Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:42

Жарым жылда кылмыштуу топтор жок кылынабы?


Жыл башынан тарта уюшма кылмыштуу топтун мүчөсү делген 56 адам кармалды
Жыл башынан тарта уюшма кылмыштуу топтун мүчөсү делген 56 адам кармалды

Ички иштер министрлиги Кыргызстандагы уюшма кылмыштуу топтун тамырын жарым жылдын ичинде жок кылууну көздөөдө.

Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев 18-февралда журналисттерге билдирип, тартип коргоо органдарына, бийлик бутактарына чейин жеткен кылмыш дүйнөсүнүн төбөлдөрүн кармоого жол чабылып жатканын кабарлады. Ал ортодо айрым адистер кылмыштуу топ менен күрөшүүдө оңой эмес тоскоолдуктар турганын айтып коңгуроо кагышууда.

Мелис Турганбаев Ички иштер министрлиги баш болгон бир катар бийлик бутактарында уюшма кылмыштуу топтор менен байланыш түзгөн адамдар бар экенин тастыктап, жарым жылдын ичинде бардык кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрү тазаланып бүтөрүн белгиледи.

Анын айтымында, ушул тапта кылмыш дүйнөсүнүн майда аткаруучулары кармалып жатат. Жакында кезек топтордун төбөлдөрүнө, бийликтеги өкүлдөрүнө чейин жетмекчи:

Мелис Турганбаев
- Акырындап ошолорго жетебиз. Кимдин ким экенин... Милиция кызматкерлеринин арасында да бар. Прокуратурада, соттук системада, УКМКда, бардык жерлерде уюшма кылмыштуу топтордун тамыры бар. Мен айтып жатпаймынбы, жыйырма жылдан берки мөөнөттө тамырлашып, сиңишип калган көп структуралар бар. Мына ошону акырындап отуруп эми тазалайбыз. Мына аткаруучулар кетти, анан жанагы “мозговой” борборлор кетет. Анан жетекчилери кетет. Анан кайсы чиновник менен булар тыгыз байланышта болгону такталат.


Турганбаев буга чейин бир катар таасирдүү авторитеттер кармалып келгенин, бирок сотто акталып же шарттуу бошотулган учурлар көп болгонун белгилейт. Мындан улам кылмыштуу топтордун күнөөлөрүн так аныктап, сот бийлиги, көзөмөл органдары менен тыгыз иш алып баруу керек дейт:

- Кармалгандардын бардыгын, далилдерди топтоп туруп, обьективдүү кылып сотко жөнөтсөк сот эч кайда кете албайт. Бирок фактылар бар. Уюшма кылмыштуу топто жүргөн активдүү кылмышкерди бир жылда он жолу кармап, он жолу шарттуу түрдө кое берип жиберишкен.

Кылмыштуу топтун мүчөсү делген 56 адам кармалды

Ушул жылдын башынан тарта Кыргызстанда уюшма кылмыштуу топтордун мүчөлөрү деп шектелген 56 адам кармалды. Алардын элүү беши камакка алынса, бирөө үй камагына чыгарылып, бир катарына издөө жарыяланды. Көпчүлүгүнө карата мыйзамсыз курал-жарак сактоо, баңги зат кармоо фактылары боюнча кылмыш иши козголду.

Кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселесине жакында президент Роза Отунбаева кайрылып, 6-февралда Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл жана Нарын облустарынын активдери менен болгон жолугушуусунда кылмыш дүйнөсүнө шектүү делген адамдардын кармалбай, көп учурда жоопкерчиликке тартылбай жатканын сынга алган. Ал жалпы саны 300дөн ашык деп эсептелген кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн аз гана бөлүгү 2010-жылы кармалганын билдирген:

- Өткөн жылы 67 гана киши, же алардын бештен бир бөлүгү гана кармалган жана жоопкерчиликке тартылган. Нарын жана Ысык-Көл облустарында уюшкан кылмыштуу топтун 13 мүчөсү кармалган. Ал эми калгандары, кыйла ири “акулалар” кайда, же алар уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү болбой калганбы? Чынында эле бул кылмыштуу топтор укук тартибин сакчыларына караганда кесипкөй даярдалган жана уюшкан деген ой калат. Уюшкан кылмыштуу топтордун башчыларын жоопкерчиликке тартуу кыйын, эч ким аларга каршы көрсөтмө бербейт. Бирок бул актанууга себеп боло албайт.

Акыркы айларда жанданып жаткан уюшма кылмыштуулукту укуруктоо аракети коомчулукта ар кандай кабыл алынууда. Айрым байкоочулар ушул тапта кылмыш дүйнөсүнүн майда-барат мүчөлөрү кармалып жатканы менен тазалоо иштери бийлик бутактарына чейин жеткенде тымызын бут тосуулар болот дешет. Бул ойго Жогорку Кеңештин Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупцияга каршы комитетинин жетекчиси Туратбек Мадылбеков да кошулат:

- Уюшма кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө депутаттар же башка бир чиновниктер өз оюн билдирип, сөзсүз түрдө ачыктан ачык чыга албайт. Бирок алар деле тымызын иштерин жүргүзүп жатат болуш керек. Анткени мындай топтор менен байланышы болгон адамдар бар да.

Шайлоого даярдыкпы?

Мурдагы Ички иштер министри Өмүрбек Субаналиев болсо, учурда колдонулуп жаткан ыкма менен кылмыш дүйнөсүн укуруктоо дээрлик мүмкүн эмес деген пикирди карманууда. Анын айтымында, кылмыш дүйнөсү менен күрөшүү үчүн биринчи кезекте криминал төбөлдөрү көзөмөлгө алган көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу керек болчу. Ал кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча жүрүп жаткан жараяндарды президенттик шайлоого даярдануу жана элди алаксытуу көрүнүшү катары баалайт:

Өмүрбек Субаналиев
- Грузиядагыдай уюшма кылмыштуулук менен күрөшөбүз деп жатышат. Грузияда уурулар “вор в законе” (“мыйзамдагы уурулар”) болчу. Ошону үчүн алар мыйзам ойлоп табышкан да. Эгер сен “мыйзамдагы уруу” болсоң, андан тайбасаң, ошон үчүн эле сени камап койчу. Бизде болсо андай жок болуп жатат. Бир гана “мыйзамдагы ууру” деген бар. Ал - Камчы Көлбаев, ал да сыртка чыгып кеткен. Калгандарын эмне негиз менен камайт? Болгону жанагы майда барат нерсе менен камап койот. Кайта чыгып кетишет.


Ички иштер министрлигинин маалыматтарына ылайык, Кыргызстанда төрт негизги уюшкан кылмыштуу топ бар. Алардын көбү Чүй облусуна жана Бишкек шаарына туура келет. Кылмыштуу топтордун мүчөлөрү орто эсеп менен 300дөн ашык экендиги белгиленүүдө.

XS
SM
MD
LG