Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:31
Кыргыз-тажик футболчулары
Кыргыз-тажик футболчулары

Футбол: Кыргызстан Тажикстанды утту

Тажикстан менен Кыргызстандын футболчуларынын беттеши 0:1 эсебинде кыргыз футболчуларынын пайдасына аяктады. Оюн Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында болду.

Кыргызстанга таандык жалгыз голду 18-мүнөттө чабуулчу Виталий Люкс киргизди. Оюн 29-мартта Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарындагы Борбордук стадионунда өттү.

Бул беттеш 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандап алуу беттештеринин экинчи баскычынын акыркы туру болуп саналды. Аталган командалар 2015-жылы 8-октябрда Бишкекте беттешип 2:2 эсебинде тең ойношкон.

Тайпалык тандап алуу оюндарында Кыргызстандын негизги атаандаштары болгон Австралия менен Иорданиянын футболчулары бүгүн Австралиянын Сидней шаарында беттешип 5:1 эсебинде талаа кожоюндары жеңишке жетти. Ошентип 8 оюндан кийин Австралия 21 упай топтоп көч башын жетектеди. Иорданияда 16 упай бар. Бүгүн Тажикстан курамасын уткан Кыргызстандын футболчулары 14 упай менен В тайпасында үчүнчү орунду ээледи. Тажикстан 5, Бангладеш 1 упайга ээ болду.

Экинчи баскычтагы тандоо оюндарындагы бул үчүнчү орун менен Кыргызстан дүйнө чемпиондугунун үчүнчү баскычында ойной албайт. Бирок бул 2019-жылы боло турган Азия кубогунун үчүнчү баскычтагы тандоо оюндарына чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

2018-жылы Орусияда өтчү футбол боюнча дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын экинчи баскычында Азия чөлкөмүндө 8 тайпага бөлүнгөн бештен команда ойноду. Бул баскычта биринчи орунду ээлеген 8 команда жана мыкты көрсөткүчкө ээ болгон төрт команда дүйнө чемпиондугунун тандоо оюндарынын 3-баскычына жана 2019-жылы Бириккен Араб Эмиратында өтө турган Азия кубогунун финалдык бөлүгүндө ойноого жолдомо алышат.

Калган командалар дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынан четтетилет. Футбол боюнча дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын экинчи баскычында экинчи орунду ээлеп начар көрсөткүчкө ээ болгон төрт команда, үчүнчү орунду ээлеген төрт команда жана төртүнчү орунду ээлеп жакшы көрсөткүчтү камсыздаган төрт команда Азия кубогунун үчүнчү баскычындо ойноого жолдомо алышат. Азия кубогуна тандоо оюндары 2017-жылы жаз айларында башталат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG