Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:58

30-октябрда Европа парламенттик ассамблеясынын депутаттары башкы прокурор менен жолугуп, Кыргызстандагы кыйноо фактылары боюнча пикир алмашты.

Кыргызстанда кыйноо фактыларынын саны азайганы менен, бирок күнөөлүүлөр жаза албай жатканын айтылууда.

Кыйноодон бузулган тагдыр

Малдыбай Асаналиевдин уулу 2004-жылы 23 жашында кыйноонун курмандыгы болот. Аны милиция кызматкерлери 9 күн кыйнап, 1999-жылы болгон адам өлтүрүү кылмышын моюнга алдырышат. Бирок акыры жүрүп ал Жогорку Соттон акталып чыккан. Антсе да толук акталып чыкканга чейин 9 жыл убакыт өтүп, анын беш жылга жакынын убактылуу тергөө абагында жатууга аргасыз болгон. Бул аралыкта окуусун уланта албай, ден соолугунан ажырап, келечегине балта чабылган уулунун тагдырын Малдыбай Асаналиев айтып берди.

- Беш милиция күнү-түнү сабай беришкен. Аргасын кетирип, күч колдонуп, тогуз күн кыйнашкан. Анан каалагандай көрсөтмө жаздырып алышкан. Ошол кезде Фучик көчөсүндө да бир адам өлтүрүү бар экен. Ошону да кошо “мойнуңа ал” дешкен. Кулагынын тарсылдагын ошондо жарып коюшкан. Азыр да оорукчан.

Адам укугун коргоочулар кыйноо фактылары милиция бөлүмдөрүндө кылмышка шектүүнү жаңы кармаган кезде болорун айтышат.

Европа депутаттары кыйноону талкуулады

30-октябрда Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын депутаттары башкы прокурор менен жолугуп, Кыргызстандагы кыйноо фактылары боюнча пикир алмашты. Алар ошону менен бирге өмүр бою абакка кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишине да кызыгышты. Жергиликтүү адам укугун коргоочулар жана эл аралык уюмдар Аскаров кыйноо фактысынын курмандыгы болгон деп, анын ишин кайра кароого чакырып келатат. Бирок Башкы прокуратура мындай пикирлерге макул эмес.

Аталган органдын маалымат кызматынын өкүлү Санжар Абжалов Башкы прокуратура кыйноо фактылары менен күрөшүп жатканын айтып, быйылкы тогуз айдын жыйынтыгына токтолду.

- Башкы прокурордун тескемесине ылайык, милиция бөлүмдөрүндө, убактылуу кармоо жайларда алдын-ала пландалбаган күтүүсүз текшерүүлөр болуп турат. Кээде күн сайын эртең менен жана кечинде болот. Быйыл 9 айда 2610 күтүүсүз текшерүү болгон жана 208 арыз-даттануу түшкөн. Алардын негизинде 11 кылмыш иши козголгон.

Башкы прокуратура мурдагы жылдарга салыштырмалуу кыйноо фактылары 30 пайызга азайганын кошумчалады.

Кырдаал өзгөрүп-өзгөрбөй турат

Анткен менен укук коргоочулардын айтымында, кыйноо фактылары орун алып жатканы менен “кыйноо” беренеси боюнча ушул кезге чейин бир да милиция кызматкери соттолгон эмес. Бейөкмөт уюмдар “кыйноо” беренеси сотто башка беренелерге алмашып калат десе, ИИМдин басма сөз катчысы Жоробай Абдраимов муну далилдин жоктугу менен түшүндүрдү.

- Биз мурдагыдай бири-бирибизди жаап жашырбай, кайсы бир кызматкер тарабынан ушундай фактылар жасалган болсо, анын бетин ачууга аракет кылабыз. Кыйноого жол бербөөгө аракеттенебиз. Ушул күнгө чейин ИИМдин бир да кызматкери сот жоопкерчилигине тартылган эмес.
Беш милиция күнү-түнү сабай беришкен. Аргасын кетирип, күч колдонуп, тогуз күн кыйнашкан.

“Эркиндик үнү” бейөкмөт уюмунун координатору Асел Койлубаева кыргыз бийликтери кыйноо фактыларына каршы күрөшүү ниеттерин билдиришкени менен анын натыйжасы көрүнбөйт дейт.

- Бизди кабатыр кылган жагдайлар бар. Жылдан-жылга кыйноо азаят десек, болбой эле кыйноо, зордук-зомбулуктар орун алып жатканы боюнча маалыматтар келип жатат. Биздин байкообуз боюнча кырдаал эч өзгөргөн жок.

Учурда коомдо чоң талкууну жараткан маселе - Караколдогу митинг учурунда кармалган адамдар уруп-сабоого кабылган деген сөздөр болууда. Ал 30-октябрда парламентте да талкууланып, бир катар депутаттар жана акыйкатчы укук коргоо органдарына чара көрүүнү Башкы прокуратурадан талап кылышты. Бирок баш прокурор Аида Салянова кармалган митингчилерди уруп-сабалган жок деп ишендирүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG