Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:31

“Кыргызтелеком” мамлекеттик ишканасына карызын төлөбөгөндүгү үчүн “Бешинчи каналдын” жетекчилигине кылмыш иши козголду. 7-апрелден кийин улутташтырылган бул телеканалдын аукциондо сатылышы боюнча маселенин башы ачылбай келе жатат. Бул багытта каналды өз таасирине киргизип, ээликтөө аракеттери туурасында бейрасмий маалыматтар айтылып келе жатат.

“Бешинчи каналдын” жетекчилигине Кылмыш-жаза кодексинин
173-беренесинин негизинде "мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген" деген кине менен кылмыш иши козголду. Буга аталган канал 2007-жылдан бери өзүнүн берүүлөрүн тараткандыгы үчүн “Кыргызтелеком” мамлекеттик ишканасына 26 миллион сом карызын төлөбөй келгендиги себеп болгон.

Башкы прокуратуранын башкы тергөө башкармалыгынын башчысы Канат Аманкулов аталган канал улутташтырылгандыгына карабастан кайсы бир саясий күчтөрдүн таасиринде калып, айрым банктар тарабынан насыяга каржыланып жаткандыгына токтолду:

- Эмнеге буга чейин “Бешинчи канал” акы төлөбөй эле обого чыгып келгендигин толук иликтеш керек болуп турат. Себеби алар артыкчылыктардан пайдаланган деген божомол бар. Ал гана эмес Мамлекеттик мүлк министрлиги аталган канал улутташтырылгандан кийин тышкы башкарууну киргизип, бирок кийин кайра алып салган. Ал жакта эмне кылып, кимдин кызыкчылыгына иштеп жатканына эч ким кызыккан да эмес. Мамлекеттин ал жакка бир дагы таасири болбоптур. Кылмыш ишинин козголушуна бул жагдай да бирден-бир себеп болду. Алдын ала иликтөө жүргүзгөнүбүздө телеканал 7-апрелден бери “АКБ Кыргызстан” банкынан насыя алып, иштеп жатканы аныкталды. Анын бардыгы азыр толук иликтенет.

“Бешинчи канал” алгач КООРТ деген аталышта мурдагы президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаевге таандык болсо, 2006-жылдын аягында кийинки президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин көзөмөлүнө өткөнү айтылып келет. 7-апрелден кийин “Бешинчи канал” мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн.

Кабатталган карыз

Аталган телеканалдын башкы директору Евгения Бердникова карыздын берилбей калышынын себептерин төмөндөгүчө түшүндүрдү:

- Карызыбыз чын эле бар. Биздин каналдын каржы жагын караган “Лента” компаниясы 2007-жылдан бери биздин берүүлөрдү чагылдырууга ай сайын канча акча төлөө керектигин билдирген маалымдамаларыбызга карабастан каражатты өз учурунда которбой келген экен. Мындай абал өткөн жылга чейин улантылган.

Мурдагы бийликтеги эки үй-бүлөнүн кызыкчылыгына кызмат кылган телеканал учурда кайрадан айрым бир саясий күчтөрдүн таасиринде иш алып барып жаткандыгы боюнча сөздөр тарай баштады. Медиа эксперт Болот Абдыжапаров берүүлөрүнүн мазмуну боюнча каналдын саясий багытын мындайча мүнөздөдү:

- Улутташтыруу деген менен бул жерде бирөөлөрдүн кызыкчылыгы ишке аша тургандыгы көрүнүп калды. Ө. Бабанов баштаган саясий күчтөр үчүн бул маселени чечүүнүн ар кандай жолдору табылат. “Бешинчи каналдын” берүүлөрүн карап отуруп баам салсаң, алардын кимге жан тартып, кимди көөлөп жаткандыгы ачык эле көрүнүп жатпайбы. Мына ошондуктан жөнөкөй телекөрүүчүнүн көзү менен караганда деле бул канал “Республика”партиясынын кызыкчылыгына иштеп жаткандыгы байкалып турат.

Энчиге тартылып, кызыктырган канал

“Бешинчи канал” улутташтырылган объекттердин тизмесинде болгондуктан учурда убактылуу мамлекеттик мүлк министрлигинин карамагында турат. Бирок анын ишин жүргүзүүгө мамлекеттик каржылоо каралган эмес. Аталган министрликтин улутташтырылган мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Даир Кенекеев "Бешинчи каналда" бийликтеги партиялардын биринин дагы кызыкчылыгы жок деп билдирди:

- Мурун шайлоо маалында кандай саясат жүргөнүн мен билбейм. Кимди көрсөттү, кимди көрсөтпөй койду, ким тарабынан каржыланды деген сыяктуу дооматтарга мен жооп бере албайм. Бизге кайсы бир партия келип, "мындай кылып көрсөтөсүң" деген көрсөтмө бербегенден кийин буга кайсыл бир саясий күчтөрдүн тиешеси бар дегенге болбойт. Биз жакынкы келечекте каналдын карызы менен кошо баалап, ачык аукциондо саталы деп турабыз.

Ошол эле учурда Башкы прокуратура “Бешинчи каналдын” жетекчилигине карата ачылган кылмыш ишинин негизинде кошумча иликтөө иштери жүргүзүлө тургандыгын белгиледи. Серепчилер президенттик шайлоонун алдында ири медиа ресурска ээлик кылууга болгон аракет күчөгөндүгүн белгилешүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG