Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:58

Баткен: Чек арадагы элге молдолор арачы түштү


Ак-Сай айылындагы чек арачылар жана мектеп окуучулары. Баткен, 23-январь, 2014
Ак-Сай айылындагы чек арачылар жана мектеп окуучулары. Баткен, 23-январь, 2014

Диниятчылар Баткендин кыргыз-тажик чек арасындагы айылдарда жыл башындагы чатактан кийин сууп кеткен кошуналардын алакасын жандантуу аракетине киришти.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал бир аз турукташканы менен Кыргызстандын Ак-Сай, Көк-Таш, Тажикстандын Ворух, Чорку айылдарынын элинин ортосундагы алака али жандана элек. Мындан улам Ак-Сай айылына барган диндарлар кошуналарды бири-бирин кечирүүгө, арадагы анча-мынча чагымчыл аракеттерге алдырбоого чакырышты. Эки эл тең кылымдардан бери ушул аймакты байырлап, ата-бабадан калган жерди эми да эч жакка таштап кете албагандан кийин бири-бири менен мамиле кылууга мажбур экендиктерин эскертишти.

Баткен районунун имам-хатиби Нуридин Мамасабыров кайсыл жерде жаңжал болсо ал жерде ырыскы да, өсүп-өнүгүү да болбосун эске салды:

- Мындайда шайтан эки тарапка тең бүлүк салып, кошуналарга барып силерди минтти, бизге келип алар мындай кылды деп от жагышы мүмкүн. Андыктан мындай жаман пикирлерден алыс болуп, бири-бирибизди түшүнө билип, турмуштук мамилелерибизди жандантышыбыз керек. Кайсы бир маселелер чечилгенче күтүүгө туура келет. Ага чейин сабырдуулук зарыл.

Аксайлык Бактыбек Акматов эл ынтымагы үчүн мындай аракеттердин жасалганы жакшы экенин, бирок ушундай эле үгүт-насаат иштери тажик айылдарында да жүрсө жакшы болмоктугун айтат. Анткени мурдараак Тажикстандын Ворух айылында элди сабырдуулукка чакырган айыл имамы элден таяк жеп, кызматын таштап кеткени айтылган.

Айыл тургуну ушундан улам бир тарап менен маселе чечилбесин, эки тарап бирдей кадам ташташы зарылдыгын белгилейт:

- Албетте, мамилени түздөө үчүн кимдир бирөө себепчи болушу керек. Мындай иш-чаранын болгону жакшы. Бирок бул бир тарапта эле жүрбөстөн кошуналарда да болушу керек. Аларда өткөндө ушинтип имамы сабырдуулукка чакырса таяктап коюшканын айтып жатышат. Эки тарап бири-бирин түшүнгөндөй үгүт болушу керек.

Чек арадагы жаңжалдарды жөнгөрүү үчүн ортомчулардын, же башка уюмдардын аракети буга чейин деле болуп келген. Чек ара чатактарына абай салып жүргөн жергиликтүү серепчи Назгүл Алдашова арачылардын аракетин колдогону менен кандай болгон күндө да маселени чечүү үчүн мамлекеттик бийликтин аракети зарыл деп эсептейт:

- Мындай иштердин болгону чыңалууну жеңилдетет. Бирок ушуну менен эле маселе чечилип калат дегенден алыс болуш керек. Жаңжал жараткан көйгөйлөр бар да. Аларды мамлекет аракеттенип чечиш керек. Ар тараптан маани берилип, маселени чечүүгө аракет болгону жакшы.

Кыргыз-тажик чек арасында 11-январдагы атыштан бери чек ара жабылып, алака токтоп турат. Учурда минтип кошуна эки элдин мамилесин оңдоо үчүн ар тараптуу аракеттер башталды. Бирок анын натыйжасы кандай болоору азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG