Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:14

Мамлекеттик кызматкерлер оюн талаасында


Мамлекеттик кызматкерлер арасында республикалык спартакиаданын кичи футбол боюнча мелдештеринин бири. 11-ноябрь 2014-ж. Бишкек.
Мамлекеттик кызматкерлер арасында республикалык спартакиаданын кичи футбол боюнча мелдештеринин бири. 11-ноябрь 2014-ж. Бишкек.

Бишкекте мамлекеттик кызматкерлер арасында республикалык спартакиада өтүүдө. Ага 39 мамлекеттик органдан 2 миңге жакын адам катышып, спорттун 12 түрүнөн мелдешип жатышат.

Рашид Ибрагимов 48 жашта. Ал Каржы министрлигинде бөлүм башчы болуп иштейт. Жашы 50гө таяп калганына карабай оюн талаасында жаштар менен тең тайлашып кичи футбол ойноп, өз командасын алдыга сүрөп жүрөт.

- Кичине кезимден бери спортко жакын болуп, азыркыга чейин ойноп жүрөм. Былтыр бул спартакиадага катышып, төртүнчү орунду алып калган элек. Бул жылы биринчиликти алганга аракет кылып жаткан кезибиз. Кеңседе эле отура бербей спорт менен алектенип, ден соолукту чыңдап жүрөбүз. Жумасына үч жолу ойнойбуз. Атайын машыктыруучубуз бар. Кичи футбол ойноо биздин ишибизге жолтоо болбойт. Спорт менен алектенсең бутуң да, башың да иштеп, сергек жүрөсүң.

Каржы министрлигинин кичи футбол курамасынын чабуулчусу Рашид Ибрагимов.11-ноябрь, 2014-жыл.
Каржы министрлигинин кичи футбол курамасынын чабуулчусу Рашид Ибрагимов.11-ноябрь, 2014-жыл.

Мамлекеттик кызматкерлер спартакиаданын жүрүшүндө кол күрөш, дартс, кичи футбол, волейбол, гиря көтөрүү, тогуз коргоол, шахмат, бильярд, жеңил атлетика, үстөл үстүндөгү теннис, ок атуу, аркан тартыш боюнча эки топто мелдешүүдө.

Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрү жана укук коргоо органдарынын кыматкерлери өзүнчө бир топто, ал эми күч түзүмдөргө кирбеген мамлекеттик органдардын кызматкерлери өзүнчө бир топто мөөрөй талашууда.

Маңзаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын өкүлү Нурак Эшалиев күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери арасында гиря көтөрүү боюнча күч сынашууга катышып, 90 кг салмакка чейинкилер арасында биринчи орунду алды. Ал кызматы дайым спорттук даярдыкта болууну талап кылаарын айтып, башкаларды да дени сак жашоого чакырып өттү.

Баңгизатын көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын өкүлү Нурак Эшалиев.11-ноябрь, 2014-жыл
Баңгизатын көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын өкүлү Нурак Эшалиев.11-ноябрь, 2014-жыл

- Биз дайыма спорттук даярдыкта жүрүшүбүз керек. Кесиптештеримдин көпчүлүгү спорттун чеберлери, өлкөнүн чемпиондору. Тамеки чегүү, арак ичүү деген болбойт. Мен башкаларды да бул жаман адаттардан алыс болууга чакырат элем. Спорт менен машыгып, дени сак болуудан эң бийик эч нерсе жок.

Мамлекеттик кызматкерлер арасындагы спартакиаданын катышуучуларынын жаш курагы 21 жаштан 65 жашка чейин деп белгиленген. Оюндардын жүрүшүнөн катышуучулардын көпчүлүгүнүн жаш курагы 21 жаштан 40 жашка чейин экендигин байкоого болот.
Бул жылы катышуучулардын суроо талабы менен спартакиаданын уюштуруу тобу бир гана жеңил атлетика боюнча жарыштарда катышуучуларды жаш курагы боюнча төрт топко бөлүшкөн. Башкача айтканда, 35 жашка чейин, 35 жаштан жогорку, 45 жашка чейин жана 45 жаштан жогоркулар арасында байгелер ойнотулду. Маселен, каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев ​45 жаштан жогоркулар арасында 100 метрге чуркоодо биринчи орунду алды.

Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин спорт, массалык иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы Канат Арпачиев кийинки жылдары башка спорттун түрлөрүнөн да катышуучуларды жаш курагы боюнча топко бөлүп, мелдештерге катыштыруу аракети көрүлөрүн маалымдады.

- Кээ бир спорттун түрлөрүнөн жаш куракка бөлбөсө болбойт экен. Жаштар менен улгайып калгандар тең тайлашып, ойной албай четте калып алышууда. 45 жашка чейин жана 45 жаштан жогору деп эки топко бөлүп ойнотсок, спартакиада дагы кызыктуурак болоорун байкадык. Аны ишке ашыруу көп деле каражатты талап кылбайт. Буюрса бул сунушту кийинки жылы ишке ашырууга аракеттенебиз.

Спартакиада мамлекеттик органдарда дене тарбия жана спортту өнүктүрүү, мамлекеттик кызматкерлерди спорт менен үзгүлтүксүз алектенүүгө тартуу максатында быйыл үчүнчү жолу өткөрүлүүдө.

Жеңишке жетишкен жана байгелүү орундарга илинген катышуучулар Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин тиешелүү даражадагы медаль, диплом жана кубоктору менен сыйланат. Спартакиаданы өткөрүүгө Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан 2 млн. сомго жакын каражат жумшалган. Мелдештин жыйынтыгы боюнча ар бир спорттун түрүнөн жана бардык спорттун түрү боюнча жалпы командалык жыйынтык чыгарылат.

8-ноябрда башталган оюндар 13-ноябрда аяктайт.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG