Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Осмонов: Текебаев да убагында өч алган


Курманбек Осмонов "Азаттыктын" студиясында, 2010-жыл
Курманбек Осмонов "Азаттыктын" студиясында, 2010-жыл

"Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевдин камалышы Кыргызстандагы саясий кырдаалга кандай таасир этиши ыктымал? "Азаттык" радиосунун суроолоруна Жогорку Соттун мурдагы төрагасы, мурдагы депутаты Курманбек Осмонов жооп берди.

“Азаттык”: Кыска аралык ичинде бийликти ачык сындагын “Ата Мекен” партиясынын лидерлерине биринин артынан бирине карата кылмыш иш козголуп, бүгүн лидери Өмүрбек Текебаев камакка алынды. Айрымдар муну эч бир реалдуу фактыга негизделбеген саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат. Сиз кандай ойдосуз?

Осмонов: Козголгон кылмыш иштер боюнча ар бирин өз-өзүнчө караш керек. Бир караган кишиге “атамекенчилерге” карата гана куугунтук уюшулуп жатат дегендей пикир түзүлүп жаткандай болууда. Бирок аларга коюлган күнөөлөрдүн баары тыкыр иликтениши керек.

Буга чейин деле мародерлук жана башка көмүскө иштер боюнча бир топ коомдук пикир түзүлдү эле. Кала берсе, кечээ эле Аида Салянова башкы прокурор болуп турганда ал аркылуу Текебаев бир топ саясий оппоненттеринен өч алгандай маселелер болгон. Кыскасы, тигинисинде да бар, мунусунда да бар дегендей...

“Азаттык”: Текебаевдин камалышы өлкөдө саясий олку-солкулукту жаратышы ыктымалбы?

Осмонов: Адатта эл адилеттүүлүк үчүн күрөшөт. Эл да байкайт, билет. Бийлик адилетсиз, жөн эле кызмат абалынан аша чаап, куугунтук кылып жатканын эл билип, туюп калса, ошол куугунтукка кабылган адамдын тарабын алат.

Эгер эл, коомчулук “жок, алар кылмыш жасаган” деген ишенимге келсе, анда мыйзам боюнча болсун деген жыйынтыкка келет болуш керек деген пикирдемин.

“Азаттык”: Демек, окуя Текебаевди колдогондор канчалык көп, бирдиктүү күч экенин көрсөтө алышына жараша өнүгөт деген пикирдесиз?

Осмонов: Ошол иштердин айрым жагдайлары коомчулукка белгилүү болгондон кийин коомчулук ошого жараша бүтүм чыгарат болуш керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG