Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:49

Орусия “башка Ельцинди” эскерүүдө


Орусиянын президенти Дмитрий Медведев мурдагы президент Борис Ельциндин айкелинин ачылыш аземинде, Екатеринбург, 1-февраль, 2011

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев мурдагы президент Борис Ельциндин айкелинин ачылыш аземинде, Екатеринбург, 1-февраль, 2011

Орусиянын туңгуч президенти Борис Ельцин көзү тирүү болгондо бүгүн (1-февралда) 80 жашка чыкмак. Ал 2007-жылы дүйнөдөн кайткан. Ельциндин туулган күнүндө кичи мекени Екатеринбургда айкелинин бет ачаары болду. Орусияда көпчүлүк Ельцинди 1990-жылдардагы катаал учур үчүн айыптап жүрүшөт. Бирок соңку кездери акырындан болсо да алгачкы президентке карата мамиле орус коомунда өзгөрө баштагандай туюлат.

Москвада болбосо да, Борис Ельциндин айкели өзү туулуп өскөн Екатеринбург шаарында ачылды.

Чынында, Советтер Биримдиги (СССР) кулагандан кийинки соңку жыйырма жылдан бери бир да саясий лидер үчүн мындай жогорку деңгээлде айкел тургузула элек болчу.

Бийиктиги он метрге жеткен ак мраморлуу айкелдин ачылышына Борис Ельциндин үй-бүлөсү, азыркы президент Дмитрий Медведев баштаган орус коомунун бир топ мартабалуу өкүлдөрү катышты.

Медведев алгачкы постсоветтик орус президенин “Жаңы орус мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалын түптөгөнү” үчүн мактады.

"Орусиянын бир бөлүгү"

“Борис Николаевич өз өлкөсүн жанынан артык көрчү, - деди Д.Медведев. - Ал өзү ушул мамлекеттин бир бөлүгү болчу. Ал аябай эрки күчтүү, чечкиндүү адам эле”.

Кремль эми ушинтип Борис Ельцинди азыркы авторитардык өкмөттүн түптөлүшүнүнө жол ачкан адам катары көрсөтүүгө далалат жасашы мүмкүн. Бирок аны дүйнөдө көпчүлүк элдер орустарга демократияны алып келген лидер катары билишет.

Б.Ельцин орус парламентинин имараты алдындагы танкка чыгып сүйлөгөн учуру, Москва, 19-август, 1991
Анын жылдызы жанган учур 1991-жылдын августуна, советтик лидер Михаил Горбачевду бийликтен кулатабыз деген коммунисттердин көтөрүлүшүнө, туш келди.

Орус тарыхы үчүн бурулуш бул учурда Ельцин оппозицияны басуу үчүн тартылган танктардын биринин үстүнө чыгып алып, жарандарды реакциялык ал төңкөрүшкө жол бербөөгө чакырат. Анын ошондогу аракетин кийин аналитиктер “демократияны коргоо актысы” деп аташат.

Татаал бейне

Жыл этегинде Советтер Союзу таркап, Борис Ельцин орус мамлекетинин башчысы болуп калды. Андан кийинки он жылдыкта ал Орусияда болуп көрбөгөн демократиялашуу процессин башкарды.

Анын кийинки саясий бейнеси талаш-тартыштуу, жагымсыз окуя-сүртүмдөр менен коштолду. Орустар ичкиликке берилген, бети-башы шишип, маанилүү жолугушууларга катышпаган, ичкиликтен бир нече айлап өзүнө келе албаган президенттен көңүлү кала баштайт.

Ельцин президенттиги учурунда беш жолу инфаркт болду. Президент катары экинчи жолу шайлангандан кийин ал эл алдына көп чыкпай калган. Көбүнчө бир ордунда тике тура албаганы байкалчу.

Мунун баары бирок 1990-жылдардагы оор мезгил үчүн Ельцинди күнөөлөгөндөрдүн алдында анын абалын эч жумшарта албады.

1999-жылдын 31-декабрында ал кызматтан кетип жатып, жалпы журттан президенттиги учурундагы кемчиликтери үчүн кечирим сурайт.

“Мен сиздерден кечирим сурагым келет. Көпчүлүгүбүздүн үмүт-максаттарыбыз ишке ашпай калганы үчүн, оңой болот го деген нерселер аябай оор өткөнү үчүн кечирим сурайм”, - деген эле Б.Ельцин.

Өзгөрүлгөн мамиле

Ошол учурда өлкө жарандарынын дээрлик жарымы Ельцинге карата мамилеси терс экени айтылган. Азыр эми, коом пикирин сурамжылоочу “Левада борборунун” директору Лев Гудковдун айтымында, барган сайын ага карата мамиле жакшыра баштады.

Борис Немцов да Ельцин бийликке алып келген реформисттердин бири
“Ельцинди жек көрүүчүлүктүн эң жеткен чеги өттү, - деп эсептейт Гудков. - Азыр көпчүлүк эл аны менен иши жок.

Жалпысынан Ельцинге терс мамиледе болгондор менен колдогондор дээрлик бирдей эле болуп калды”.

Гудковдун айтымында, Ельцинге начар мамиледе болгондордун саны азыр болгону 35%, көпчүлүгү – айыл-кыштактарда жашаган коомдун жакыр бөлүгү. Шаардык орусиялыктар болсо аны көбүрөөк колдошот.

Ельцин өзүнүн мураскери деп атаган Владимир Путиндин сынчылары муну дал ушул Путиндин учурунда “билимдүү оппозицияга” каршы чабуулдар көбөйгөнү менен түшүндүрүшөт.

Оппозициянын лидери Борис Немцов жакында эле Москвада эркин жыйналуу укугун коргоп пикет уюштурганы үчүн эки апта абакта отуруп чыкты.

“Азыр Орусияда эркиндикти баалагандардын саны улам өсүп баратат, - деди Б.Немцов. - Көптөр мурдагы учурду эстешет. Ельциндин учуру экономикалык жактан оор болгону менен, үмүттүн, романтиканын мезгили болчу. Путиндин ташбоор, мыкаачы учуруна салыштыра келгенде, Ельциндин мезгилине башкача карай баштайсың”.

Мурас

1990-жылдары Немцов да Ельцин коммунизмден кийинки жаңы өкмөткө алып келген реформист жаштардын бири болчу.

Мурдагы вице-премьер-министрди көпчүлүк “Ельциндин оордун басат го” дешкен.

Бирок андай болбоду. Ельциндин учурунда демократиянын түптөлүшү үчүн жасалган көптөгөн реформалардан баш тарткан Путин болсо Ельциндин учурун кийин бейстабилдүүлүктүн, коррупциянын мезгили катары баалаганга аракет кылды.

Борис Ельцин, 30-декабрь, 1991
Борис Ельцин өзү кийин мураскеринин тушунда авторитаризм күчөгөнүнө кейигенин айтып калышат.

Азыр эми Ельциндин башкаруучулук мезгилин ийгиликсиз, оор чечен согушу, 1990-жылдардагы менчиктештирүү учурунда Кремлдин уруксаты менен миллиарддаган каражаттарды жуткан олигархтардын кыймылы менен эстегендер бар.

Ошол эле учурда аны жактагандар ошол кезде түптөлгөн басма сөз эркиндиги азыр басмырланып жатканын, коррупция мурдагыдан да өскөнүн айтышат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG