Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:53

Футбол: Азия биринчилиги Бишкекте өтөт


Футболдон уландар арасындагы Азия чемпионатынын мыктыларды тандоо мелдеши Оштон Бишкекке которулду.

20-сентябрда Будапешт шаарында кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын таймаштары уланды.

Үч салмак боюнча жапондук кыздар Эри Тосака, Саори Юшода жана Кари Ичо дүйнө чемпиону аталды. 59 кило салмактын баш байгесин венгриялык Мариана Састи жеңип алды.

Бул дүйнө чемпионатына Кыргызстандан Айсулуу Тыныбекова жалгыз катышты. Айсулуу алгачкы атаандашы венесуэлалык Каралина Энрикез Эрнандезди 8:1 эсебинде артыкчылык менен утуп алды. Андан кийин Айсулуу испаниялык Карима Санчез Рамис менен күрөшүп, аны да 12:3 эсебинде жеңди. Бирок ал чейрек финалда болгариялык Мустафа Юсейинден жеңилүү ызасын тартып калды. Коло байгеге талапкерлер таймашында Айсулуу Тыныбекованын атаандашы украиналык Татьяна Лавренчук болду.

"Калыстар калыстык кылбай, Айсулуунун эки упайын эсепке албай, килемден чыгып кеткен учурда жагдайды эсепке албай украиналык балбанга жеңишти ыйгарып койду", - дейт федерациянын вице-президенти Байгазы Кенжебаев.

Каныбек Жолчубеков үмүт жандырат

Дүйнө чемпиондугу үчүн грек-рим күрөшү боюнча таймашуулар 20-сентябрда Будапештте башталды. Бул күнү жеңил салмакта 16-Азия оюндарынын күмүш байге ээси, Азия чемпиону Каныбек Жолчубеков өлкө намысын коргойт. Анын алгачкы атаандашы венесуэлалык Луис Медина Гарсиа болмокчу.

"Каныбек Жолчубековдун даярдыгы жакшы, табына келген учуру. Байгелүү орундарга талапкер болушу мүмкүн", - деди “Азаттыкка” грек-рим күрөш федерациясынын президенти Арзыбек Кожошев.

21-сентябрда Кыргызстандын намысын Азия чемпиону Арсен Эралиев жана Бээжин олимпиадасынын коло байге ээси Руслан Түмөнбаев жана Эсенгелди Кожобек уулу коргойт.

Дүйнө чемпиондугу үчүн Будапешттеги таймашуулар 22-сентябрда жыйынтыкталат.

Тогуз жигит томсорду

20-сентябрда Орусиянын Якутск шаарында бильярддын эркин пирамида түрү боюнча дүйнө чемпионаты улантылды. Мында 17 өлкөнүн эки жүздөй спортчусу мөрөй талашууда.

Дүйнө чемпионатына кыргызстандык 9 спортчу катышты. Алардан дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев гана чеберчилиги менен адистердин көңүлүн буруп жаткан. Бирок ал чейрек финалда орусиялык Александр Баннга утулуп калды. Быйылкы өлкө чемпиону Ызатбек Ратбеков да атаандашына алдырып коюп, чейрек финалга чыкпай калды. Ошентип тогуз жигит, эки кыз жеңилүү ызасын тартып, мелдештен четтеп калды. Бул тууралуу “Азаттыкка” бильярд спорт чебери Ильяс Адамов маалымдады.

Кыргызстан төртүнчү болду

20-сентябрда Алматыда өспүрүмдөрдүн Евразия оюндары жыйынтыкталып, Кыргызстан командалык эсепте төртүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев Алматыдан билдирди.

Кыргызстандын намысын 100гө жакын жаш спортчу коргоп, жетимиштен ашуун байгелүү орунду камсыз кылышты.

Евразия оюндарында спорттун 14 түрү боюнча 232 байге ойнотулду. Биринчи оюндар 2007-жылы Беларуста, экинчиси Орусиянын Казан шаарында өткөн.

Мерген Исмаилов - чемпион

Бул күндөрү Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө ок атуу боюнча Шериктеш өлкөлөрүн чемпионаты өтүүдө. Мында Кыргызстан, Орусия, Беларус, Казакстан жана Тажикстандын мергендери мөрөй талашууда. Жыйынтыгында кыргызстандык мерген Руслан Исмаилов мылтык атууда биринчи орунду ээледи. Анын өнөгү Аскат Токмоков коло байгенин ээси болду.

Кыргызстандын кыз-келиндер мергендер командасы тапанча жана мылтык атуу боюнча мелдештерге катышууда.

Шериктеш өлкөлөрдүн мергендер мелдеши 21-сентябрда жыйынтыкталат.

Төрт өлкөнүн футболчулары Бишкекте таймашат

Азия футбол конфедерациясынын өтүнүчү менен 16 жашка чейинки уландар арасындагы Азия биринчилигине мыктыларды тандоо мелдештери Бишкекте өтмөк болду. Мурда бул мелдеш Ош шаарында өткөрүлөөрү айтылып, камылга көрүлүп жаткан. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын басма сөз катчысы Канат Асенов билдирди.

Мында Кыргызстан, Бангладеш, Оман жана Катар өлкөлөрүнүн жаш футболчулары күч сынашат. Мелдеш 25-сентябрдан 29-сентябрга чейин Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG