Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:58

Бишкектин тургуну Кайыр Жээренчиева баласын кыйноого алган милиция кызматкерлерин жоопкерчиликке тартуу талабы менен 2013-жылдан бери акыйкаттык издеп жүрөт.

Соттордун бири тартип сакчыларын күнөөлүү деп тапса, экинчиси аларды актап жатканына нааразы болгон аял чындыктан үмүтү өчүп, жанынан кечүүгө да аракет жасаган.

Ага юридикалык көмөк көрсөтүп келаткан “Кылым шамы” укук коргоо уюму иш боюнча Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылууга камынууда. Күч органдарынын өкүлдөрү болсо, иш терең иликтөөнү талап кыларын белгилешет.

Эненин көз жашы

Кайыр Жээренчиева баласы Эрмат Алмазбек уулун милиция кызматкерлери кыйноого алганын далилдеген бир таңгак кагазды төрт жылга жакын убакыттан бери көтөрүп жүрөт. 2013-жылдын март айында уулу мурда иштеп кеткен машине жуучу жайда 3200 сом акча жоголуп, уурулукка шектелип кармалган. Ал кезде Эрмат 23 жашта эле.

- Милиционерлер жарандык кийим менен үйгө келишкен. Документтерин да көрсөтүшкөн жок. “Жумуш боюнча балаңыз менен сүйлөшөлү” деп айтышты. Мен аларга ишенип, үйгө кирип, көп өтпөй эле кайра көчөгө чыксам, уулум да, тигилер да жок.

Муканбаева: Кыргызстанда адам укугу көп бузулат

Кыргызстанда адам укуктары жана эркиндиктеринин азыркы абалы кандай? Кайсы маселелер көз жаздымда калып жатат?

​Көз жашын төккөн эненин айтымында, баласын алты киши алып кеткен. Кийинчерээк алардын төртөө Бишкектин Свердлов райондук Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери экени аныкталган. Алар менен жүргөн дагы эки киши жөнүндө маалыматтар жок. Денеси көгала болгон Эрмат милициядан ары ооруканага түшүп, 29 күн жаткан:

- Милиционерлер ушундай зомбулук көрсөтсө, анда бизге окшош бей-бечаралардын шору. Уулумду кыйнагандардын бири Таалай Өзтемиров 25-март күнү уулум жаткан ооруканага барып, мени коркуткан эле. “Чөнтөктө акчам толтура, артымда колдоочуларым бар. Сендейдин далайын көргөм” деп мени опузалап кеткен. Себеби, алар кыйноо тууралуу арызданбагыла дегенсип, бизге акча бермей болгондо, мен көнгөн эмесмин.

Соттун күтүүсүз чечими

Эрмат Алмазбек уулунун үй-бүлөсүнө “Кылым шамы” укук коргоо уюму юридикалык жардам көрсөтүп, иш менен ошол жылдын 22-апрелинен тарта адвокат Динара Медетова алектене баштаган.

Свердлов райондук соту милиционерлер Акболуш Каныбек уулун, Таалай Өзтемировду, Бактияр Кудайбердиевди жана Бактыбек Эркебаевди 2015-жылы күнөөлүү деп таап, алар жумуштан четтетилген жана 2 миллион сом компенсация төлөөгө милдеттендирилген.

Жабырлануучу тарап тартип сакчыларын катаалыраак жоопко тартууну сурап, Бишкек шаардык сотуна арыз жолдогон. Экинчи инстанция жаңы экспертиза дайындап, “милиционерлер күнөөсүз” деп чечим чыгарган. Адвокат бул боюнча Жогорку Сотко арызданып, ал чечим жокко чыгарылган жана кайра карап чыгуу үчүн шаардык сотко жөнөтүлгөн.

Бул аралыкта Эрмат Алмазбек уулу “адам өлтүрүүгө шектүү” деп камакка алынган. Андан бери темир тор артында. Жакындары муну милициянын атайын уюштурган өч алуусу катары сыпаттап жатышат. Адвокат Динара Медетованын айтымында, баласы үчүн күрөшүүдөн чарчаган эне Ак үй алдына чыгып өзүн өрттөөгө да аракет жасаган, бирок токтотуп калышкан:

- Эрматтын аёосуз кыйноого кабылганы боюнча бүт далилдер бар. Эми болсо, болсо биз үстүнөн жазган милиция кызматкерлери мага доомат артып жатышат. Мен алардан пара алуу максатында улам соттошуп жаткан экенмин. Эрмат сабалгандан соң “бир аптадан кийин эле адовкат бизден 4000 доллар сураган” деп көрсөтмө беришиптир. Мен болсо, сабоо болгондон кийин 20 күндөн кийин иш менен таанышып жатам.

Ички иштер министрлигинин жооптуу кишилери бул иш сотто болгондуктан, комментарий берилбей турганын, аны прокуратура иликтеп, чечимди сот чыгарарын белгилешет. Ал эми сот тармагындагылар чечим далилдүү фактыларга таянып чыгарыларын, утулуп калган тарап андан күмөн санаса, жогорку инстанцияларга кайрылууга акылуу экенин айтышат.

Айла кетсе, БУУга арыз жазылат

“Кылым шамы” укук коргоо уюму Эрмат Алмазбек уулунун окуясы боюнча сот кайра эле милиционерлерди актай турган болсо, Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары комиссиясына кайрылууну көздөп турат. Бул тууралуу уюмдун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди:

- Кыйноого кабылган адамдын алдында мамлекеттин үч милдети бар. Биринчиси - окуяны терең иликтеп, күнөөлүүнү жазага тартуу керек. Экинчиси - кыйноого кабылган адамды психологиялык реабилитациядан өткөрүшү керек. Үчүнчүсү - ошол адамга компенсация төлөнүшү шарт. Эгер бул үч милдеттин бири аткарылбай калса да, адам укугу толук корголду деп айта албайбыз.

Милициянын кыйноосуна каршы өткөн митингдердин бири. Бишкек, 2011-жыл.

Милициянын кыйноосуна каршы өткөн митингдердин бири. Бишкек, 2011-жыл.

Эл аралык укук коргоо уюмдары жыл сайын чыгарган баяндамаларында Кыргызстандын күч тармактарында жарандарга кыйноо колдонуу фактылары азайбай жатканын белгилеп келишет. 2008-жылы БУУнун Кыйноого каршы конвенциясына кошулгандан кийин, Кыргызстан бул жаатта атайын орган ачуу милдетин алган. 2013-жылы Кыйноого каршы улуттук борбор түзүлүп, ага абактагы мыйзамсыз көрүнүштөрдү алдын алуу милдети жүктөлгөн.

Милиция тармагындагылар да тартип сакчыларына элдин ишеними азайганын моюнга алып келишет. Бирок жаман жоруктар эле айтылып, жакшы иштер көз жаздымда калып жаткандыктан, аларды аёосуз кишилер катары сүрөттөө калыптанып калганын белгилешет.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, быйыл кыйноо фактысы боюнча 20га жакын кылмыш иши козголгон. Анын 11и сотко өткөрүлдү. 2014-жылы Жалал-Абадда эки милиционер кыйноо колдонгону үчүн 11 жылга камалышкан.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG