Линктер

дүйшөмбү, 1-май, 2017 Бишкек убактысы 09:00

Кыргызстанда жабык жайларда кыйноо фактылары азайбай келет. Зомбулуктун айынан дене-башына зыян келип, психикалык сокку алган адамдарга ким жардам берет, мындай зордук көрсөткөндөрдү жазага тартуу эмнеден башталышы керек? “Азаттык” радиосу соттук психиатр Тынчтыкбек Асановду кепке тартты.

“Азаттык”: Сиздер “Сорос-Кыргызстан” фондунун жардамы менен Бишкекте, Ошто психиатрларды окутуп, ушул багытта долбоорду ишке ашырып келатасыздар. Адистер айтып коюшат эмеспи, кыйноо латенттүү, жашыруун жасалгандыктан аны далилдөө өтө кыйын деп. Көк ала же ур-тепкиге алынган абалды сүрөткө тартып эптеп далилдесе болоттур, ал эми психикалык жабыркоону далилдөө деги мүмкүнбү?

Асанов: Мүмкүн болгону үчүн ошентип үйрөтүп, окутуп жатабыз. Денесине келтирилген зыян дарыланып, тез эле жок болуп кетет, ал эми аң-сезимге тийген зыян адамда түбөлүк калып калышы ыктымал.

Анын баарын жабыркаган адам өзү айтып бериши керек. Ал эми аны кантип сурап, айтканын кантип кагазга түшүрүш керек экенин үйрөтүп жатабыз психологдорго, психиатрларга. Ошондой эле юристтер, социалдык кызматкерлер да келип катышууда.

“Азаттык”: Укук коргоочулар кыйноо көбүнчө милициянын жабык жайларында болорун айтып келишет. Ал жакка ар бир адам эле кирип, текшере албайт да. Мындай шартта кыйноону кантип аныктаса болот?

Асанов: Бизде Кыйноого каршы улуттук борбор түзүлгөн, ошолор кире алат. Алар адистерди чакырып, чогуу кирсе болот. Бул биринчиден. Экинчиден, тергөө бүткөндөн кийин иш сотко өтөт. Сотто адвокаттар окуяны кылдат сүрөттөп айтып берсе сот экспертиза дайындашы мүмкүн.

Ошол учурду көрүш кыйын, албетте, бирок кийин убакыт өткөндө жабыркаган адамдарды адистер көрө алабыз.

“Азаттык”: Кыйноо фактын документтөө кандайча жана кайсы жерде жүргүзүлөт?

Асанов: Соттук экспертиза тууралуу чечим чыкса аны жүргүзө турган мекеменин адистери документтейт. Ал эми адвокаттар сот аркылуу эмес, өзүлөрү кайрылып чечейин десе, анда көз каранды эмес, альтернативдүү адистер бар, ошолорго кайрылса болот.

“Азаттык”: Көз каранды эмес адистер барбы?

Асанов: Дал ушул биз “Сорос-Кыргызстан” фондунун жардамы менен өткөрүп жаткан сабактар көз каранды эмес адистердин санын көбөйтүү маскатын көздөйт.

“Азаттык”: Алардын кызматы үчүн акы төлөө керекпи же бекерби?

Асанов: Бекер кызмат болбойт да. Анын баарына акы төлөнүшү керек. Көбүнчө бейөкмөт уюмдар төлөп берет.

“Азаттык”: Жабыркаган жарандардын аларга зомбулук көрсөтүп, кыйнаган, психикасын бузгандарды жазага тарттырууга болгон умтулуусу канчалык байкалууда?

Асанов: Мисалы, 2014-жылга чейин мындай экспертиза жүргүзүлчү эмес. 2014-жылдан бери мен көз каранды эмес адис катары комиссияга катышканым эле 15-16 жолу болду. Ал эми жеке кайрылган адамдардын саны 40тан ашык. Демек, мындай жарандардын саны көбөйүүдө.

Аз-аздан жылыш бар. Мындан ары кандай болот, айтуу кыйын.

“Азаттык”: Адамдын жабыркагандыгы сотто далилденсе мыйзамда аны кыйноого алган кызматкерди жазалооонун кандай чаралары каралган?

Асанов: Кыйноо боюнча атайын берене бар. 2009-жылы ал оор кылмыштардын катарына киргизилген.

Соттун чечими бир четинен жазага тартууну карайт, экинчи жагынан компенсация төлөнүп берилиши керек.

Бирок компенсация төлөнгөн учур азырынча боло элек.

Ошол эле учурда “моралдык зыян” деген берене аркылуу кенемте төлөтүү тууралуу арыздардын саны да көбөйө баштады.

“Азаттык”: Кыргызстан кыйноолорду алдын алуу боюнча эл аралык милдеттенмелерди алды эле өзүнө. Сиз адис катары бул жаатта жүргүзүлүп жаткан ишке кандай баа берет элеңиз? Бийлик, өкмөт эмнеге көңүл бурса?

Асанов: Жылыштар бар. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда милициядан тышкары бардык мекемелер кыйноо бар экенин моюнга алууда. Милиция гана каршы болуп, “жок, бизде кыйноо жок, аны укук коргоочулар эле айтып чыгууда” деп өзүн-өзү коргоп жатат.

Бирок кыйноо жок дебей, бар экенине мамлекеттин, бийликтин макул болгонунун өзү жакшы.

Дагы иш жүргүзүлсө, милиция реформаланса, балким жоюлар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Рахат Кеңешова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин журналисти. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG