирген интеллектуалдар миллиондоп запкы көргөн.

Ленин эзүүчү таптын өкүлдөрү үчүн атайын “концентрациялык лагер” түзүүгө чакырса, Сталин “кулакка тартуу”, "империалисттик тыңчыларды аныктоо", тап душмандарын жазалоо сыяктуу өнөктүктөрү менен андан ашып түшкөн. "Улуу ачарчылык" да Украина, Эдил бою, Казакстан аймактарында миллиондогон кишилерди бөйдө ажалга кириптер кылган.

УЛУТТУК АЗЧЫЛЫКТАР

Кыргызстан, башка бир катар улуттук аймактардай эле, Совет доорунда өз улуттук автономиялык макамына жана сөз жүзүндө болсо да Орусияга тең ата биримдиктик жумурият макамына жетип, олуттуу саясий укуктарга жетишкен.

Деги, мындай автономиялык макамды Кыргызстан болшевиктерсиз Орусиянын шартында алышы мүмкүн беле, жоромол кылуу кыйын. Бирок пост-советтик Орусиядагы улуттук автономияларды чектеген соңку жараянга күбө болгон соң, Кыргызстан болшевиктик доордон болочокку мамлекеттик эгемендикке эшик ача тургандай жолдомо алганбы деп ойлоп кетем.

Тээ 1960-70-жылдары кыргыздын чыгаан окумуштууларынын бири, юрист Кубаныч Нурбеков (1928-1985) Кыргызстан СССРден чыгып кетүүгө конституциялык укукка ээ жумурият деп анын курулай декларацияланган укугун белгилей койгону үчүн эле куугунтукка учураган.

Урал, Эдил, Түндүк Кавказдагы жана Ыраакы Чыгыштагы бир катар чакан элдердин (балкар, чечен, ингуш, кырым татар, месхет түрк, корей ж.б.) өкүлдөрү өз журтунан депортацияланган. Ногой сыяктуу айрым элдердин этностук аталыштары расмий четке кагылган. Жөөт интеллектуалдарына каршы тымызын өнөктүктөр да болуп турган.

Карелдер, татарлар, буряттар, хакастар жана башка элдер байырлаган ири чөлкөмдөр жасалма түрдө ар башка акимдик аймактарга жиктелип бөлүнгөн.

УКУК БУЗУУЛАР ДООРУ

Демек, бир эле учурда, СССР заманы бир гана партия үстөмдүк кылган тоталитардык бийликтин, адам укуктарынын тепселишинин, жапатырмак куугунтуктоолордун да заманы болгон.

Бул көп улуттуу коом коммунисттерге кайчы пикирдегилердин ырайымсыздык менен куугунтукталышын, бейкүнөө атылып, Ата-Бейитте жаткандарды, Сибир абактарына айдалгандарды, колхоз талааларында акысыз мажбурлап иштетүүнү, диний агымдарды кысымга алууну, партократтардын коррупцияга батканын өз жон териси менен сезди.

ГУЛагдын (“Главное управление исправительно-трудовых лагерей, трудовых поселений и мест заключения”, “Түзөтүү-эмгек лагерлеринин, эмгек тургунжайларынын жана абактардын башкы башкармалыгы” - кыскача ГУЛаг деп аталган советтик жазалоо системасынын) азабын ичинен көрүп, көркөм чыгармаларында таасын жазып чыккан орус жазуучусу Александр Солженицын совет доорунун бул ачуу чындыгы урпактар үчүн олуттуу сабак болуп кала берээрин мындайча айткан.

А.Солженицын СССРдеги зулум режимдин ачуу сабагы жөнүндө


Александр Беннигсен сыяктуу айрым советолог адистер болсо Солженицын мырза деле СССРдеги улуттук азчылыктардын көргөн кордугун анчейин көңүл бөлүп чагылдырган эмес деп санашкан. Бул жагдайды да белгилей кетүү абзел.

Бир чети, кыргыздар сыяктуу көптөгөн улуттар СССР маалында улуттук жана маданий автономияларга жетишкени менен, экинчи чети, бир катар эгемен өлкөлөр аскердик жана дипломатиялык опузалоо аргалары менен СССРге күчтөп каратылган.

Алардын арасында Кокон автономиясы (1917-1918-жж.), Хорезм (Хива хандыгы, 1598-1920), Бухара эмирдиги (1500-1920), Балтика боюндагы үч жумурият (Эстония, Латвия жана Литва; алар 1939-1940-жж. басып алынган), Танну-Тува Эл Республикасы (1921-1944; ал 1926-жылдан Тува Эл Республикасы деп аталган, 1944-жылы Орусия Федерациясынын курамына Тува автоном аймагы болуп каратылып, 1961-жылы АССР макамына жеткен) бар болчу.

Азыркы тывалык журналист Сайана Монгуш айымдын айтымында, тыва жаштары 1944-жылга чейин өз атажурту өзүнчө мамлекет болгонунан жакшы кабардар жана Орусиядагы соңку ксенофобиялык-шовинисттик чабуулдардын айынан “бул өлкөгө кошулбай эле койгондо дурус болмок беле” деп кейип-кепчигендери да жолугат.

С.Монгуш: тывалыктардын 1944-жылкы окуяларга карата маанайы ар кыл


Эми Балтика боюндагы өлкөлөрдү жана башка аймактарды Советтер Биримдиги кантип басып алгандыгы, Катын жергесиндеги поляктарды кыргынга учураткан окуяны, Ооганстандагы алааматтуу согушту ачык талдоо кезеңи келди.

ТОТАЛИТАРДЫК ЭКИ ДӨӨНҮН ТИРЕШИ

Экинчи дүйнөлүк согуштун талаш-тартыштуу тарыхынын барактары Советтер Биримдиги фашисттик Германия менен да “достук” келишим түзгөн учурларды камтыйт.
Фашисттик Германиянын тышкы иштер министри Иоахим фон Риббентроп, СССРдин жолбашчысы Иосиф Сталин жана СССРдин тышкы иштер министри Вячеслав Молотов эки тараптуу келишимге кол коюу жөрөлгөсү маалында. Кремл, Маскөө. 1939-жылдын 23-августу


Бул учурлар СССРдин расмий тарыхында бир беткей сыпатталып келген.

Эми гана архивдик маалыматтар аркылуу СССРдин көмүскө саясаты (1939-жылдын 23-августунда кол коюлган Молотов-Риббентроп келишими ж.б.) ачыкка чыгууда.

Ошол эле учурда адамзатка каршы кызыл-күрөң коркунучту – гитлердик нацизмди жеңүүдө Советтер Биримдигинин көп улуттуу эли опол тоодой рол ойноп бергени бул өлкөнүн тарыхын сыпаттоодо калыс айтылып келет.

Улуу Атамекендик согушка (1941-1945) 360 миңден ашуун кыргызстандык катышкан (жумурияттын ар бир алтынчы тургуну согушка аттанган).

Улуу согушка аттанып, гитлердик фашизмди жеңүү үчүн өз өмүрүн арнаган миллиондогон жоокерлердин жана партизандардын арасында кыргызстандык баатырлар да болгон.

Алтын жылдыз жана "Советтер Союзунун Баатыры" наамын алган кыргызстандык 73 баатырдын арасында Дүйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиев, Дайыр Асанов, Калыйнур Үсөнбеков, Мамасалы Тешебаев, Анварбек Чортеков, Ташмамат Джумабаев, Бишкекте (Фрунзеде) таалим алган казак Талгат Бегелдинов, орус Николай Дмитриев, Евдокия Пасько, дунган Мансуз Ванахун жана башка атуулдар бар эле.

Кыргызстандык баатырлардын арасынан маркум Ысмайилбек Таранчиевге (1923-1944) СССР кулай электе, 1991-жылдын 5-майында СССРдин президенти М.Горбачевдун жарлыгына ылайык "Советтер Союзунун Баатыры" наамын (кечигип да болсо) ыйгарышкан.

Ал эми Ахматша Түмөнбаев, Кубат Жуматаев сыяктуу жоокерлердин эрдиги татыктуу бааланбай калган, деген пикирлер да бар.

Ошол кыйын кезеңде СССРди башкарган, советтик тоталитардык түзүлүштү калыптандырууда Ленинден кийин өзгөчө салым кошкон саясатчы Иосиф Сталин 1945-жылдын май айындагы Улуу жеңиш тууралуу үналгы аркылуу мындайча жарыя кылган:

И.Сталин совет элинин Улуу атамекендик согуштагы жеңиши тууралуу


Азыр да бул жеңишти Сталиндин жеке ысымы менен байланыштыргандар көп.

Ошол эле учурда Сталиндин диктатордук режиминин жексур саясатынан улам СССРдин таланттуу аскер башчылары камалып, атылып, сүргүнгө айдалган учурлар, совет чалгынчыларынын алдын-ала эскертүүсүн Сталин өзү көзгө илбей койгону, советтик туткундардын тагдырына кайрымсыз мамилеси, оорукта ГУЛаг жана эмгек майдандары аркылуу миллиондогон кишилерди азапка салганы бүгүнкү орусиялык иликтөөлөрдө жана да ачык чагылдырыла баштады.

Согуш туткуну болуп канчалаган совет адамдары нацисттик концлагерлерде кыйноого алынбады! Алардын ичинен аман калган он миңдеген кишилер согуш бүткөн соң кайрадан советтик лагерлерге сүргүнгө жиберилип азап чекти!

Бул жаатта да кыргызстандыктар улам жаңы даректүү маалыматтарды жарыялап үн кошууда.


ИЛИМ-БИЛИМДЕГИ ЖЕТИШКЕНДИК

Адамзат тарыхында Советтер мамлекети “Калашников” автоматы, “катюшалары” менен гана эмес, космоско алгачкы жасалма жандоочуну жана туңгуч космонавтты (Юрий Гагаринди) жана космонавт айымды (Валентина Терешкованы) аттандырганы, ачык космоско биринчи жолу космонавтты чыгарганы, айжүргүнү (“Луноходду”) Айга кондуруп, орбитада алгачкы космос бекетин түзгөнү менен да өзгөчө орун алып калды.

Совет доорунда Кыргызстанда заманбап илим-билим жана маданият мекемелери калыптанды. Кыргыздар туңгуч басма сөз каражаттарын, жогорку окуу жайларын, Илимдер академиясын, улуттук энциклопедиясын ж.б. түптөштү.

Кеңеш заманында “Манас” дастаны ар тараптуу иликтенип, манасчылардын ар кыл варианттары жарыяланып, Чыңгыз Айтматов, Аалы Токомбаев, Алыкул Осмонов, Жоомарт Бөкөнбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Төлөгөн Касымбеков, Кеңеш Жусупов, Кубатбек Жусубалиев, Мурза Гапаров, Байдылда Сарногоев, Эсенгул Ибраев, Жалил Садыков, Анатай Өмүрканов жана башка калемгерлер, Бүбүсара Бейшеналиева сыяктуу бийчилер, Болот Миңжылкиев сыяктуу ырчылар, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Динара Асанова сыяктуу кинорежиссерлор, бир катар тармактарда чыгаан окумуштуулар чыкты.

Ошол эле учурда кыргыздын чыгаан интеллектуалдары куугунтукка алынган, бейкүнөө атылган же камалган кезеңдер да болду.

Советтик Кремл бийлиги Кыргыз улуттук жазмасын 1927-29-жылдары арап арибинен латынчага өткөрдү, андан соң 1940-жылы кыргыздардан сурабай туруп кирил жазмасына өткөрүп, мурдагы эки жазмага тыйуу салып койду.

(Ал эми грузин жана армян элдерине байыркы жазмасын сактап калууга, Балтика боюндагы калктарга латынчасын сактап калууга сталиндик Маскөө тарабынан мүмкүнчүлүк берилген).

ЭМНЕ ҮЧҮН СОВЕТТЕР ДӨӨЛӨТҮ ЫДЫРАДЫ?

Тарыхта ири дөөлөттөр (империялар) бир нече кылым жашаган же бир нече муундун өмүрүнүн ичинде эле ыдырап кеткен учурлар арбын. Улуу Түрк каганаты, Улуу Кыргыз каганаты жана башка мамлекеттер сяктуу эле Совет Биримдиги да үч эле муундун өмүрүнүн ичинде (1917-1991-жылдары) жашады.

Бирок Советтер Биримдигинин коомдук-тарыхый тажрыйбасы адамзат үчүн кылымдар аркалай турган залкар сабакка айланды десек жаңылышпайбыз.

Совет мамлекетинин акыркы баскычы – Михаил Горбачев жетектеген доорго жана “кайра куруулар” жараянына туура келди.

Дал ушул баскыч маалында “кансыз согушка” жана жарыша куралданууга да чекит коюла баштаган.

Бул чекит – адамзатты жалпы согуш алааматына жеткирбей сактап калуунун бирден бир аргасы болгон.

Жарыша куралдануунун жалпы адамзатты алааматка дээрлик кептеп калганы жөнүндө Михаил Горбачев көп жолу эскерди.

М.Горбачев жарыша куралдануунун азамзат үчүн коркунучу тууралуу

Михаил Горбачев жетектеген реформатор коммунистттер канчалык совет системасын сактап калуу аргасын жасаганына карабастан, 1980-жылдардын этегинде бул системанын күнү бүтүп баратканы саясий, социалдык жана экономикалык турмушта айрыкча айгинелене баштады.

Бирок СССРди кулатуу үчүн башкы катализатор кызматын, баарынан кызыгы, эскичил коммунисттер аткарып беришти. Алардын 1991-жылы августтагы Горбачевго каршы төңкөрүш аракети майнапсыз аяктап тим болбостон, советтик көп жумурияттарда жалпы эле коммунисттерди ээрден жылбыштырды.

СССРдин курамындагы жумурияттардын жалпы борбордон четтөө жана өз алдынчалыкка умтулуу аракеттери 1989-жылы Балтика боюнда өзгөчө жүрсө, 1990-91-жылдары ага Кавказ жана Борбордук Азиянын айрым жумурияттары да кошулду.

1991-жылдын 8-декабрында Беларустун Белавеж (беларусча Белавежская пушча) токоюнда Орусия, Украина жана Беларустун расмий жетекчилери СССРди жоюп, ордуна Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктигин түзүүү тууралуу келишимге кол коюшкан.

Ошол жылдын 12-декабрында Орусия Федерациясынын парламенти бул келишимди ратификациялаган.

1991-жылдын 21-декабрында үч балтиялык жумурият менен Грузиядан тышкаркы жумурияттардын жетекчилери Алматы протоколуна кол коюп, СССРдин жоюлганын жарыялашкан.

25-декабрда гана Михаил Горбачев СССРдин Президенти кызматынан чегингенин жарыялады, эртеси (1991-жылдын 26-декабрында) СССР Жогорку Кеңеши өзүн-өзү таркатты.

КЫРГЫЗСТАН ЖАНА ЭГЕМЕНДИК

Айкындуулук доорунда кыргыз тили жумуриятыбызда мамлекеттик тил макамына (1989-жылы 23-сентябрда) жеткен.

“Ашар” козголушу, “Кыргызстан” демократиялык кыймылы сыяктуу антикоммунисттик жана башка демократиялык уюмдар түзүлгөн. Демократиячыл жараян тездеген.

Ошол эле учурда бул жараянды токтотууга умтулган күчтөр Ошто (1990-жылы июнда) улуттар аралык араздашууга шыкак болушкан.

1990-жылы октябрда Кыргыз парламенти атаандаштык негизде туңгуч президенти кылып академик Аскар Акаевди шайлаган.

Ошол жылы ноябрда Кыргызстан өз расмий аталышынан “советтик” жана “социалисттик” сөздөрүн алып салган.

1990-жылы 15-декабрда Кыргыз парламенти жумурияттын эгемендиги тууралуу декларацияны кабыл алса, 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн мамлекеттик көз карандысыздыгы тууралуу декларацияны кабыл алган.

Ыраматылык ойчул, жазуучу Чыңгыз Айтматов жаш муундарды Кыргызстандын жаңы доордогу эгемендигин көз карегиндей сактап калууга чакырган осуят сөзүн “Азаттык” аркылуу 2006-жылы августта айткан эле.

Ч.Айтматов Кыргызстан эгемендиги улут келечегинин өзөгү экенин баса айткан


Ушундай эле маанидеги осуят сөздөрүн Түгөлбай Сыдыкбеков, Азамат Алтай, Кусейин Карасай уулу сыяктуу залкарларыбыз да айтып келишкен.


ОКУРМАН, УГАРМАН ЖАНА КӨРӨРМАНДАРГА

Ошентип, мындан 20 жыл мурда "СССР" аттуу ири мамлекет биротоло урап, анын курамындагы 15 жумурият өз бетинче эгемендик туусун көтөргөн.

Алардын алды Европа Биримдигине өтсө, арты, элестүү айтканда, алигиче "жерден боорун көтөрө албай", авторитардык чидерден чыга албай жаткан чак.

Бул дээрлик үч муундук тарыхы бар коммунисттик дөөлөттүн чоо-жайын азыркы өспүрүмдөр дээрлик билбей калды. Ал эми улуу муун өкүлдөрү ал кездин оош-кыйыштарын улам жаңы фактылардын негизинде таразалап келет.

“Азаттык” үналгысы СССРдин 1991-жылы ойрон болушунун 20 жылдыгына байланыштуу атайын “Доор ураганда (1991)” мултимедиалык түрмөгүн сунуштайт.

Бул түрмөктүн максаттарынын бири – окурмандарыбыздан 20 жыл мурда ураган жана кызуу талаш-тартыш бутасына айланган залкар доор тууралуу мултимедиялык (аудио, видео жана сүрөт) тиркемеси бар каттарды кабыл алуу.

Балким, үй-бүлөңүздө ошол доордун элесин берген чоң ата-чоң энелердин, таята-тайенелердин, ата-апалардын архивдик сүрөттөрү бардыр? Ошол доордун турмуш-тиричилиги тууралуу эскерүүлөрүңүз жазылгандыр?

Ар бир айылдын Дүйшөнү (биринчи мугалими), Алтынайы, Уркуясы, Чолпонбайы, Телегейи болгон эмеспи!

Совет доорунун оош-кыйыш жактары жана кыйрашынын себептери тууралуу өзгөчө пикириңиз бардыр?

Сиздерди “Азаттык” үналгысынын “Доор ураганда” мултимедиа түрмөгүн
угууга,
окууга
жана көрүүгө,
ал тууралуу чогуу талкуу кылууга чакырабыз!


Бул күрдөөл доордо орун алган окуяларды бир гана макала же берүү менен менен чагылдырып жетише албайбыз.

Ошондуктан түрмөк “Азаттыктын” кабарчыларынын жана коомчулуктун серептерине, тасмаларына, аудио материалдарына, сыналгы жана башка берүүлөргө үстүбүздөгү жылы бою орток куржун болуп бермекчи.

Бизге кат жолдогондо “Доор ураганда” түрмөгү үчүн” деп кошумча эскертип коюңуздар.

Кат жиберүү үчүн бул шилтемени басыңыз.

Катты кабыл алуудагы шарттарыбыз жана салттык шеринелик эрежебиз тууралуу окуп коюңуздар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG