Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:10

Рухий боштук – экстремизмге өбөлгө


Диний китептер сатылган дүкөндөгү адаьияттар.
Диний китептер сатылган дүкөндөгү адаьияттар.

Диний экстремизм менен күрөш жүргүзүү милициянын милдети, тартип сакчылары катуураак иштесе эле баары жайында болот, экстремисттердин колунан эч нерсе келбейт деп көңүл тынчытуу жарабайт.

Анткени азырынча бул күрөш отоо чөптүн жалбырагын үзүп (баракчаларды тартып алып), анча-мынча сабагын кесүү (активисттерди камоо) менен гана чектелип калууда. Тамыры жулунбаган уулуу чөп ого бетер коолап-чоолап өспөйбү? Билим берүү мекемелеринин бул жааттагы жоопкерчилиги кандай болууга тийиш?

Мечит – мамлекет ичиндеги мамлекетпи?

Качкан да, кууган да кудайга жалынат – ууру кармалбай кутулуп кетсем деп тилейт, мал ээси кууп жетип сазайын берсем дейт. Дал ошол себептен "демократия", "адам укуктары", "эркиндик" ж.у.с. көп айтылып жүргөн сөздөрдү ар ким өз пайдасына тууралап чечмелеп келет. Үстүрт же такыр бир жактуу кабылданып жаткан бул түшүнүктөрдү бузукулар массалык алдамчылыктын куралы катары пайдаланууда. Ошондой бурмалоого дуушар болгон түшүнүктөрдүн бири – бул дин мамлекеттен ажыратылган деген жобо. Жарыкчыл (динге негизделбеген) мамлекетте диний уюмдар расмий саясатка аралашпоого тийиш деген эрежени айрымдар билбегендиктен, дагы бирөөлөр атайын эле теңирден тескери чечмелеп, мамлекет диний чөйрөнүн ишмердигине такыр көз салбашы керек деп жүрүшөт. Экстремизмдин тамыр жаюу коркунучтарынын бири ушул жакта.

Мечиттердин саны мектептерден ашып кетти деп өтө кооптонуунун, балким, кереги жок чыгар. Калайык динге улам көбүрөөк ишенип, кудайга сыйынып жатса, мунун эмнеси жаман? Аша чаппай, бөлөк диндерди тутунгандар менен диний жөрөлгөлөрдү аткарбагандарга сабырдуу мамиле жасап, үгүттү маданияттуу, сабаттуу жүргүзсө, коомдогу ынтымакты бекемдөөгө чындап умтулса, мечиттердин шарапаты зор болору анык.

Азыр "дааватка" (үндөөгө, чакырык жасоого, үгүт жүргүзүүгө) чыгабыз деп кызыккандар көбөйдү. Алардын көпчүлүгү өз иш-аракетинин тууралыгына чын ыкластан ишенет. Бул жаштарга борбордук мечиттин эле эмес, Билим берүү жана илим министрлигинин, университеттердин, жарандык коомдун жардамы, кеп-кеңеши зарыл болуп жүрбөсүн? Диний багыттагы окуу жайлар – медреселер, институттар ж.б. – кандай программалар боюнча билим берип жатат? Акыл эмгегинин гигиенасы эмес, эң зарыл санитардык талаптар да сакталбаган медреселер аз эмес. Түн ортосунда балдарды ойготуп алып келме жаттаткандары да бар, дааватка чыккандардын айрымдары да ушундай процесстен өткөрүлөт дешет.

Болочок имамдардын жарандык коомдон, илимий, маданий чөйрөдөн такыр обочолонуп калышына жол бербөө керек. Ырас, Нуржигит Кадырбеков жетектеген «Ыйман» коомдук фонду соңку кезде имамдарды окутуу, аларга стипендия төлөө боюнча баштаган иши – жакшы саамалык. Бирок татаалдашып, дин жаатындагы чиеленишип кеткен маселелерди чечүүгө жалгыз эле бул уюмдун күчү жетпестиги анык.

Эгин эгилбей кароосуз калган жерге коко тикен чыгат

Экстремисттик маанайдын жайылышына шарт түзүшү ыктымал болгон эң башкы жагдай – бул социалдык адилетсиздик. Халифат же дагы башка түрдөгү динчил мамлекет курулса, тырмактай да арамдыкка жол берилбейт деп үгүттөгөндөрдүн сөзүн төгүнгө чыгаруучу мисалдар толуп жатат. Бирок миң үгүттөн көзгө көрүнөрлүк бир иштин таасири артык. Албетте, бардык адамдардын материалдык абалы бирдей болсун деген теңдемечиликке кайта албайбыз. Ошентсе да, ар ким жөндөмүнө, ак эмгегине жараша баар табышы үчүн мамлекет мителикти (паразитизмди) жоё албаса да, азайтууга тийиш.

Жашоо шартынын оордугунан тышкары экстремизмдин жайылышына өбөлгө түзүшү ыктымал болгон дагы бир өксүк – бул рухий боштук. Маалымат сели агызып келаткан зыяндуу көрүнүштөргө – мыкаачылыкты, бузукулукту, сойкулукту, баңгиликти жаштарга таңуулаган фильмдерге, оюндарга, жасалма "салттарга", "майрамдарга" кантип бөгөт коюуга болот? Видео, оюн залдарын, Интернет-кафелерди, түнкү клубдарды бүт бойдон жаап салуу кыйынга турар, мунун зарылчылыгы деле жоктур. Анын үстүнө "жебегин деп тыйган тамакты ого бетер жегиң келет" деп орус туугандар айткандай, азгырык жашыруун деле улантыла бериши мүмкүн.

Менин бир досум чоңоюп калган балдары компьютердик оюндарга ашкере берилип кеткенин байкап, спорттук секцияга өзү баштап барды. Дагы бир юрист таанышым мечитке барып намаз окуган жаштар жаман жолго азгырылбай, өздөрүн катуу кармай алат дейт. Ушундайлар да бар. Бирок адамдын инсандык жетилиши, рухий муктаждыгынын канааттандырылышы үчүн булар дайым эле жетиштүү боло бербеси анык. Анын үстүнө чала молдого кез келип, дин жөнүндө такыр тайыз, примитивдүү түшүнүк алып калса, мунун зыяны баңгизаттан да жаман.

Аз болсо – дары, көп болсо – уу

Социализмдин атасы Карл Маркстын "Дин – элдин аң сезимин ууктуруучу апийим" деген сөзүнө таянып, СССРде 70 жыл бою үстөмдүк кылган атеисттик идеология да өзүн актай алган жок. Кошуна Өзбекстанда экстремисттик кыймылдар күч алып кетишине кезинде Каримовдун өтө өкүмзор саясаты да себеп болгондур? Аша чабуунун, өтө катаал тыюунун арты – чектен чыгуу. Чайнектин капкагына таш бастырып, чоргоосун бекем бүтөп коюп кайнатса, ал сөзсүз жарылат. Албетте, жер ээн болсо, доңуз дөбөгө чыгарын, б. а. анархия артынан диний же дагы башка ураандарга жамынган диктарторлук режимди ээрчитип келиши ыктымал экендигин да унутпоо керек.

Адамдын жокко чыгарып коюуга болбос муктаждыктары бар. Башкаларга зыяны тийбеши үчүн оң жолго багыттап, инсандын жетилүүсүнө шарт түзбөсө, бул даана аңдап билинбеген муктаждыктар басмырланып, бурмаланып (шириге такалып, кайра мээге сайылган маңкурттун чачындай болуп), ар кандай опурталдуу кадамдарга түртүшү мүмкүн. Жаштар ойногусу келет, көп нерсеге кызыгат, көңүл ачып, көпчүлүк барган жерде болууну каалайт.

Азыр көпчүлүк эл илгеркидей китеп окубай калды. Адабияттын таасир чөйрөсү бир аз убакыттан кийин кайра кеңейиши мүмкүн. Бирок баары бир мындан ары телевизор, Интернет негизги маалымат каражаттары бойдон кала берет окшойт. Андыктан оюн залдардагы программаларга цензура орнотуп, Интернеттен пайдалануунун жаштар жана өспүрүмдөр үчүн эрежелерин иштеп чыгуу зарыл деп ойлойм. Бүт бойдон же негизинен окутуу, таанып билүү багытындагы программалар менен иштеген компьютердик залдарга, Интернет-кафелерге салык жагынан жеңилдик берип, жашы жете электерди видеого, мыкаачы кылып тарбиялоочу виртуалдык оюндарга азгыргандарды жазалоо ченемдерин мыйзам аркылуу аныктоо зарыл.

Мектепте диндердин тарыхы илимий негизде окутулушу керек. Диний окуу жайларда окугандар милдеттүү өздөштүрүшү керек болгон илимий түшүнүктөрдү Билим берүү жана илим министрлиги аныктоого тийиш. Мисалы, тарыхый прогресс, жарандык коом, демократия, эстетика, көркөм табит, логика, диалектика, "алтын эреже", Канттын категориялык императиви, укук-милдет теңдештиги, эркиндик жана жоопкерчилик ж.у.с.

Жолдош Турдубаев, публицист

PS: Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.​ ​
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG