Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:57

Эл аралык кризистик топ жарыялаган баяндамада Борбор Азиядагы беш өлкө согушкерлер коркунучу менен күрөшкөндүн ордуна кайра аны күч алдырып жатканы айтылды.

Баяндамада беш өлкө - Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстан өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган топтун согушкерлери жана «өрчүп жаткан радикализм» коркунучу менен күрөштө ишенимдүү жана координацияланган аракет планын иштеп чыгышы керектиги белгиленет.

Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, генерал-майор Марат Иманкулов "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Эл аралык кризистик топтун 20-январь күнү жарыялаган баяндамасында айтылган пикирлерге сиздин көз карашыңыз кандай?

"Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкерлери

"Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкерлери

Иманкулов: Алар кайсы маалыматтын негизинде ушундай тыянакка келип жатканы мага белгисиз. Аларда биздин мамлекеттик органдардын, анын ичинде атайын кызматтын, тартип коргоо органдарынын же күч структураларынын иши тууралуу маалымат барбы, же отчетун алышканбы? Же алар менен сүйлөшкөндөн кийин ушундай тыянакка келип жатабы – бул мага белгисиз.

Бирок жетишсиз деп кооптонуп жатканына түшүнөм. Сирияда, Иракта “Ислам мамлекети” террордук тобунун согушкерлеринин ичинде Казакстандан эле 200дөн ашык киши бар дейт.

“Азаттык”: Жалпы Борбор Азиядан төрт миңге чамалуу киши жүрөт деп айтылууда...

Иманкулов: Муну ким санап жатат? Европадан сегиз миңден ашык адам ошол жакта жүрөт. Алар кантип барып калышты? Европадан, цивилизациялуу мамлекеттерден сегиз миңге жакын киши ошол жакка кетип жатса, жакыр мамлекеттерден, экономикалык кризиске дуушар болгон өлкөлөрдөн кетип калуусуна бир четинен акча себеп болууда. Негизги себеп бул жерде – идеология.

"Азаттык": Кризистик топ аймактагы өкмөттөр жарандык эркиндиктерди чектеп, коопсуздук чараларын күч алдыруу менен радикалдаштыруунун отуна кайра май тамызып жаткандыгын кошумчалайт. Бул негиздүү фактор болушу мүмкүнбү?

Иманкулов: Алар ар кандай тыянакка келе бериши мүмкүн. Өзүнүн ар кандай ойлорун айтып жатышат. Мен ушул системада коопсуздук кызматында көп жылдар бою иштеп жүрүп, акыркы жылы Кыргызстандын терроризмге каршы күрөшүү борборун түзүп, жетекчиси болуп иштеп тургандыктан бул жакта эмне болуп жатканын жакшы билем. Жарандык коом кантип күрөшөт? Ал көмөк гана көрсөтө алат. Күрөш – бул мамлекеттин милдети, анын иши.

“Азаттык”: Жүргүзүлүп жаткан алдын алуу чараларына кандай баа бересиз?

Иманкулов: Кыргызстанда катталган, тыюу салынган экстремисттик топтор бар. Алар Кыргызстанга кайдан келди? Кыргызстан алардын пайда болуусуна шарт түзүп бердиби? Анын баары бизге четтен импорттолуп келген экстремисттик идеялардын негизинде ушул жерде топтолуп жүрөт.

“Хизб-ут Тахрир” экстремисттик уюму тууралуу айтып берейин. Кыргызстандын соту анын ишине тыюу салган, экстремисттик топ деп тапкан. Ошолордун баш кеңсеси убагында Лондондо, Германияда болчу, Британияда алар экстремисттик деп табылган эмес. Мына, жакында согушкерлер Францияда теракт уюштурушту.

Экстремизм, терроризм менен күч органдарына гана ишенип алып, жалаң күч менен талкалайбыз деген болбогон нерсе. Идеологияны күч менен эч ким талкалап көргөн эмес. Бул адамзаттын тарыхында болбогон, такыр ишке ашпаган нерсе. Кармаганга күчү жетпей жатат. Укук коргоо органдарынын да алы жетпей жатат. Ошон үчүн согушка кетип жатышат. Алар чекесине “мен Сирияга согушканы кетип жатам” деп жазып алышкан жок да. "Мен Түркияга окуганы, же бизнес кылганы баратам" деп айтып коет. Анан ким ага тыюу салып, чыкпайсың деп токтото алат?

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG